Era CНК-1000-УЦ 140-260В/220В 1000ВА Руководство по эксплуатации онлайн [10/16] 784015
![Era CНК-1000-УЦ 140-260В/220В 1000ВА Руководство по эксплуатации онлайн [10/16] 784015](/views2/2015767/page10/bga.png)
1. Турукташтыргычтын арналышы
Чыңалуунун ЭРА турукташтыргычын тандагандыңыз үчүн Сизге рахмат.
Чыңалуунун ЭРА турукташтыргычы үй тиричиликке арналган жүктөмдөрдүн тармактык чыңалуусунун
маанилеринин четтөөлөрүндө азыктын туруктуу бир фазалуу чыңалуусун сактоо үчүн арналган.
2. Чыңалуунун турукташтыргычын тандоо
Чыңалуунун турукташтыргычын тандоодо көңүл бура турган негизги баштапкы берилмелер:
• кирүүчү чыңалуулардын диапазону;
• турукташтыргычтын толук кубаттуулугу;
• жүктөмдүн керектөө кубаттуулугу.
Турукташтыргычты тандоодо биринчи кадам болуп анын кубаттуулугун эсептөө саналат. Сиз кандай
электр жабдууну: бир шайманды, шаймандардын тобун (тармактагы чыңалунун өйдө-ылдый болуусун
көбүрөөк сезгич) же болгон үй (кеңсе) техникасын коргошуңуз керектигин аныктооңуз зарыл. Андан кийин
турукташтыргычка туташтырылуучу электр керектөөчүлөрдүн суммалык кубаттуулугун эсептөөнүз зарыл.
Чыңалуунун турукташтыргычынын кубаттуулугун тандоонун негизги шарты- ага туташтырылуучу
жүктөмдүн суммалык кубаттуулугу турукташтыргычтын өзүнүн кубаттуулугунан ашпоого тийиш (каршы
учурда турукташтыргычтын автоматикасы аларды оңой эле өчүрөт). Так маанилерди Сиздин анык
керектөөчүңүздүн паспорттук берилмелеринен гана билсеңиз болот.
Мындан ары электр кыймылдаткычтары менен керектөөчүнүн толук кубаттуулугун эсептөө үчүн Активдүү
жана Реактивдүү жүктөм деген түшүнүктөрдү киргизүү зарыл. Активдүү жүктөм ватт менен өлчөнөт.
Жүктөмдүн бул түрүнүн керектелүүчү электр энергиясы, энгергиянын башка, мисалы: жылуулук же жарык
(телевизорлор, жуугуч аспаптар, үтүктөр ж.б.) түрлөрүнө айланат. Реактивдик жүктөм (бул калган бардык
жүктөмдөрдүн түрлөрү) индуктивдик жана сыйымдуулуктук жүктөмдөн турат. Ошентип, толук кубаттуулукту
(ВА) жана активдүү кубаттуулукту (Вт) дайыма Cos(Fi) коэффициенти байланыштырып турат. Мисалы,
электр кыймылдаткычтуу (үй тиричилик техникасы, электр аспабы), каалаганадай шайман үчүн толук
керектөө кубаттуулугун эсептөө үчүн белгилүү бир эреже колдонулат. Ушундай түзмөктөрдө, ватт менен
активдүү болгон кубаттуулук маркирленип көрсөтүлөт. Мисалы, чаң соргуч үчүн 1000 Вт кубаттуулук
көрсөтүлгөн. Эгерде шайманда коэффициент көрсөтүлбөсө, анда аны жакындатылган 0,7 катары кабыл
алуу керек, анын толук кубаттуулугун (ВА), активдүу кубаттуулугун коэффициентке бөлүү керек. 1000/0,7 =
1428 ВА алабыз. Бул учурда түзүлүшүндө электр кыймылдаткычтары караштырылган керектөөчүлөр үчүн,
керектөөчүнүн паспортунда, заматта номиналдан 3-7 маанилерине жете турган, ишке киргизүүчү токторду
эсептебестен анын номиналдуу кубаттуулугу көрсөтүлгөндүгүн эске алуу маанилүү. Туташтырылуучу
жүктөмдүн жалпы кубаттуулугу ошондой эле турукташтыргычтын кирүүсүндөгү чыңалуудан да көз каранды
болот. Сиз кубаттуулук жөнүндөгү берилмелерди кийинки графиктен болжолдуу алсаңыз болот:
25-30% жүктөмдүн кубаттуулугу боюнча көрөңгөсү менен чыңалуунун турукташтыргычынын моделин
тандоо сунуш кылынат. Биринчиден, Сиз турукташтыргычтын “аёочу” иш режимин камсыз кыласыз,
аны менен кызмат мөөөнөтүн көбөйтүп, экинчиден, кошумча жабдууну туташтыруу үчүн кубаттуулуктун
булагын өзүңүзгө түзөсүз.
