Атлант ХМ 4625-159-ND черный Руководство по эксплуатации онлайн [49/0] 897943
![Атлант ХМ 4611-101 Руководство по эксплуатации онлайн [49/0] 878899](/views2/2028036/page49/bg31.png)
49
KYR
3-сүрөт
тактача
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! 3-сүрөткө ылайык МБ ичинде жай-
гашкан муздаткыч тууралуу толук маалымат жазылган
тактачаны алып салбаңыздар. Бул маалымат муздаткыч
иштеп турган мөөнөттүн аралыгында аны техникалык жактан
тейлөө жана оңдоо үчүн өтө маанилүү.
4.5 Арткы таянычтар 4-сүрөткө ылайык орнотулсун: таяныч-
тын тик бурчтуу урчугун конденсатордун чыбыктарынын ортосуна
тагуу жана таянычты 90
0
ка буруу.
4.6 Муздаткычтын эшиктерин (эшигин) оң жактан ачуу үчүн
кайра илип койсо болот (MX-2822-XX, MX-2823-XX моделде-
ринен тышкары). Эшиктерди кайра илүү иштерин жүргүзүүдө,
муздаткычтын бузулушун болтурбоо үчүн, тейлөө бөлүмүнө
кайрылуу сунушталат.
Тейлөө бөлүмүнө кайрылганда, эшикти кайра илүү кызматы
прейскурант боюнча акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
ХМ-452Х-ХХХ-ND моделдерине эшиктерди кайра илүү иш-
терин жүргүзүү үчүн, өнүмдүн комплектине кирбеген кошумча
тетиктер талап кылынат. Керектүү тетиктерди тейлөө бөлүмүнөн
акы төлөп, сатып алса болот.
КӨҢУЛ БУРУҢУЗ! Керектөөчү же үчүнчү жактар тарабы-
нан эшиктердин көзкарандысыз кайра илүү иштери менен
байланышкан, өнүмдө кемчиликтер пайда болгон учурда,
өндүрүүчү кепилдик милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
4.7 Муздаткычты электр тарамына туташтыруу: кубат алуу
боосунун айрысын розеткага саюу.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Муздаткычты электр тарамынан ажы-
раткандан кийин кайта туташтырууга 5 мүнөттөн соң гана
жол берилет.
5 ЖАҢЫ АЗЫК—ТҮЛҮКТӨРДҮ САКТООЧУ
БӨЛҮКТҮ ПАЙДАЛАНУУ
5.1 МБ ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН САКТОО ЖАНА
ЖАЙГАШТЫРУУ
5.1.1 Азыктарды жайгаштыруу учурунда МБ эң суук зона жа-
шылча-жемиштер идиштеринин үстүндө, эң жылуу зона жогорку
текчеде жайгашкандыгын эске алуу керек.
5.1.2 МБ температура кайра салынган азыктардын санынан,
эшиктердин ачып-жабылышына, жайдагы муздаткыч орнотулган
жерге ж.б.у.сыяктуулардан көз каранды.
5.1.3 МБ температураны лабораториялык шарттарда гана так
ченөө мүмкүн. Бөлүктөгү абанын температурасы муздаткычтын
иштөө режиминен көз каранды жана азыктардын температура-
сына караганда тезирээк алмашып турат.
МБ температурасын болжолдуу түрдө алдын ала 12 саатка
1 стакан сууну жана ортоңку текчеге термометрди коюу менен
ченесе болот. Температураны ченеген учурда МБ эшигин ачканга
болбойт.
5.1.4 МБ айнек текчелеринин жайгашуусун, төмөнкү текче
айнегинен башкасын бийктиги боюнча алмаштырууга болот:
текче айнегинин арткы же алдыңкы четин көтөрүп (конструкцияга
жараша) аны өзүбүздү көздөй тартып алабыз жана жаңы орунга
которобуз.
Эмерекке орнотулган муздаткычтагы айнек текчелердин
орундарын которуштуруу үчүн:
— текченин каптал таяныч бөлүктөрү багытталуучу жерден
5-сүрөткө ылайык чыкканга чейин айнек текчесинин арткы четин
көтөрүү жана өзүн көздөй тартуу;
— айнек текчесинин алдыңкы четин түшүрүү төмөн аркылуу,
аны тик абалга которуу;
— багыттоочу жерден илгичтерди чыгаруу жана айнек тек-
чесин алуу.
Айнек текчеси жаңы орунга тескери ыраатуулукта салынат.
