Era СНК-300 Руководство по эксплуатации онлайн [10/16] 435793
1. Турукташтыргычтын арналышы
Чыңалуунун ЭРА турукташтыргычын тандагандыңыз үчүн Сизге рахмат.
Чыңалуунун ЭРА турукташтыргычы үй тиричиликке арналган жүктөмдөрдүн тармактык чыңалуусунун
маанилеринин четтөөлөрүндө азыктын туруктуу бир фазалуу чыңалуусун сактоо үчүн арналган.
2. Чыңалуунун турукташтыргычын тандоо
Чыңалуунун турукташтыргычын тандоодо көңүл бура турган негизги баштапкы берилмелер:
• кирүүчү чыңалуулардын диапазону;
• турукташтыргычтын толук кубаттуулугу;
• жүктөмдүн керектөө кубаттуулугу.
Турукташтыргычты тандоодо биринчи кадам болуп анын кубаттуулугун эсептөө саналат. Сиз кандай
электр жабдууну: бир шайманды, шаймандардын тобун (тармактагы чыңалунун өйдө-ылдый болуусун
көбүрөөк сезгич) же болгон үй (кеңсе) техникасын коргошуңуз керектигин аныктооңуз зарыл. Андан кийин
турукташтыргычка туташтырылуучу электр керектөөчүлөрдүн суммалык кубаттуулугун эсептөөнүз зарыл.
Чыңалуунун турукташтыргычынын кубаттуулугун тандоонун негизги шарты- ага туташтырылуучу
жүктөмдүн суммалык кубаттуулугу турукташтыргычтын өзүнүн кубаттуулугунан ашпоого тийиш (каршы
учурда турукташтыргычтын автоматикасы аларды оңой эле өчүрөт). Так маанилерди Сиздин анык
керектөөчүңүздүн паспорттук берилмелеринен гана билсеңиз болот.
Мындан ары электр кыймылдаткычтары менен керектөөчүнүн толук кубаттуулугун эсептөө үчүн Активдүү
жана Реактивдүү жүктөм деген түшүнүктөрдү киргизүү зарыл. Активдүү жүктөм ватт менен өлчөнөт.
Жүктөмдүн бул түрүнүн керектелүүчү электр энергиясы, энгергиянын башка, мисалы: жылуулук же жарык
(телевизорлор, жуугуч аспаптар, үтүктөр ж.б.) түрлөрүнө айланат. Реактивдик жүктөм (бул калган бардык
жүктөмдөрдүн түрлөрү) индуктивдик жана сыйымдуулуктук жүктөмдөн турат. Ошентип, толук кубаттуулукту
(ВА) жана активдүү кубаттуулукту (Вт) дайыма Cos(Fi) коэффициенти байланыштырып турат. Мисалы,
электр кыймылдаткычтуу (үй тиричилик техникасы, электр аспабы), каалаганадай шайман үчүн толук
керектөө кубаттуулугун эсептөө үчүн белгилүү бир эреже колдонулат. Ушундай түзмөктөрдө, ватт менен
активдүү болгон кубаттуулук маркирленип көрсөтүлөт. Мисалы, чаң соргуч үчүн 1000 Вт кубаттуулук
көрсөтүлгөн. Эгерде шайманда коэффициент көрсөтүлбөсө, анда аны жакындатылган 0,7 катары кабыл
алуу керек, анын толук кубаттуулугун (ВА), активдүу кубаттуулугун коэффициентке бөлүү керек. 1000/0,7 =
1428 ВА алабыз. Бул учурда түзүлүшүндө электр кыймылдаткычтары караштырылган керектөөчүлөр үчүн,
керектөөчүнүн паспортунда, заматта номиналдан 3-7 маанилерине жете турган, ишке киргизүүчү токторду
эсептебестен анын номиналдуу кубаттуулугу көрсөтүлгөндүгүн эске алуу маанилүү. Туташтырылуучу
жүктөмдүн жалпы кубаттуулугу ошондой эле турукташтыргычтын кирүүсүндөгү чыңалуудан да көз каранды
болот. Сиз кубаттуулук жөнүндөгү берилмелерди кийинки графиктен болжолдуу алсаңыз болот:
25-30% жүктөмдүн кубаттуулугу боюнча көрөңгөсү менен чыңалуунун турукташтыргычынын моделин
тандоо сунуш кылынат. Биринчиден, Сиз турукташтыргычтын “аёочу” иш режимин камсыз кыласыз,
аны менен кызмат мөөөнөтүн көбөйтүп, экинчиден, кошумча жабдууну туташтыруу үчүн кубаттуулуктун
булагын өзүңүзгө түзөсүз.
