Атлант 4619-189 ND серебристый Руководство по эксплуатации онлайн [50/0] 897810

Атлант ХМ 4611-101 Руководство по эксплуатации онлайн [50/0] 878899
50
KYR
2-таблица — ТБ тоңдурулган тамак-аш азыктарын
(үй шарттарында) сактоо мөөнөтү боюнча сунуштар
6.1.2 ТБ температура сакталып жаткан жана кайра салынган
азыктардын санынан, эшиктердин ачып–жабылышына, жайдагы
муздаткыч орнотулган жерге ж.б.у.сыяктуулардан көз каранды.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! ТБ текчесине салынган азыктар арткы
бетти кыроо кылбаган (мындан ары — No Fro󰀬 системасы)
аба каналы системасын жаап кабашы керек.
6.2 ЖАҢЫ АЗЫКТАРДЫ ТОҢДУРУУ
6.2.1 ТБ иштеп жаткан учурда жаңы азыктар «Сактоо» ре-
жиминде тоңдурулат.
Муздаткычтардын айрым моделдери ири массадагы жаңы
азыктарды тоңдуруу үчүн кошумча режимге ээ «Тоңдуруу», «Су-
пер тоңдуруу» режимдери (функциялары) (тиркемени караңыз).
ТБ жаңы азыктарды салганга чейин 24 саат мурда ТБ ишинин
кошумча режимин кошуу, азыктарды салгандан кийин 24 сааттан
кийин өчүрүү керек.
6.2.2 Азыктардын сапатын жоготпоо жана алардын сакталуу
мөөнөтүн кыскартпоо үчүн бир сутканын ичиндеги тоңдурулган
жаңы азыктардын массасы муздаткычтын номиналдуу тоңдуруу
мүмкүнчүлүгүнөн жогору болбоого тийиш.
6.2.3 Таңгакталган жаңы азыктарды тоңдуруу үчүн ТБ же
ТБ чабырасынын тиешелүү зонасына салуу керек (тиркемени
караңыз).
Жаңы азыктардын максмалдуу санын тоңдурган учурда ча-
быраны алып (төмөнкүдөн башкасын), азыктарды түздөн-түз ТБ
текчесине коюу сунушталат.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Тоңдурулган азыктардын температура-
сынын жогорулоосунан жана алардын сакталуу мөөнөтүнүн
кыскарышанан качуу үчүн, ТБ тоңдуруу үчүн салынган жаңы
азыктардын жана мурда тоңдурулган азыктардын жанаша
туруусуна жол бербеңиздер.
6.3 ТОҢДУРУЛГАН АЗЫКТАРДЫ ЖАЙГАШТЫРУУ
6.3.1 Электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган, муздат-
кыч иштебей калган ж.б.у.с. учурларда ТБ төмөнкү температура
көпкө сакталышы үчүн тоңдурулган азыктарды мүмкүн болушунча
бири-бирине жакын салуу керек.
6.3.2 Тоңдурулган азыктарды көбүрөөк салуу үчүн чабыраны
алууга (муздаткычтын төмөнкү No Fro󰀬 системасындагыдан
тышкары) жана азыктарды түздөн-түз ТБ текчесине салууга
жол берилет.
Муздаткычтын техникалык мүнөздөмөсүндө көрсөтүлгөн
энергияны керектөө, алып салынган чабыралардагы азыктардын
максималдуу жүктөмүнүн шарттарында аныкталган.
6.3.3 ТБ чабыраларга азыктарды салуу жана алуу учурунда
аларды өзүн карай аягына чейин тартуу керек, ал эми чабыра-
ларды ТБ алып салуу зарыл болгон учурда алдыңкы туткадан
кармап өйдө көтөрүү сунушталат.
Чабыраларды муздаткычтан тышкары жерде ары-бери
көтөрүү үчүн, каптал беттерине туткалар тагылган.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! ТБ абанын циркуляциясы үчүн чабы-
раны такалгыча жылдырыңыздар.
6.4 ТБ ЭРИТҮҮ ЖАНА ТАЗАЛОО
6.4.1 No Fro󰀬 кыроо турбаган системадагы муздаткыч (тир-
кемеден караңыз) үчүн ТБ эритүү талап кылынбайт. ТБ жылына
бир жолудан кем эмес тазалоо керек.
6.4.2 ТБ кар катмары капталып калуучу No Fro󰀬 системасы
жок муздаткычты жылына эки жолудан кем эмес ар бир эриткен-
ден кийин жууп туруу сунушталат.
Эгерде төмөнкү ТБ 3 мм ашык (жогорку ТБ 5тен - 7 мм чейин)