5.1.5 МБ айнек текчелеринде конденсат (суу тамчылары)
туруп калат. Ал бөлүктөгү жашылча—жемиштин толтура салыны-
шына, эшиктин тез—тез жана узакка ачылышына; МБ темпера-
туранын жогорулашына; 1.3кө ылайык пайдалануу шарттарынын
жана 7.1ге ылайык азыктарды сактоо сунуштарынын сакталба-
гандыгына; төгүү системасынын бүтөлүп калуусуна (тиркемени
караңыз) байланышкан абанын жогорку нымдуулугунан улам
келип чыгат. Айнек текчеден конденсатты тазалоо үчүн нымдуу-
лукту тез сиңирүүчү материал пайдаланылат.
5.1.6 Эшиктеги барьер текчелердин же идиштердин абалын
(комплектацияга жараша) бийиктиги боюнча алмаштырууга болот:
— барьер текчеден чектегичти (чакан) (бар болсо) алып са-
луу. 6-сүрөткө ылайык барьер текченин каптал жагын ныгырып,
биринчи тараптын, андан соң экинчи тараптын бекиткич элемент-
терин бошотуу. Жаңы орунга коюп жаткан учурда бекиткич эле-
менттерди барьер текченин биринчи жагынан эшиктин панелинин
оюкчасына коюу, жана экинчи жагынан каптал жагын ныгыруу
менен, барьер текчени орнотуу. Чектегичти орнотуу (чакан);
— идишти 7-сүрөткө ылайык эки колдоп жогору көтөрүү жана
оюкту эшиктин бекиткич элементтеринен бошотуу. Орнотуучу
орунду тандоо жана эшиктин панелдеринин бекиткич элемент-
тери не оюктарды дал келтирип идишти орнотуу.
5.2 МБ ТАЗАЛОО
5.2.1 МБ тазалоо үчүн:
— кубат алуу боосун розеткадан сууру аркылуу муздаткычты
электр тарамынан ажыратуу;
— МБ бардык азыктарды алып чыгуу;
— МБ 4.4 ылайык жуу жана кургактоо.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! МБ жагымсыз жыттын пайдал бо-
лушунун алдын алуу үчүн бөлүктү, комплектөөчүлөрдү,
тыгыздоочуну, ошондой эле эшиктеги тыгыздоочунун ай-
ланасындагы зонаны жакшылап жууңуз.
6 ТОҢДУРУУЧУ БӨЛҮКТҮ ПАЙДАЛАНУУ
6.1 ТОҢДУРУЛГАН АЗЫКТАРДЫ САКТОО
6.1.1 Муздаткычты туташтырган учурда ТБ тоңдурулган
азыктардын сапаттуу сакталышын камсыз кылган «Сактоо» ре-
жиминде иштейт. ТБ шарттуу түрдө эки зонага бөлүшөт: биринчи
зона тоңдурулган азыктарды тоңдуруу үчүн дагы, сактоо үчүн
дагы, ал эми экинчи зона тоңдурулган азыктарды сактоо үчүн
гана пайдаланылат (тиркемени караңыз).
5-сүрөт 6-сүрөт 7-сүрөт
текче идиш
4-сүрөт
арткы тирөөч
барьер текч
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
Содержание
Похожие устройства
- Атлант 7201-100 Руководство по эксплуатации
- Атлант 7184-060 Руководство по эксплуатации
- Атлант 7606-160 N Руководство по эксплуатации
- Toshiba TW-BN90C4RU(WK) Руководство по эксплуатации
- Атлант М 7606-150 N Руководство по эксплуатации
- Росомз СОМЗ-1 ЯГУАР 60100 Руководство по эксплуатации
- Росомз СОМЗ-15 Титан 60150 Руководство по эксплуатации
- Hotpoint HT 9201I W O3 Руководство по эксплуатации
- Maunfeld Bath Plus 402IL Руководство по эксплуатации
- Realme Note 50 4/128GB Night Black (RMX3834) Руководство по эксплуатации
- Hanskonner HID2180M Руководство по эксплуатации
- Realme Note 50 3/64GB Sky Blue (RMX3834) Руководство по эксплуатации
- Realme Note 50 4/128GB Sky Blue (RMX3834) Руководство по эксплуатации
- Delonghi CGH923D Руководство по эксплуатации
- Атлант 1602-150 Руководство по эксплуатации
- Атлант 2835-08 серебристый Руководство по эксплуатации
- Kitfort КТ-2944 Руководство по эксплуатации
- Kitfort КТ-3127-1 Руководство по эксплуатации
- Kitfort КТ-3127-2 Руководство по эксплуатации
- Nikko Nano Omni X Future 10202 Blue Руководство по эксплуатации