3. Турукташтыргычты пайдаланууда сактык чаралары
Тыюу салынат:
• Турукташтыргычты өз алдыңызча чачууга жана чачылган абалда тармакка туташтырууга
• Турукташтыргычты ашыкча жүктөөгө. Турукташтыргычты узак убакытка ашыкча жүктөө анын тезден
өчүүсүнө жана анын кызмат мөөнөтүнүн кыскарышына, бузулушуна алып келет.
• Турукташтыргычты жердетүүсүз туташтырууга
• Жарылууга кооптуу же химиялык активдүү чөйрөсү менен орунжайларда, ошондой эле нымдын таасир
берген шарттарында (суунун конденсатынын пайда болушу), ачык жерлерде иштөөсүнө жол берүүгө
• Турукташтыргычты каалагандай нерселер менен жабууга, желдетүүчү тешиктерди жабууга,
турукташтыргычка бардык суюктуктарды куюга жол берүүгө
• Күйүп жаткан изоляцияга мүнөздүү түтүн, жыт пайда болгондо, катуу добуш чыкканда (иштеп жаткандагы
чыкылдактар-анын иштешинин мүнөздүү өзгөчөлүгү жана бузук болуп эсептелинбейт), корпусу
сынганда же анда жаракалардын пайда болуусунда, турукташтыргычтын кабелинин зыянга учуроосунда
турукташтыргычты пайдаланууга.
4. Туташтыруу тартиби жана иштөө шарттамы
Турукташтыргычты ташыгандан же терс температураларда сактагандан кийин аны күйгүзүүдөн
мурда пайдалануу шарттарында 3 сааттан кем эмес кармоо керек. Корпусуна жана күч кабелине
доо кетпегендигин аныктоо максатында, буюмду карап чыгуу керек. Шайманды балдардын жана үй
жаныбарларынын жеткиликтүүлүгүн чектөө менен, ашыкча ысып кетүүдөн алдын алуу үчүн, күндүн
тике тийген нурларынан жана жылыткыч шаймандардан алыс орнотуу сунушталат. Тиричилик
тармакка тармактык кабелди туташтырыңыз, ал эми турукташтыргычтын розеткасына керектөөчүлөрдү
туташтырыңыз. Турукташтыргычты күйгүзүү үчүн, беттик панелдеги өчүргүчтү «КҮЙ» абалына которуу
керек. Турукташтыргыч кирүүчү чыңалуу жол берилген чектерде тургандыгын текшерип, күйгүзүүнү
кечиктирүү убакыты бүткөндөн кийин, ага туташтырылган электр шаймандарына жүктөм берет.
