Centek белый + рисунок + золото, 4.0 л, 2100 Вт, поддержание температуры + LED индикатор, керамический заварочный чайник 1 л CT-0092 A Инструкция онлайн [10/16] 840819
![Centek белый + рисунок + золото, 4.0 л, 2100 Вт, поддержание температуры + LED индикатор, керамический заварочный чайник 1 л CT-0092 A Инструкция онлайн [10/16] 840819](/views2/2076000/page10/bga.png)
- Самовардын капкагын орнотуңуз жана анын үстүнө чай демдеген
чайнекти орнотуңуз.
- Шайманды электр камсыздоо тармагына туташтырыңыз. Өчүргүчтү
«Күйүүк» («I») абалына которуңуз. Алдыңкы панелдеги LED көрсөткүчү
күйөт. Кайнагандан кийин самовар автоматтык түрдө өчүп калат. Көр-
сөткүчү өчөт.
- Самовардан кайнак суу куйгандан мурун, суу быркылдабай калганча
күтө туруңуз. Өчүргүч, суу кайнагандан кийин, «Күйүк» («I») абалында,
бир нече секундага чейин турбайт. Өчүргүчтү «Куйүк» («I») абалында
мажбурлап кармабаңыз! Кайнап жаткан сууну каалаган убакта өчүргүчтү
«Өчүк» («О») абалына буруп, өчүрсө болот.
- Суу менен камсыз кылуу үчүн, кружканы суу куюучу мурдунун астына
коюңуз жана туткасын бураңыз.
ТЕМПЕРАТУРАСЫН САКТОО ФУНКЦИЯСЫ
Самоварды ысытып бүткөндөн кийин, аны температурасын сактоо режими-
не өткөрсө болот. Күйгүзүү үчүн, ысытуу функциянын күйгүзүү баскычын
(11) басыңыз. Бир эле сууну кайталап кайнатууга сунушталбайт.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Самовардын капкагын, самовар өчүрүлүп турганда гана, ачыңыз. Самовар
иштеп жатканда, капкагын ачпаңыз жана күйүп кетпеши үчүн, чыккан
ысык буу теринин ачык жерлерине тийишине жол бербеңиз.
СУУСУЗ КҮЙҮҮДӨН КОРГОО
Самовар кокусунан суусуз же жетишсиз суу менен куйгүзүлгөндө автомат-
тык түрдө өчүрүп салуучу тутуму менен жабдылган. Коргоочу тутум иштеп
кеткен учурда, самоварды электр кубатынан ажыратыңыз жана 15 мүнөт
муздатыңыз. Мындан кийин шайманды иштетүүнү уланта берсеңиз болот.
Коргоо тутуму иштеп кеткен учурда, жагымсыз жыт пайда болушу мүмкүн.
6. ШАЙМАНГА КАМ КӨРҮҮ
АКИТАШТЫ ЖОК КЫЛУУ
Иштөө учурунда суудагы минералдык заттар самовардын ички бетине
топтолушу мүмкүн, бул самовардын эффективдүүлүгүн төмөндөтөт жана
шайман иштеп жатканда ызы-чууну көбөйтөт. Суусуз күйгүзүүдөн кор-
гоо, эгер самоварда акиташ жок болсо, натыйжалуу иштейт. Акиташтын
өлчөмү суунун катуулугуна байланыштуу болот. Тиешелүү каражаттарды
колдонуп, акиташты үзгүлтүксүз тазалап туруңуз. Акиташты кетирүү үчүн
өндүрүүчүлөрдүн көрсөтмөлөрүн аткарыңыз. Ошондой эле алсыз лимон
кислотасынын же уксусунун концентратын колдонсо болот. Конценратты
жогору кылууга аракет кылбаңыз, бул шаймандын агып кетүүсүнө алып
келиши мүмкүн.
ТАЗАЛОО
- Тазалоонун алдында, шайманды сөзсүз электр тармагынан ажыратып коюңуз!
- Керек болгон учурда, самовардын тышкы бетин, тазалоочу каражаттарды
кошпостон, нымдуу чүпүрөк менен аарчыңыз.
- Самоварды сууга батырбаңыз.
