Атлант ХМ 4625-159-ND черный Руководство по эксплуатации онлайн [51/0] 897943
![Атлант ХМ 4611-101 Руководство по эксплуатации онлайн [51/0] 878899](/views2/2028036/page51/bg33.png)
51
KYR
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Муз кубиктерин формадан чыгарып
аларыңыздар менен оозго салбаңыздар жана жабышып
калбоосу үчүн суу колдоруңуздар менен тоңдурулган азык-
тарды кармабаңыздар.
7.3 Сунушталбайт:
— муздаткычка ысык тамакты коюу. Аларды алдын ала бөлмө
температурасына чейин суутуңуздар;
— эритилген азыктарды кайра тоңдурууга.
8 МУЗДАТКЫЧТЫН ИШТӨӨ ӨЗГӨЧҮЛҮКТӨРҮ
8.1 Эгерде МБ же ТБ жаңыдан жабылган эшиктерин ачууга
мүмкүн болбосо, камеранын ичиндеги басым тышкы басым менен
теңелгиче 1ден 3 минутага чейин күтүп туруп, анан ачуу керек.
8.2 Муздаткыч функциялуу мүнөздөгү дүрүлдөгөн үн чыгарып
иштейт жана ал кандайдыр бир кемтик менен байланыштырууга
болбойт.
Муздаткычтагы температураны белгиленген температурада
кармап туруу үчүн компрессор күйүп-өчүп турат. Ошол учурда
чыккан үн муздаткычатыг жумушчу температура калыбына кел-
генде автоматтык түрдө тынч болуп калат.
Муздаткычтын айрым моделдеринде компрессор күйгөн
(өчкөн) кезде чыкылдаган дабыш чыгышы мүмкүн – температу-
ранын датчик-релеси иштеп жатат.
Шылдыраган үн муздаткыч системаларынын түтүктөрүндөгү
хладагенттин циркуляциясын коштойт, ал эми чыртылдоо ма-
териалдардын температуралык кеңейиши менен байланышта.
Билинер-билинбес гүүлдөк No Fro системасындагы муздат-
кычтын желдеткичинен чыгат.
8.3 Муздаткычты пайдалануу процессинде кошумча дабыш-
тар болушу мүмкүн.
Дүрүлдөгөн үндүн күч алышы комплектөөчүлөрдүн (айнек
текчелердин, идиштердин ж.б.) туура эмес орноштулушунан же
идиштердин муздаткычта турган азыктарга жанаша туруусунан
келип чыгышы мүмкүн. Комплектөөчүлөрдү кайта орнотуу же
жанашып калгандарды бири-биринен ажыратуу менен дабышты
жойсо болот.
Транспорттогон учурда (орун которуу же тазалагандан кий-
ин туура эмес орнотулса) муздаткычтын башка элементтери
бири-бирине тийген болсо, алар дагы дабыштын булагы катары
чыгышы мүмкүн. Муздаткычтын элементтеринин абалын жөнгө
салгандан кийин же аларды тууралап орноткон соң муздаткыч
иштегенде чыккан кошумча дабыштарды жоюуга болот.
8.4 Конденсаттын пайда болушунун алдын алуу үчүн муз-
даткычтын шкафы төмөнкү ТБ эшигинин периметри боюнча
же муздаткычтын жогорку ТБ туура кеткен зонасы жылытылат
(тиркемени караңыз).
Жылытуу температурасы айлана-чөйрөнүн температу-
расынан, ТБ сакталган азыктардын санынан, ошондой эле
конденсатордун булгануу деңгээлинен көз каранды. Муздаткыч
иштеп жаткан кезде жылытуу температурасынын жогорулоосу
бузулгандык болуп санлбайт.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Жылына бир жолудан кем эмес
8-сүрөткө ылайык, алдын ала муздаткычты дубалдан бери
карай жылдырып алып, анын арткы бетин жана конденса-
торду чаң соргуч менен тазалаңыздар. Конденсатордогу чаң
электр энергиясынын ашыкча чыгымдалышына алып келет.
8.5 Электр тарамындагы чыңалуу айрмаланган учурда муз-
даткыч жумушчу чыңалуу калыбына келгенден кийин кечигүү
менен иштей баштайт.
8.6 Иштеп жактан учурда муздаткычтын үстүңкү беттеринде
муздаткычтын иштешине таасирин тийгизбеген жана жылуулук
изоляциясын начарлатпаган, жылуулук изоляциясы материал-
дарынын касиеттеринен улам келип чыккан билинер-билинбес
текши эместикке жол берилет.
9 ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН САРАМЖАЛДОО
БОЮНЧА СУНУШТАР
9.1 Муздаткычтын электр эгнергиясын керектөөсү айлана-
чөйрөнүн температурасы, орнотулган жери ж.б. көптөгөн шарт-
тардан көз каранды.
9.2 Муздаткычты кургак, жакшы шамалдатылуучу жайда
ысытуучу приборлордон жана башка жылуулук булактарынан 50
см кем эмес аралыкта орнотуу керек. Муздаткычты күн нурлары
түз тийген жерге орнотууга болбойт.