3. Турукташтыргычты пайдаланууда сактык чаралары
Тыюу салынат:
• Турукташтыргычты өз алдыңызча чачууга жана чачылган абалда тармакка туташтырууга
• Турукташтыргычты ашыкча жүктөөгө. Турукташтыргычты узак убакытка ашыкча жүктөө анын тезден
өчүүсүнө жана анын кызмат мөөнөтүнүн кыскарышына, бузулушуна алып келет.
• Турукташтыргычты жердетүүсүз туташтырууга
• Жарылууга кооптуу же химиялык активдүү чөйрөсү менен орунжайларда, ошондой эле нымдын таасир
берген шарттарында (суунун конденсатынын пайда болушу), ачык жерлерде иштөөсүнө жол берүүгө
• Турукташтыргычты каалагандай нерселер менен жабууга, желдетүүчү тешиктерди жабууга,
турукташтыргычка бардык суюктуктарды куюга жол берүүгө
• Күйүп жаткан изоляцияга мүнөздүү түтүн, жыт пайда болгондо, катуу добуш чыкканда (иштеп жаткандагы
чыкылдактар-анын иштешинин мүнөздүү өзгөчөлүгү жана бузук болуп эсептелинбейт), корпусу
сынганда же анда жаракалардын пайда болуусунда, турукташтыргычтын кабелинин зыянга учуроосунда
турукташтыргычты пайдаланууга.
4. Туташтыруу тартиби жана иштөө шарттамы
Тармактык кабелди үй тиричилик тармагына туташтырып, ал эми турукташтыргычтын розеткасына
керектөөчүлөрдү туташтырыңыз. Турукташтыргычтын үстүнкү бетинде 7 күйгүзүүнү кечиктирүүнүн 6 же
180 с (түзүлушүндө электр кыймылдыаткычтар караштырылган керектөөчүлөрдү турукташтыргычка
туташтырууда, күйгүзүүнүн 180 с кечиктирүүсүн тандоо сунуш кылынат, бул ушундай керектөөчүлөрдүн
кызмат мөөнөтүн узартат) чоңдугун тандаңыз. Турукташтыргычты күйгүзүү үчүн каптал жагындагы 1
өчүргүчтү «КҮЙ» абалына келтириңиз. Кириш чыңалуусун жол берилген чектерде коюуда, турукташтыргыч
кечиктирүү убакыты бүткөндөн кийин ага туташтырылган электр жабдууга кайрадан азык берет.