- Шайманды тазалоо үчүн абразивдүү тазалоочу каражаттарды жана
эриткичтерди колдонбоңуз.
7. ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨР
- Чыңалуу: 220-240 В ~50/60 Гц
- Максималдуу көлөмү: 4,0 л
- Чай демдеген чайнектин көлөмү: 1,0 л
- Күчтүүлүк: 1750-2100 Вт
8. АЙЛАНА ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО, ШАЙМАНДЫ УТИЛЬДЕШТИРӨӨ
Кутусу жана шайман өзү кайра иштетилүүчү материалдардан
жасалган.
Мүмкүн болушунча аларды кайра иштетилүүчү материалдар
үчүн жасалган
идишке таштаңыз.
9. КҮБӨЛҮК ЖӨНҮНДО МААЛЫМАТ, КЕПИЛДИК МИЛДЕТТЕНМЕСИ
Бул өнүмдүн иштөө мөөнөтү акыркы колдонуучуга сатылган
күндөн
баштап 5 жыл түзөт, шайман ушул эксплуатациялык
көрсөтмөлөргө жана
колдонулуп жаткан техникалык стандарттарга
ылайык так колдонулса.
Шаймандын чыгарылган күнү катардагы
номерде көрсөтүлөт (2 жана 3
белгиси – жылы, 4 жана 5 белгиси –
өндүрүш айы). Иштөө мөөнөтү аякта-
ганда, жакынкы ыйгарым укуктуу
тейлөө борборуна кайрылып, шайманды
андан ары пайдалануу боюнча
сунуштарды алыңыз. Кепилдик жана
кепилдиктен кийинки тейлөө
«Ларина-Сервис» жалпы тейлөө борбору
тарабынан жүргүзүлөт.
Краснодар шаары, тел.: +7 (861) 991-05-42. Кыргыз
республикасындагы
сатып алуучулардын дооматтарын кабыл алат турган
жана өнүмдөрдү
оңдоо жана тейлөө ишин ашырган уюмдун дарегинде
жана https://
centek.ru/servis веб – сайтында көрсөтүлгөн. Продукциянын шайкештик
сертификаты бар:
№ ЕАЭС RU С
-
CN.НА46.В.01502/21, 02.08.2021 ж:
10. ӨНДҮРҮҮЧҮ ЖАНА ИМПОРТТОЧУ ЖӨНҮНДО МААЛЫМАТ
Импорттоочу: ООО «Ларина-Электроникс». Дарек: Россия, 350080,
г.
Краснодар, ул. Демуса, 14. Тел.: +7 (861) 2-600-900.
УРМАТТУ КЕРЕКТӨӨЧҮ!
Бардык түзмөктөрдүн кепилдик мөөнөтү акыркы керектөөчүгө сатыл-
ган күндөн баштап 12 ай. Ушул кепилдик купону менен өндүрүүчү бул
шаймандын жарактуу экендигин ырастайт жана өндүрүүчү тарабынан
келип чыккан бардык бузууларды акысыз жоюу милдетин алып жатат.
КЕПИЛДИК ТЕЙЛӨӨ ШАРТТАРЫ
1. Кепилдик каттоонун төмөнкү шарттарын эске алуу менен жарактуу:
• баштапкы өндүрүүчүнүн кепилдик баракчасын туура жана так толтуруу,
модельдин атын көрсөтүү, модельдин сериялык саны, сатылган күнү
жазылса, ар бир кепилдик талонунда сатуучу фирманын штампы, сатуучу
фирманын өкүлунүн колу бар болсо.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда, же алардагы
маалыматтар толук эмес, окулбай турган, карама каршы келген учурда,
өндүрүүчү кепилдик кызматынан баш тартууга укуктуу.
2. Кепилдик төмөнкү иштөө шарттарын эске алуу менен жарактуу:
• шаймандын колдонуу көрсөтмөсүнө ылайык так колдонуу;
• эрежелерди жана коопсуздук талаптарын сактоо.
3. Кепилдик мезгил-мезгили менен техникалык тейлөө, тазалоо, орнотуу,
шайманды ээсинин үйүндө жөндөө камтылбайт.
