Hotpoint HFZ 5171 S Руководство по эксплуатации онлайн [16/28] 888212

Hotpoint HFZ 5171 S Руководство по эксплуатации онлайн [16/28] 888212
Коопсуздук булл жакшы адат
16
Бул колдонмону сактап коюңуз Буюмду сатканда,
бирөөгө пайдаланууга бергенде же жаңы
квартирага көчкөндө анын ээси андан пайдалануу жана
ага кызмат көрсөтүү эрежелери менен таанышышы үчүн
колдонмо тоңдургуч менен чогуу сакталууга тийиш.
Колдонмону көңүл коюп окуп чыгыңыз: анда Сиздин
тоңдургучуңузду орнотуу жана андан кантип коопсуз
пайдалануу боюнча керектүү маалыматтар бар.
Нускасы тоңдургуч ички колдонуу үчүн иштелип чыккан
жана кесиптик пайдалануу үчүн арналган эмес.
Бул прибор продуктуларды тоңдургуч бөлүмдө тоңдурууга
жана сактоого арналган.
Алсыз, акыл жана сезгирлик жагынан
жөндөмдүүлүгү начар же болбосо турмуштук
билим жана тажрыйбага ээ болбогон адамдар
(ошондой эле жаш балдар) га, эгерде алар прибордун
коопсуздугу үчүн жооптуу адамдын көрсөтмөсүн албаган
болсо, же анын көзөмөлү астында болбосо,
муздаткычтан пайдаланууга болбойт. Прибор менен
ойнобостугу үчүн жаш балдар ар дайым көзөмөл астында
болууга тийиш.
Прибор бузуктугу учурунда электр тогу урбастыгы
үчүн тоңдургучка нымдуу колуңуз менен тие
көрбөңүз.
Узарткыч жана улагычтан (переходник)
пайдаланбаңыз Мындай жагдай ыктымалдуу өрт
чыгуу коркунучун туудурат. Өндүрүүчү узарткыч
жана улагычтарды, ошондой эле кесилиши керектелүүчү
кубаттуулукка туура келбеген туташтыруучу кабелдерди
пайдалануунун натыйжасында чыккан өрт үчүн
жоопкерчиликти мойнуна албайт. Вилканы розеткадан
суурганда зымынан кармап тартпаңыз: бул абдан кооптуу.
Камсыздоо шнуру жараксыз абалга келгенде даярдоочу
же анын өкүлүнөн алынган атайын шнур же комплект
менен алмаштыруу керек. Кабелди алмаштыруу
тажрыйбалуу адис тарабынан ишке ашырылууга тийиш.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Приборду орноткондо ток
шнурунун кысылып жана бузулуп калбагандыгына
ишеним пайда кылыңыз
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Көп орундуу көчмө розеткалар
(узарткычтар)ды же көчмө ток булактарын
прибордун арт жагына койбоңуз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Приборду иштетүү үчүн тышкы
таймер же алыстан башкаруу системасын
колдонууга жол берилбейт. Бул прибор
кесипкөйлүк эмес пайдалануу үчүн гана арналган. Эмес
колдонгула прибор карата ачык абада.
Тоңдургучтын ички муздатуучу беттерин кол менен
кармабаңыз, айныкса колуңуз нымдуу болсо.
Тоңдургучтан эми гана алынган муздун бөлүгүн
оозуңузга сала көрбөңүз, - антсеңиз жергиликтүү үшүккө
чалдыгышыңыз мүмкүн.
Кызмат көрсөтүү жана жууш боюнча ар кандай ишти
аткаруудан мурда тоңдургучту электр тармагынан үзүп
коюңуз.
Эгерде тоңдургучты эшиги кулпулануучу эски
тоңдургучтын ордуна алган болсоңуз, анда эски
тоңдургучты таштап жиберүүдөн мурда, балдар ойноп
жатып анын ичинде кулпуланып калбастыгы үчүн анын
ичиндеги кулпусун иштен чыгарып салыңыз же таптакыр
тоңдургучтан чыгарып алыңыз, муну менен кооптун алдын
алган болосуз.
Күтүлбөгөн жагдайлар туулуп калса, тоңдургучту
тармактан үзүңүз жана телефону кепилдик документинде