Турукташтыргычтын ченемдүү иштеген учурунда 3 индикатору күйөт. Турукташтыргыч тандалган
күйгүзүүнүн кечиктирүү убакытын саноо режиминде болгондо 4 индикатору үзгүлтүктүү күйөт (бул учурда
СНК-…-Ц моделдеринин дисплейинде, турукташтыргыч өзүнө туташтырылган аспаптарга азык бергенге
чейинки калган убакыт секунд менен көрсөтүлөт). 5 индикатору кирүүчү чыңалуу жол берилген диапазондун
чегинен чыккан учурда күйөт. Бул учурда аспаптарга чыңалуу берүү өчөт (СНК-…-Ц моделдеринин
дисплейинде азыкты өчүрүүдөн мурда «H» - кириш чыңалуу жогору «L» - кириш чыңалуу төмөн символу
көрсөтүлөт). Кирүүчү чыңалууну баалоо үчүн 6 баскычын колдонсо болот. Кирүүчү чыңалууну жол берилген
чектерде (№1 таблицаны кара) орнотууда, турукташтыргыч тандалган кечиктирүүнүн убакытын санагандан
кийин ага туташтырылган керектөөчүлөргө азык берүүнү кайрадан баштайт. Турукташтыргычтын ашыкча
KG
Содержание
- Снк 500 м ц снк 1000 м ц снк 1500 м ц снк 2000 м ц 1
- Технические характеристики техникалық сипаттамалары техникалык мүнөздөмөлөрү տեխնիկական բնութագրիչներ 3
- График зависимости мощности нагрузки от входного напряжения жүктеме қуатының кіру кернеуінен тәуелділік кестесі жүктөмдүн кубаттуулугунун кириүүчү чыңалуудан көз карандылыгынын графиги բեռնվածության հզորության կախվածության գրաֆիկը մուտքային լարումից 4
- Модели снк м 5
- Модели снк ц 5
- Гарантийный ремонт производится при наличии у покупателя правильно и четко заполненного гарантийного талона кепілді жөндеу сатып алушыда дұрыс және айқын толтырылған кепілдік талоны болған жағдайда кепилдик оңдоо сатып алуучунун туура жана так толтурулган кепилдик талону болгондо гана жүргүзүлөт երաշխիքային նորոգումն իրականացվում է գնորդի մոտ ճիշտ և հստակ լրացված երաշխիքային կտրոնի առկայության դեպքում 14
- Гарантийный талон кепілдік талоны кепилдик талону երաշխիքային կտրոն 14
- Отметка о проведённом ремонте заполняет сотрудник сервисного центра жүрізілген жөндеу туралы белгі сервистік орталықтың қызметкері толтырады жүргүзүлгөн оңдоо тууралуу белгилөө кызмат көрсөтүү борборунун кызматкери толтурат նշում կատարված նորոգման մասին լրացնում է սպասարկման կենտրոնի աշխատակիցը 14
- Подпись покупателя сатып алушының қолы сатып алуучунун кол тамгасы գնորդի ստորագրությունը 14
- С условиями гарантии ознакомлен а к комплектации и внешнему виду товара претензий не имею кепілдік шарттарымен таныстым тауардың жиынтықтамасына және сыртқы түріне шағымым жоқ кепилдиктин шарттары менен тааныштым товардын топтомдолушуна жана сырткы көрүнүшүнө дооматым жок ծանոթացել եմ երաշխիքային պայմաններին ապրանքի լրակազմի և արտաքին տեսքի վերաբերյալ պահանջներ չունեմ 14
- Отметка о проведённом ремонте заполняет сотрудник сервисного центра жүрізілген жөндеу туралы белгі сервистік орталықтың қызметкері толтырады жүргүзүлгөн оңдоо тууралуу белгилөө кызмат көрсөтүү борборунун кызматкери толтурат նշում կատարված նորոգման մասին լրացնում է սպասարկման կենտրոնի աշխատակիցը 15
- Www eraworld ru 16
Похожие устройства
- Era CНК-1500-УЦ 140-260В/220В 1500ВА Руководство по эксплуатации
- Era CНК-2000-УЦ 140-260В/220В 2000ВА Руководство по эксплуатации
- Era CНК-500-УЦ 140-260В/220В 500ВА Руководство по эксплуатации
- Бюрократ CH-608/FABRIC-RED Руководство по эксплуатации
- Бюрократ CH-608/FABRIC-DBLUE Руководство по эксплуатации
- Бюрократ CH-340M/VELV88 Руководство по эксплуатации
- Zitrek Green 16.8-Li-ion Руководство по эксплуатации
- Zitrek Green 12-Li-ion Руководство по эксплуатации
- Deko DKAG1400W Инструкция по эксплуатации
- Deko DKID650W Руководство по эксплуатации
- Deko DKJS900 PRO Руководство по эксплуатации
- Deko DKID650W / DKAG650W / DKJS650 Руководство по эксплуатации
- Deko DKCW125 Руководство по эксплуатации
- Deko DKCW170 PRO Руководство по эксплуатации
- Zitrek GreenCut 12 Руководство по эксплуатации
- Бюрократ T-9950SL/VELV73 Руководство по эксплуатации
- Бюрократ T-9950SL/ALFA44 Руководство по эксплуатации
- Бюрократ T-9950SL/LT-20 Руководство по эксплуатации
- Бюрократ T-9927WALNUT-AV/MUST Руководство по эксплуатации
- Бюрократ T-9926WALNUT/BLACK Руководство по эксплуатации