4. Кепилдикке кирбеген учурлар:
• механикалык зыян;
• шаймандын табигый эскириши;
• иштөө шарттарын сактабоо же ээсинин туура эмес аракеттери;
• туура эмес орнотуу, ташуу;
• табигый кырсыктар (чагылган, өрт, сел ж.б.), ошондой эле сатуучуга
жана өндүрүүчүгө тийешеси болбогон башка себептер;
• шаймандын ичине бөтөн заттардын, суюктуктардын, курт-кумурска-
лардын кирип кетиши;
• уруксатсыз адамдар тарабынан оңдоо же структуралык өзгөрүүлөр;
• шайманды кесиптик максаттарда колдонуу (жүк ички керектөөнүн
деңгээлинен ашат). Шайманды мамлекеттик техникалык стандарттарга
ылайык болбогон телекоммуникация жана кабелдик тармактарга кошуу;
• буюмдун төмөнкү аксессуарларын иштен чыгышы, эгерде аларды ал-
маштыруу долбоордо каралса жана буюмду демонтаждоо менен бай-
ланышпаса:
а) узактан башкаруу пульттар, аккумулятордук кубаттагычтар,
батарейкалар, тышкы кубат берүүчү жана кубаттагычтар;
б) сарпталуучу материалдар жана аксессуарлар (чехол кутусу, курлар,
баштыктар, торлор, бычактар, колбалар, табактар, жээкчелер, решёткалар,
вертелдер, шлангдар, түтүктөр, щёткалар, тиркемелер, чаң жыйноочулар,
чыпкалар, жыт сиңиргичтер);
• батарейкалар менен иштеген шаймандар үчүн - жараксыз же түгөнгөн
батарейкалар менен иштөө;
• батарейка менен иштеген шаймандар үчүн - батарейкаларды кубаттоо
эрежелеринин бузулушунан келип чыккан ар кандай зыян.
5. Берилген кепилдик өндүрүүчү тарабынан кошумча колдонулат жана
керектөөчүнүн колдонуудагы мыйзамына ылайык укуктарын эч кандай
чектебейт.
6. Өндүрүүчү TM CENTEK тин өндүрүшү адамдарга, үй жаныбарларына,
керектүү мүлкүнө жана/же керектөөчүлөрдүн жана/же башка үчүнчү
адамдардын этиятсыз аракеттерине (аракетсиздигине), форс-мажордук
жагдайларга түздөн-түз же кыйыр түрдө келтирилген зыян үчүн жооп
бербейт.
Похожие устройства
- Centek черный + рисунок + золото, 4.0 л, 2100 Вт, поддержание температуры + LED индикатор, керамический заварочный чайник 1 л CT-0092 B Инструкция
- DGM BP-05D Инструкция к DGM BP-05D
- CALPEDA A 40-110B/A 230/400/50 Hz 100369700 Инструкция по эксплуатации A
- CALPEDA A 40-110B/A 230/400/50 Hz 100369700 Каталог на серию A
- CALPEDA A 80-170A/A 400/690/50 Hz 100398057 Инструкция по эксплуатации A
- CALPEDA A 80-170A/A 400/690/50 Hz 100398057 Каталог на серию A
- CALPEDA AM 50-125AE 230/50 Hz 100501753 Инструкция по эксплуатации A
- CALPEDA AM 50-125AE 230/50 Hz 100501753 Каталог на серию A
- ECO GFI-13P Инструкция к ECO GFI-13P
- GIDRO FORCE ATPS-130 Инструкция к GIDRO FORCE ATPS-130
- Gigant GP-10 Инструкция к Gigant GP-17
- Gigant GP-15 Инструкция к Gigant GP-17
- Вихрь ПН-370 68/4/1 Презентация по товару
- Вихрь ПН-370 68/4/1 Инструкция к товару
- Litokol LitoLiv S30 25 кг 90270002 Техническое описание
- Litokol LitoLiv S5 25 кг 154220002 Техническое описание
- Litokol LitoLiv S10 Express 20 кг 288880002 Техническое описание
- Litokol LitoLiv S50 20 кг 484130002 Техническое описание
- Ridgid DL-500 38763 Инструкция по эксплуатации
- Kesto Multi floor, 20 кг 80733 Инструкция