Coolfort CF-3420 Инструкция по эксплуатации онлайн [20/28] 811802

Coolfort CF-3420 Инструкция по эксплуатации онлайн [20/28] 811802
20
КЫРГЫЗ
БУУ СТАНЦИЯСЫ CF-3420
Буу станциясы буу менен, кургак үтүктөөгө жана
кийимдерди, кездемелерди вертикалдуу бууга кармоого
арналган.
СЫПАТТАМА
1. Үтүк
2. Ысытуунун индикатору
3. Үтүктүн таманы
4. Өзүн өзү тазалоо «SELF CLEAN» баскычы индикатору
менен
5. Бууну берүүнүн баскычы
6. Тутка
7. Температураны жөндөгүч
8. Станцияны иштетүү/өчүрүү баскычы индикатору менен
9. Буу ийкем түтүгү
10. Тармактык шнуру
11. Станция
12. Буу түтүгүн сактоо жайы
13. Суу үчүн идиши
14. Суу үчүн идиштин туткасы
15. Үтүктүн бекитмесин чечүү баскычы
16. Үтүктү бектүү баскычы
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында потенциалдуу
иштеткен тогу 30 мА ашырбаган коргоп өчүрүүчү
түзмөгүнүн (КӨТ) орнотулушу максатка ылайыктуу,
аспапты орнотуу үчүн адиске кайрылыңыз.
КООПСУЗДК ЧАРАЛАРЫ
Буу станциясын пайдалануудан мурун колдонмону көңүл
коюп окуп-үйрөнүп, маалымат катары сактап алыңыз.
Шайманды түздөн-түз арналышы боюнча гана, ушул
колдонмодо баяндалганга ылайык колдонуңуз. Түзмөктү
туура эмес пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучуга
же колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши
мүмкүн.
Шайманды иштеткенден мурун шаймандын иштөөчү
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна ылайык
болгонун текшерип алыңыз.
Электр шнуру «европалык сайгычы» менен жабдылган;
аны бекем жердетүү контакты бар розеткасына
туташтырыңыз.
Өрт коркунучун жоюу үчүн аспапты электр розеткасына
туташтырганда кошуучу түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
Электр тармагына күч келип кетпеши үчүн электр
кубатын көп керектеген бир нече шайманды бир эле
маалда сайганга болбойт.
Таразаны имараттардын сыртында колдонбоңуз.
Шайманды аэрозолдорду чачкан же жеңил жалындап
кетүүчү суюктуктар колдонулган жерлерде колдонбоңуз.
Буу станциясын жалпак, туруктуу беттин үстүндө
колдонуу жана сактоо зарыл.
Шайманды колдонуунун алдында электр шнурун, буу
ийкем түтүгүн көңүл буруп изилдеп, бузулуулары жок
болгонун текшерип алыңыз. Электр шнурунун же буу
ийкем түтүгүнүн бузулууларын тапсаңыз, шайманды
колдонбоңуз.
Шайманды суу толтурулган идиштердин жанында,
ашкана раковинанын тикеден тике жакынчылыгында
же бассейндин жанында колдонбоңуз.
Түзмөк сууга түшкөн болсо, дароо тармактык айрысын
электр розеткасынан сууруп, андан кийин гана түзмөктү
суудан чыгарсаңыз болот.
Тармактык шнурун же буу түтүкчөнү ысык беттерге же
эмеректин учтуу кырларына тийгизбеңиз.
Түзмөктү электр тармагында сайылганда, аны кароосуз
таштаса болбойт. Түзмөктү тазалаган жана колдонбогон
учурларда аны ар дайым электр тармагынан суруңуз.
Суу чукурун суу менен толтуруунун алдында сайгычын
розеткадан ажыратуу зарыл.
Буу станциясынын корпусуна, үтүккө, электр шнуруна
жана тармактык шнурдун айрысына суу колуңуз менен
тийбеңиз.
Ток урбас үчүн буу станциясынын корпусун, үтүктү,
электр шнурун жана тармактык шнурдун айрысын сууга
же башка суюктуктарга салбаңыз.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ! Ысык бети.
Үтүктүн таманы жана буу станциянын корпусунун
өзүнчө бөлүктөрү иштөө убагында ысыйт. Күйүк
албоо үчүн дененин ачык жерлерин ысык беттерге
тийгизбеңиз, үтүктүн таманынын тешиктеринен
чыгып жаткан буудан сак болуңуз.
Суу куюлуучу чукурга жыттуу суюктуктарды, сиркени,
крахмал эритмесин, кебээрди кетирүүчү реагенттерди,
химиялык каражаттарды ж. б. куюуга тыюу салынат.
Бойлердин корпусунда орнотулган чукурду суу менен
толтурганда ар дайым тармактык шнурдун айрысын
электр розеткасынан суруңуз.
Чыгып турган бууну адамга же жаныбарларга багыттоого
тыюу салынат.
Үтүктүн тамандын бузулуусуна жол бербөө үчүн
металлдан жасалган сыдырмалары же топчулары бар
нерселерди үтүктөгөндө этият болуңуз.
Тыныгууларда үтүктү буу станциясына орнотуңуз же
үтүктү түбүнө коюңуз. Үтүктү түпкүчкө койгондо түпкүч
турган бети туруктуу болгонуна ынаныңыз. Иштетип
бүткөндө үтүктү буу станциясынын аянтчасына орнотуп,
блокирлөө баскычын басып, аны бекитип алыңыз.
Түзмөктү электр тармагынан суурганда аны шнурду
кармап эч качан тартпаңыз, айрысынан кармап
розеткадан чыгарыңыз.
Чукурдагы сууну түзмөктү өчүрүп, аны электр тармагынан
ажыраткандан кийин гана төгүңүз.
Шайманды мезгилдүү түрдө тазалап туруңуз.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары колдонулган
полиэтилен баштыктарды кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Балдарга полиэтилен баштыктары же
таңгактоочу пленка менен ойноого уруксат бербеңиз. Бул
тумчугуунун коркунучун жаратат!
Түзмөк иштеген учурда балдарга түзмөктүн корпусун,
электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын тийгенге
уруксат бербеңиз.
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени үчүн
аларга көз салуу зарыл.
Иштеп жаткан шаймандын жанында балдар же
мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жүрсө, өтө этият
болуңуз.
Бул түзмөк балдар колдонгону үчүн арналган эмес.
Шайман иштеп турганда же иштөө циклдердин арасында
аны балдар жетпеген жерде сактаңыз.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси жагынан
жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун ичинде балдар да)
адамдар же колдонуу боюнча тажрыйбасы же билими
жок болгон адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же нускамалоо
болбосо колдонуу үчүн ылайыкташтырылган эмес.
Түзмөктү жердетилген розеткага сайыңыз. Узарткычты
колдонгондо ал жердетүүсү бар 16 А розеткасы менен
жабдылганын текшериңиз.
Электр шнурунун бүтүндүгүн мезгилдүү түрдө текшерип
туруңуз.
Скачать