Муздаткычтын үстүнөн жана анын капталдарынан аба цир-
куляциясын камсыз кылуу үчүн 5 см кем эмес аралыкта бош
мейкиндик болууга тийиш.
Жайдын дубалына чейинки оптималдуу аралыкты камсыз
кылуу үчүн арткы таянычтарды (жеткирип берүү комплектинде
бар болсо) коюу зарыл.
Прибордун желдетүүчү тешиктерин тосуп койбоңуздар.
9.3 МБ айнек текчелерди жана комплектөөчүлөрдү бөлүктөгү
абанын циркуляциясын камсыз кылуу үчүн бийиктиги боюнча
текши жайгаштыруу сунушталат.
ТБ чабыраларын зарыл учурда муздаткычтан алып салууга
болот, бирок чабыраны пайдалануу кыйла эффективдүү энерги-
ялык керектөөнү камсыз кылат.
No Fro системасындагы муздаткычты ТБ төмөнкү чабыра-
сыз пайдаланууга жол берилбейт.
9.4 Прибордун энергияны керектөөсү бөлүктөгү белгиленген
температурадан көз каранды. Керектүү деңгээлден төмөн тем-
ператураны белгилөө сунушталбайт.
Температура канчалык жогору (жылуу) болсо, ошончолук
энергияны керектөө төмөн, бирок азыктарды сактоо мөөнөтү
кыскарат.
9.5 Азыктарды муздаткычка салган кезде прибордогу музда-
туу зонасынын жайгашуусун эске алуу керек.
МБ эң суук зона жашылча—жемиштер идишинин үстүндө, эң
жылуу зона – жогорку текчеде жайгашкан.
ТБ шарттуу түрдө эки зонага бөлүнөт: биринчи зона
тоңдурулган азыктарды тоңдуруу үчүн дагы, сактоо үчүн дагы,
ал эми экинчи зона тоңдурулган азыктарды сактоо үчүн гана
пайдаланылат.
9.6 Муздаткычка ысык тамакты жана суусундуктарды салууга
болбойт. Компрессордун узак убакыт иштөөсүнө жана тиешелүү
түрдө электр энергиясынын чыгымынын жогорулоосуна алып
келе турган бөлүктөгү температуранын жогорулоосунан качуу
үчүн, аларды алдын ала бөлмө температурасына чейин музда-
туу керек.
Азыктарды төмөнкүдөй жайгаштыруу сунушталбайт:
— No Fro системасынын (бар болсо) аба каналдарын жаап
калбашы үчүн, бөлүктөүн арткы бетине такай коюуга;
— бөлүктөгү температура датчигине (бар болсо) такай коюуга.
9.7 Сактоо же тоңдуруу үчүн азыкты герметикалуу таңгактоо
же жабык идишке салуу керек.
9.8 Тоңдурулган азыктарды эритүү үчүн, МБ азыктарды муз-
датуу үчүн тоңдурулган азыктардын төмөнкү температурасын
пайдалануу максатында МБ салуу сунушталат.
9.9 Муздаткычтын эшигин кыска убакытка чейин гана ачуу
сунушталат. Эшиктердин тез-тез жана узакка ачылып турушу
бөлүктөрдөгү температуранын жогорулашына жана тийиштүү
түрдө электр энергиясынын чыгымдалышына алып келет.
9.10 No Fro системасындагы муздаткычтын ТБ үзгүлтүксүз
эритип туруу зарыл. Бууландыргычта кыроонун болушу муздат-
кыч агрегаттын ишинин эффективдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана
электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө алып келет.
8-сүрөт
конденсатор
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
Содержание
Похожие устройства
- Атлант 7201-100 Руководство по эксплуатации
- Атлант 7184-060 Руководство по эксплуатации
- Атлант 7606-160 N Руководство по эксплуатации
- Toshiba TW-BN90C4RU(WK) Руководство по эксплуатации
- Атлант М 7606-150 N Руководство по эксплуатации
- Росомз СОМЗ-1 ЯГУАР 60100 Руководство по эксплуатации
- Росомз СОМЗ-15 Титан 60150 Руководство по эксплуатации
- Hotpoint HT 9201I W O3 Руководство по эксплуатации
- Maunfeld Bath Plus 402IL Руководство по эксплуатации
- Realme Note 50 4/128GB Night Black (RMX3834) Руководство по эксплуатации
- Hanskonner HID2180M Руководство по эксплуатации
- Realme Note 50 3/64GB Sky Blue (RMX3834) Руководство по эксплуатации
- Realme Note 50 4/128GB Sky Blue (RMX3834) Руководство по эксплуатации
- Delonghi CGH923D Руководство по эксплуатации
- Атлант 1602-150 Руководство по эксплуатации
- Атлант 2835-08 серебристый Руководство по эксплуатации
- Kitfort КТ-2944 Руководство по эксплуатации
- Kitfort КТ-3127-1 Руководство по эксплуатации
- Kitfort КТ-3127-2 Руководство по эксплуатации
- Nikko Nano Omni X Future 10202 Blue Руководство по эксплуатации