Philips PSG6042/20 Руководство по эксплуатации онлайн [31/64] 875380
![Philips PSG6042/20 Руководство по эксплуатации онлайн [31/64] 875380](/views2/2114602/page31/bg1f.png)
31
шайманды колдонбоңуз. Оңдоо же тейлөө үчүн шайманды Philips, Philips ыйгарым укук берген
тейлөө борбору же ошондой квалификацияга ээ адамдарга көрсөтүшүңүз керек.
• Шайманды туташтыруудан мурда фирмалык тактада көрсөтүлгөн чыңалуу жергиликтүү
тармактын чыңалуусуна дал келерин текшериңиз.
• Шайман электр тармагына туташып турганда, аны көзөмөлсүз калтырбаңыз.
• Эгер коопсуз пайдалануу боюнча нускамалар берилсе же коопсуз пайдалануу үчүн көзөмөл
алдында болсо жана коркунучтар тууралуу кабарланган болсо, бул шайманды 8 жаштан
өткөн балдар жана физикалык жактан, сезүү жөндөмү же акыл-эси чектелген адамдар же
тажрыйбасыз адамдар колдоно алат.
• 8 жаштан өткөн балдарга бир гана чоңдордун көзөмөлүндө шайманды тазалоого, кебээрди
кетирүүгө же катмарды тазалоо процедурасын жүргүзүүгө уруксат берилет.
• Балдарга шайман менен ойноосуна жол бербеңиз.
• Шайман күйгүзүлгөн же муздап жаткан учурда аны жана тармак шнурун 8 жашка чыга элек
балдардан алыс кармаңыз.
• Шаймандан чыккан буу күйгүзүп жибериши мүмкүн болгондуктан, аны кылдат пайдаланыңыз
жана эч качан адамдарды же жаныбарларды көздөй багыттабаңыз.
• Электр шнурун жана буу жеткирүүчү шлангды үтүктүн ысыган таманына тийгизбеңиз.
• Үтүктөө учурунда күйгүзүп албоо үчүн буу чыгып жатканда манжаларыңызды же колуңузду
таманынан алыс кармаңыз.
ЭСКЕРТҮҮ: Ысыган үстүңкү катмар
Колдонуу учурунда үстүңкү катмарлар ысып кетет (шаймандын үстүндө ысык
белгиси коюлган үтүктөр үчүн).
Эскертүү
• Кебээрди тазалоо жүрүп жатканда шайманды көзөмөлсүз калтырбаңыз.
• "Тазалоо жана тейлөө" бөлүмүндөгү нускамаларга ылайык буу генераторун кебээрден
тазалаңыз.
• Кебээрди тазалоо процессин ар дайым Кебээрди тазалоо контейнери менен аткарыңыз жана
процессти үзгүлтүккө учуратпаңыз.
• Кебээрди тазалоо процессинде ысык суу чыгып жаткандыктан,үтүктү арткы бетине
тургузбаңыз.
• Кебээрди тазалоо процессинен кийин кебээрди тазалоо контейнери ысып калат. Ал муздагыча
болжол менен 5 мүнөт ага тийбей туруңуз.
• Шайманды тегиз, ысыкка чыдамдуу катмарда колдонуу керек. Үтүктү түпкүчүнө койгонуңузда,
ал коюлган катмар туруктуу экендигин текшериңиз Түпкүч - үтүктүн арткы бети же
иштетилбеген учурда коюла турган бөлүгү.
• Шайманды жерге туташтырылган розеткага гана сайыңыз.
• Электр ачакейин розеткага саюудан мурда шнурду толугу менен чечиңиз.
• Үтүктүн темир платформасы жана таманы аябай ысып кетиши мүмкүн жана ага тийгенде
күйгүзүп жибериши ыктымал. Эгер буу генераторун жылдырам десеңиз, темир платформага
тийбеңиз.
• Үтүктөп бүткөнүңүздөн кийин, шайманды тазалап жатканыңызда, буу генераторун бошотуп же
толтуруп жатканыңызда жана үтүктү өтө аз убакытка таштап кете турган болсоңуз: үтүктү кайра
темир платформага коюп, шайманды өчүрүп, розеткадан электр ачакейин сууруп коюңуз.
• Атыр суу, кургаткычтан сыгылган суу, уксус, крахмал, кебээр кетирүүчү каражат, үтүктөө
каражаттары, химиялык жол менен тазаланган суу же башка химикаттарды кошпоңуз. Алар
суунун агып чыгышына, күрөң так калышына же шаймандын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
• Электр ачакейин өзүнүн техникалык мүнөздөмөлөрүнө окшош розеткага гана туташтыруу
керек.
• Бул шайман үй шартында колдонууга гана багытталган.
Похожие устройства
- Philips PSG7030/20 Руководство по эксплуатации
- Philips DST7040/80 Руководство по эксплуатации
- Philips Azur 7000 DST7061/30 Руководство по эксплуатации
- Lex BIMO 20.03 BLACK Руководство по эксплуатации
- Lex BIMO 20.03 INOX Руководство по эксплуатации
- Lex BIMO 20.05 INOX Руководство по эксплуатации
- Zigmund & Shtain ZHM-157 Руководство по эксплуатации
- Kitfort КТ-3191 Руководство по эксплуатации
- Moguchi WH10C белый Руководство по эксплуатации
- Kitfort КТ-3190 Руководство по эксплуатации
- POCO C65 8 +256 Гб Black Руководство по эксплуатации
- Kitfort КТ-3189 Руководство по эксплуатации
- Texet TM-D400 черный Руководство по эксплуатации
- Texet TM-408 синий Руководство по эксплуатации
- Texet TM-D412 Руководство по эксплуатации
- Texet TM-B414 Руководство по эксплуатации
- Texet TM-423 Руководство по эксплуатации
- Texet TM-425 Руководство по эксплуатации
- Kitfort КТ-3171 Руководство по эксплуатации
- RED evolution RS-M706 Руководство по эксплуатации