(сервис сертификатында) жазылган сервис борборуна
телефон чалыңыз.
Өндүрүүчү тарабынан ыйгарым укугу берилбеген жеке
адамдардын кийлигишүүсүз тоңдургучтун түзүлүшүнө
өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынат.
Бензин, башка өрт алуучу суюктук жана газды
тоңдургучтун жана башка электр прибордун ичинде
же жакын жерде сактабаңыз, алардан пайдаланбаңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Тоңдургучтун арткы бети
(конденсатордун решёткасы) менен газ
плитасын ишке түшүрүү үчүн пайдаланылуучу
ийилгич металл жеңдин, ошондой эле газ жана суу
менен камсыздоонун металл түтүктөрүнүн, башка
приборлордун электр зымдарынын тийип турушуна
жол коюлбайт.
Жарылуу коркунучу болгон объекттерди, ошону
менен катар прибордогу өрт алуучу суюктугу
болгон аэрозолдук баллондорду чогултуп сактоого
болбойт.
Салмагынын оордугунан жабыркоо мүмкүн.
Продукцияңызды жылдыруу жана орнотуу үчүн
эки же андан көп адамдын жардамынан пайдаланыңыз.
Бул жол-жоболорго баш ийбестик прибордун
бузулушуна жана жабыркоого алып келиши мүмкүн.
Сактоочу кол каптардан пайдаланыңыз.
Электр камсыздоо көпкө токтотулган учурда продуктулар
жыттанып калышы мүмкүн.
Тоңтургуч прибор менен иш жасаганда (орноткондо,
тазалаганда жан б.у.с.) балдар жабыркап калбастыгы
үчүн аларды көзөмөлгө алыңыз.
Приборду темпертурасы айлана-чөйрөнүн
температурасы техникалык маалыматтар жазылган
жадыбалда көрсөтүлгөн климаттык класска туура келген
бөлмөгө орнотуңуз. Ал узак убакыт бою жол берилген
убакыт аралыгында тышкары келген температурада
болгон учурда, аппарат, туура иш эмес болушу мүмкүн.
Климаттык классы
Айлана-чөйрөнүн
температурасы
SN
+10 °С тан + 32 °С ка чейин
N
+16 °С тан + 32 °С ка чейин
ST
+16 °С тан + 38 °С ка чейин
T
+16 °С тан + 43 °С ка чейин
Прибор эч кандай хлорфторкөмүртек (CFC).
Муздаткыч контур r600a (HC) колдонулат.
Изобутан менен аппараттар үчүн (R600a):
изобутан айлана-чөйрөгө зыяндуу таасир
бербеген табигый газ болуп саналат, бирок күйүүчү
болуп саналат. Ошондуктан трубаларды муздаткыч
контурдун бузулушунан качуу зарыл. Түтүктөр бузулган
учурда, муздаткыч контурдан муздатуучу агент алып
салуу боюнча чараларды көрөт.
Көбүк изоляциялоодо терс зат катары күйүүчү газ
болуп саналган С-пентан колдонулат.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Буюмдун ичинде электр
приборлорунан пайдаланбаңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Буюмдун корпусундагы же
ага кошумча кылынган конструкциялардагы
желдеткич көзөнөктөрүн тосуп койбоңуз!
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Хладагенттин контурун
бузулушуна жол койбоңуз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Эрүү процессин тездетүү
үчүн даярдоочу тарабынан сунуш
кылынгандан башка курулма же
каражжатардан пайдаланбаңыз.
Тыгыздоочу жараксыз абалга келген учурда
аны кечиктирбей ооштуруу чараларын көрүңүз.
Прибор салынган материалдар кайра
иштетилүүгө жана символ жардамында
белгиленүүгө тийиш.
Приборду кайрадан электр тармагына кошуу (мисалы,
кокустан өчүп калганда) 5–10 минуттан кийин гана ишке
ашырылат.

Похожие устройства

Скачать