Centek multi No-Frost 360 л (84 л/276 л) 595x635x2010 мм, А++,GMCC CT-1733 INOX Инструкция онлайн [19/28] 870473

Centek multi No-Frost 360 л (84 л/276 л) 595x635x2010 мм, А++,GMCC CT-1733 INOX Инструкция онлайн [19/28] 870473
18
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Берилген муздаткыч бир аз R60муздатуучу зат менен жабдыл-
ган, ал айлана - чөйрө үчүн зыянсыз, бирок күйүүчү газ болуп
эсептелинет. Муздатуучу зат агып кеткен учурда көзгө зыян кел-
тириши мүмкүн же өрттөнүп кетиши мүмкүн.
8. ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨР
Модель СТ-1732 СТ-1733
Климаттык класс N/ST/T
Көлөмү: толук/муздаткыч/тоңдургуч, л 302/224/78 360/276/84
Чыңалуу 220-240 В ~50 Гц
Максималдуу күчтүүлүк, Вт 100 150
Ток, А 0.8 0.7
Ызы-чуу деңгээли, дБ 40 43
Электр энергиясын керектөө, кВт/24
саатта
0.8 0.641
LED-лампанын күчтүүлүгү, Вт 2
Энергияны керектөө классы А+ А++
Муздатуучу зат R600a (37 г) R600a (40 г)
Таза салмагы, кг 61 65
Өлчөмдөр: т/т/б, мм 595/630/1880 595/635/2010
9. ШАЙМАНДЫ УТИЛЬДЕШТИРӨӨ
Кутусу жана шайман өзү кайра иштетилүүчү материалдардан
жасалган. Мүмкүн болушунча аларды кайра иштетилүүчү мате-
риалдар үчүн жасалган идишке таштаңыз.
10. КҮБӨЛҮК ЖӨНҮНДО МААЛЫМАТ, КЕПИЛДИК МИЛДЕТТЕНМЕСИ
Бул өнүмдүн иштөө мөөнөтү акыркы колдонуучуга сатылган
күндөн баштап 10 жыл түзөт, шайман ушул эксплуатациялык
көрсөтмөлөргө жана колдонулуп жаткан техникалык стандарт-
тарга ылайык так колдонулса. Шаймандын чыгарылган күнү
катардагы номерде көрсөтүлөт (2 жана 3 белгиси– жылы, 4 жана
5 белгиси өндүрүш айы). Шайманды тейлөө боюнча суроолор
пайда болгондо же шайман бузулган учурда, TM CENTEK ыйгарым
укуктуу тейлөө борборуна кайрылыңыз. Дарегин https://centek.
ru/servis сайтынан тапсаңыз болот. Колдоо кызматы менен бай-
ланыш жолдору: тел.: +7(988)24-00-178, VK: vk.com/centek_krd.
ООО «Ларина-Сервис» башкы тейлөө борбору, Краснодар шаары.
Телефон.: +7 (861) 991-05-42.
Продукциянын шайкештик сертификаты бар:
№ ЕАЭС RU C
-
RU.АЯ46.В.24760/22 - 08.04.2022 ж. баштап.
11. ӨНДҮРҮҮЧҮ ЖАНА ИМПОРТТОЧУ ЖӨНҮНДО МААЛЫМАТ
Заказ боюнча жасалган: ООО «Ларина-Электроникс». Дарек:
Россия, 350080, г. Краснодар, ул. Демуса, 14. Тел.: +7 (861) 2-600-
900.
УРМАТТУ КЕРЕКТӨӨЧҮ!
Акыркы керектөөчүгө сатуу күндөн тартып 36 ай приборго жана
60 ай компрессорго кепилдик. Ушул кепилдик купону менен
өндүрүүчү бул шаймандын жарактуу экендигин ырастайт жана
өндүрүүчү тарабынан келип чыккан бардык бузууларды акысыз
жоюу милдетин алып жатат.
КЕПИЛДИК ТЕЙЛӨӨ ШАРТТАРЫ
1. Кепилдик каттоонун төмөнкү шарттарын эске алуу менен жа-
рактуу:
баштапкы өндүрүүчүнүн кепилдик баракчасын туура жана
так толтуруу, модельдин атын көрсөтүү, модельдин сериялык
саны, сатылган күнү жазылса, ар бир кепилдик талонунда
сатуучу фирманын штампы, сатуучу фирманын өкүлунүн колу
бар болсо.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда, же алар-
дагы маалыматтар толук эмес, окулбай турган, карама каршы
келген учурда, өндүрүүчү кепилдик кызматынан баш тартууга
укуктуу.
2. Кепилдик төмөнкү иштөө шарттарын эске алуу менен жарактуу:
шаймандын колдонуу көрсөтмөсүнө ылайык так колдонуу;
эрежелерди жана коопсуздук талаптарын сактоо.
3. Кепилдик мезгил-мезгили менен техникалык тейлөө, тазалоо,
орнотуу, шайманды ээсинин үйүндө жөндөө камтылбайт.
4. Кепилдикке кирбеген учурлар:
механикалык зыян;
шаймандын табигый эскириши;
иштөө шарттарын сактабоо же ээсинин туура эмес аракеттери;
туура эмес орнотуу, ташуу;
табигый кырсыктар (чагылган, өрт, сел ж.б.), ошондой эле са-
туучуга жана өндүрүүчүгө тийешеси болбогон башка себептер;
шаймандын ичине бөтөн заттардын, суюктуктардын, курт-
кумурскалардын кирип кетиши;
уруксатсыз адамдар тарабынан оңдоо же структуралык
өзгөрүүлөр;
шайманды кесиптик максаттарда колдонуу (жүк ички
керектөөнүн деңгээлинен ашат). Шайманды мамлекеттик тех-
никалык стандарттарга ылайык болбогон телекоммуникация
жана кабелдик тармактарга кошуу;
буюмдун төмөнкү аксессуарларын иштен чыгышы, эгерде
аларды алмаштыруу долбоордо каралса жана буюмду демон-
таждоо менен байланышпаса:
а) узактан башкаруу пульттар, аккумулятордук кубаттагычтар,
батарейкалар, тышкы кубат берүүчү жана кубаттагычтар;
б) сарпталуучу материалдар жана аксессуарлар (чехол кутусу,
курлар, баштыктар, торлор, бычактар, колбалар, табактар, жэ-
экчелер, решёткалар, вертелдер, шлангдар, түтүктөр, щёткалар,
тиркемелер, чаң жыйноочулар, чыпкалар, жыт сиңиргичтер);
батарейкалар менен иштеген шаймандар үчүн - жараксыз же
түгөнгөн батарейкалар менен иштөө;
батарейка менен иштеген шаймандар үчүн - батарейкаларды
кубаттоо эрежелеринин бузулушунан келип чыккан ар кандай
зыян.
5. Берилген кепилдик өндүрүүчү тарабынан кошумча колдонулат
жана керектөөчүнүн колдонуудагы мыйзамына ылайык укукта-
рын эч кандай чектебейт.
6. Өндүрүүчү TM CENTEK тин өндүрүшү адамдарга, үй жаныбар-
ларына, керектүү мүлкүнө жана/же керектөөчүлөрдүн жана/
же башка үчүнчү адамдардын этиятсыз аракеттерине (аракет-
сиздигине), форс-мажордук жагдайларга түздөн-түз же кыйыр
түрдө келтирилген зыян үчүн жооп бербейт.
Скачать