кар каптамы туруп калса, муздаткычты 6.4.3кө ылайык эритүү
керек. Кар каптамы азыктарга суукту өткөрүүгө тоскоолдук кылат.
Эритилген учурда жогорку ТБ кар каптамын алып салуу үчүн
пластмасса күрөкчөсү (жеткирип берүү комплектинде бар болсо)
пайдаланылат.
Муздаткыч агрегатты бузуп албоо үчүн кар каптамын алып
салууга металл предметтерин колдонууга ТЫЮУ САЛЫНАТ.
6.4.3 ТБ эритүү жана тазалоо үчүн:
кубат алуу боосун розеткадан сууру аркылуу муздаткычты
электр тарамынан ажыратуу;
— МБ бардык азыктарды алып чыгуу жана МБ текчелерине
жайгаштыруу;
— ТБ эшигин ачык калтыруу;
— тиркемеге ылайык эриген сууну тазалоо;
— бөлүктү 4.4 ылайык жуу жана кургактоо.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! ТБ жагымсыз жыттын пайдал бо-
лушунун алдын алуу үчүн бөлүктү, комплектөөчүлөрдү,
тыгыздоочуну, ошондой эле эшиктеги тыгыздоочунун ай-
ланасындагы зонаны жакшылап жууңуз.
7 АЗЫКТАРДЫ САКТОО, ТОҢДУРУУ
БОЮНЧА СУНУШТАМАЛАР
7.1 АЗЫКТАРДЫ МБ САКТОО
7.1.1 Азык жытын,өңүн, нымдуулугун жана жаңылыгын сактоо
үчүн, аларды таңгакта же бекм жабылган идиште сактоо керек.
Суюктуктарды бекем жабылган идиште сактоо МБ нымдуулук-
тун жогорулашынын жана башка жыттардын пайда болушунун
алдын алат.
7.1.2 Идишке салынган жашылча-жемиштерди (жуулган жа-
шылча—жемиштерди кургатуу керек) таңгактабай сактаса болот.
Ошону менен бирге, айнек текченин (төмөнкү) же нымдуулукту
жөнгө салуу текчесинин (комплектацияга жараша) үстүндө кон-
денсат пайда болушу мүмкүн.
7.1.3 МБ негизги тамак-аш азыктарын сактоо жана жайгаш-
тыруу боюнча сунуштамалар 1-таблицада келтирилген.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Өсүмдүк майлары жана майлар муз-
даткычтын эшиктеринин тыгыздагычына жана пластмасса
беттерине тамбашы керек, анткени май алардын бузулуусуна
алып келет.
7.2 ТОҢДУРУЛГАН АЗЫКТАРДЫ ТОҢДУРУУ ЖАНА САКТОО
7.2.1 Тоңдуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында,
тоңдурулган азыктарды порцияга бөлүү жана баштыктарга салуу
туура болуп саналат. Тоңдурулуучу азыктын катмары канчалык
жука болсо, тоңдуруу ошончолук ылдам, сапаты жогору жана
сактоо мөөнөтү узак болот. Таңгак азыкка тыгыз жабылышы жана
герметикалуу жабылышы керек.
ТБ тоңдурулган тамак-аш азыктарын сактоо мөөнөтү боюнча
сунуштамалар (үй шартында) 2-таблицада келтирилген.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Өндүрүүчүнүн таңгагында көрсөтүлгөн
тоңдурулган азыктарды сактоо мөөнөтүн сактаңыздар.
1-таблица — МБ негизги тамак-аш азыктарын сактоо жана
жайгаштыруу боюнча сунуштамалар
Азыктар
Сактоо
мөөнөтү, сутка
МБ жайгаштыруу
Чийки эт, жаңы
балык, фарш
1ден 2ге
чейин
Төмөнкү текчеге (кыйла суук
жер)
Ак май, сыр
(сортуна
жараша)
5тен 7ге
чейин
Эшиктин барьер
текчелеринде же идиштерде
же ортоңку текчеде
Сүт, каймак,
кефир
1ден 3кө
чейин
Эшиктин барьер
текчелеринде же идиштерде
же ортоңку текчеде
Жумуртка 10
Эшиктин панелиндеги барьер
текчелерде же идиштерде
Жашылча-
жемиштер
10го чейин
Идиштерде (жашылча-
жемиштер үчүн)
Азыктар Сактоо мөөнтү, ай
Жаңы балык, деңиз азыктары 3кө чейин
Ак май, сыр (сортуна
жараша), жабылган нан ж.б.
6га чейин
Чийки эт, куш эти 9га чейин
Жашылча-жемиш, мөмө 12ге чейин
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является

Похожие устройства

Скачать