Philips PSG6042/20 Руководство по эксплуатации онлайн [31/64] 875316

Philips PSG6042/20 Руководство по эксплуатации онлайн [31/64] 875316
31
шайманды колдонбоңуз. Оңдоо же тейлөө үчүн шайманды Philips, Philips ыйгарым укук берген
тейлөө борбору же ошондой квалификацияга ээ адамдарга көрсөтүшүңүз керек.
Шайманды туташтыруудан мурда фирмалык тактада көрсөтүлгөн чыңалуу жергиликтүү
тармактын чыңалуусуна дал келерин текшериңиз.
Шайман электр тармагына туташып турганда, аны көзөмөлсүз калтырбаңыз.
Эгер коопсуз пайдалануу боюнча нускамалар берилсе же коопсуз пайдалануу үчүн көзөмөл
алдында болсо жана коркунучтар тууралуу кабарланган болсо, бул шайманды 8 жаштан
өткөн балдар жана физикалык жактан, сезүү жөндөмү же акыл-эси чектелген адамдар же
тажрыйбасыз адамдар колдоно алат.
8 жаштан өткөн балдарга бир гана чоңдордун көзөмөлүндө шайманды тазалоого, кебээрди
кетирүүгө же катмарды тазалоо процедурасын жүргүзүүгө уруксат берилет.
Балдарга шайман менен ойноосуна жол бербеңиз.
Шайман күйгүзүлгөн же муздап жаткан учурда аны жана тармак шнурун 8 жашка чыга элек
балдардан алыс кармаңыз.
Шаймандан чыккан буу күйгүзүп жибериши мүмкүн болгондуктан, аны кылдат пайдаланыңыз
жана эч качан адамдарды же жаныбарларды көздөй багыттабаңыз.
Электр шнурун жана буу жеткирүүчү шлангды үтүктүн ысыган таманына тийгизбеңиз.
Үтүктөө учурунда күйгүзүп албоо үчүн буу чыгып жатканда манжаларыңызды же колуңузду
таманынан алыс кармаңыз.
ЭСКЕРТҮҮ: Ысыган үстүңкү катмар
Колдонуу учурунда үстүңкү катмарлар ысып кетет (шаймандын үстүндө ысык
белгиси коюлган үтүктөр үчүн).
Эскертүү
Кебээрди тазалоо жүрүп жатканда шайманды көзөмөлсүз калтырбаңыз.
азалоо жана тейлөө" бөлүмүндөгү нускамаларга ылайык буу генераторун кебээрден
тазалаңыз.
Кебээрди тазалоо процессин ар дайым Кебээрди тазалоо контейнери менен аткарыңыз жана
процессти үзгүлтүккө учуратпаңыз.
Кебээрди тазалоо процессинде ысык суу чыгып жаткандыктан,үтүктү арткы бетине
тургузбаңыз.
Кебээрди тазалоо процессинен кийин кебээрди тазалоо контейнери ысып калат. Ал муздагыча
болжол менен 5 мүнөт ага тийбей туруңуз.
Шайманды тегиз, ысыкка чыдамдуу катмарда колдонуу керек. Үтүктү түпкүчүнө койгонуңузда,
ал коюлган катмар туруктуу экендигин текшериңиз Түпкүч - үтүктүн арткы бети же
иштетилбеген учурда коюла турган бөлүгү.
Шайманды жерге туташтырылган розеткага гана сайыңыз.
Электр ачакейин розеткага саюудан мурда шнурду толугу менен чечиңиз.
Үтүктүн темир платформасы жана таманы аябай ысып кетиши мүмкүн жана ага тийгенде
күйгүзүп жибериши ыктымал. Эгер буу генераторун жылдырам десеңиз, темир платформага
тийбеңиз.
Үтүктөп бүткөнүңүздөн кийин, шайманды тазалап жатканыңызда, буу генераторун бошотуп же
толтуруп жатканыңызда жана үтүктү өтө аз убакытка таштап кете турган болсоңуз: үтүктү кайра
темир платформага коюп, шайманды өчүрүп, розеткадан электр ачакейин сууруп коюңуз.
Атыр суу, кургаткычтан сыгылган суу, уксус, крахмал, кебээр кетирүүчү каражат, үтүктөө
каражаттары, химиялык жол менен тазаланган суу же башка химикаттарды кошпоңуз. Алар
суунун агып чыгышына, күрөң так калышына же шаймандын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Электр ачакейин өзүнүн техникалык мүнөздөмөлөрүнө окшош розеткага гана туташтыруу
керек.
Бул шайман үй шартында колдонууга гана багытталган.

Похожие устройства

Скачать