Турукташтыргыч керектөөчүгө жол берилген диапазондо тиричилик тармагынын чыңалуусунда азык
берет. Иштөөнөнүн ченемдүү шарттамында дисплейде чыңалуунун «220» чоңдугу көрүнөт. Үй тиричилик
тармагынын чыңалуусунун №1 таблицада көрсөтүлгөн диапазондон чыгышында, иш жүзүндөгү чыңалуу
көргөзүлөт. Бул учурда дисплейде тиешелүү: «L» - кириш чыңалуу төмөн, «H» - кириш чыңалуу жогору
(мындай символдо бардык шаймандарды тиричилик тармагынан өчүрүү сунуш кылынат) символдору
көрүнөт.Кириш чыңалуусун жол берилген чектерде коюуда турукташтыргыч кечиктирүү убакытын
KG
Содержание
- Снк 300 снк 600 снк 1000 1
- Технические характеристики техникалық сипаттамалары техникалык мүнөздөмөлөрү տեխնիկական բնութագրիչներ 3
- Снк 300 4
- График зависимости мощности нагрузки от входного напряжения жүктеме қуатының кіру кернеуінен тәуелділік кестесі жүктөмдүн кубаттуулугунун кириүүчү чыңалуудан көз карандылыгынын графиги բեռնվածության հզորության կախվածության գրաֆիկը մուտքային լարումից 5
- Гарантийный ремонт производится при наличии у покупателя правильно и четко заполненного гарантийного талона кепілді жөндеу сатып алушыда дұрыс және айқын толтырылған кепілдік талоны болған жағдайда кепилдик оңдоо сатып алуучунун туура жана так толтурулган кепилдик талону болгондо гана жүргүзүлөт երաշխիքային նորոգումն իրականացվում է գնորդի մոտ ճիշտ և հստակ լրացված երաշխիքային կտրոնի առկայության դեպքում 14
- Гарантийный талон кепілдік талоны кепилдик талону երաշխիքային կտրոն 14
- Отметка о проведённом ремонте заполняет сотрудник сервисного центра жүрізілген жөндеу туралы белгі сервистік орталықтың қызметкері толтырады жүргүзүлгөн оңдоо тууралуу белгилөө кызмат көрсөтүү борборунун кызматкери толтурат նշում կատարված նորոգման մասին լրացնում է սպասարկման կենտրոնի աշխատակիցը 14
- Подпись покупателя сатып алушының қолы сатып алуучунун кол тамгасы գնորդի ստորագրությունը 14
- С условиями гарантии ознакомлен а к комплектации и внешнему виду товара претензий не имею кепілдік шарттарымен таныстым тауардың жиынтықтамасына және сыртқы түріне шағымым жоқ кепилдиктин шарттары менен тааныштым товардын топтомдолушуна жана сырткы көрүнүшүнө дооматым жок ծանոթացել եմ երաշխիքային պայմաններին ապրանքի լրակազմի և արտաքին տեսքի վերաբերյալ պահանջներ չունեմ 14
- Отметка о проведённом ремонте заполняет сотрудник сервисного центра жүрізілген жөндеу туралы белгі сервистік орталықтың қызметкері толтырады жүргүзүлгөн оңдоо тууралуу белгилөө кызмат көрсөтүү борборунун кызматкери толтурат նշում կատարված նորոգման մասին լրացնում է սպասարկման կենտրոնի աշխատակիցը 15
- Www eraworld ru 16
Похожие устройства
- Xiaomi Mi Bluetooth Headset Basic Black Руководство по эксплуатации
- CHAIRMAN 696 Silver Red Руководство по эксплуатации
- First Alert CO710 Руководство по эксплуатации
- First Alert CO400 Руководство по эксплуатации
- First Alert PRC710/PC1210 Руководство по эксплуатации
- First Alert PR710/P1210 Руководство по эксплуатации
- First Alert PRC700/PC1200 Руководство по эксплуатации
- First Alert PR700/P1200 Руководство по эксплуатации
- Digma DiVision 201 Black Руководство по эксплуатации
- Digma DiVision 201 White Руководство по эксплуатации
- D-Link DIR-878/RU/R1A Руководство по эксплуатации
- D-Link DIR-825/RU/R1A Руководство по эксплуатации
- D-Link DIR-815/RU/R1A Руководство по эксплуатации
- D-Link DIR-615/T4С Руководство по эксплуатации
- JBL Endurance PEAK Red ( Руководство по эксплуатации
- JBL Endurance PEAK Blue ( Руководство по эксплуатации
- JBL Endurance PEAK Black ( Руководство по эксплуатации
- Interstep QI + СЗУ QuickCharge 10W White Руководство по эксплуатации
- Interstep QI + СЗУ QuickCharge 10W Dark Blue Руководство по эксплуатации
- JBL Everest 110GA BT Blue Руководство по эксплуатации