Атлант XM 4709-100 Инструкция по эксплуатации онлайн [52/56] 643692

Атлант XM 4709-100 Инструкция по эксплуатации онлайн [52/56] 643692
52
KYR
туура болуп саналат. Тоңдурулуучу азыктын катмары канчалык
жука болсо, тоңдуруу ошончолук ылдам, сапаты жогору жана
сактоо мөөнөтү узак болот. Таңгак азыкка тыгыз жабылышы жана
герметикалуу жабылышы керек.
ТБ тоңдурулган тамак-аш азыктарын сактоо мөөнөтү боюнча
сунуштамалар (үй шартында) 2-таблицада келтирилген.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Өндүрүүчүнүн таңгагында көрсөтүлгөн
тоңдурулган азыктарды сактоо мөөнөтүн сактаңыздар.
7.3 АШ МУЗУН ДАЯРДОО
7.3.1 Муз тоңдуруучу форманын төрттөн үч бөлүгүн ичүүчү суу
менен толтуруу жана ТБ тоңдуруучу зонасына салыңыз, МХ-2822-ХХ,
МХ-2823-ХХ – тоңдуруучу бөлүктүн каптал беттерине жакын.
7.3.2 Эгерде негизги форманы 5 секундга жылуу сууга са-
лып, андан соң форманы оодарып, бир аз ийсе муз кубиктери
жеңил чыгат.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Муз кубиктерин формадан чыгарып
аларыңыздар менен оозго салбаңыздар жана жабышып
калбоосу үчүн суу колдоруңуздар менен тоңдурулган азык-
тарды кармабаңыздар.
7.4 Сунушталбайт:
муздаткычка ысык тамакты коюу. Аларды алдын ала бөлмө
температурасына чейин суутуңуздар;
— эритилген азыктарды кайра тоңдурууга.
8 МУЗДАТКЫЧТЫН ИШТӨӨ ӨЗГӨЧҮЛҮКТӨРҮ
8.1 Эгерде МБ же ТБ жаңыдан жабылган эшиктерин ачууга
мүмкүн болбосо, камеранын ичиндеги басым тышкы басым менен
теңелгиче 1ден 3 минутага чейин күтүп туруп, анан ачуу керек.
8.2 Муздаткыч функциялуу мүнөздөгү дүрүлдөгөн үн чыгарып
иштейт жана ал кандайдыр бир кемтик менен байланыштырууга
болбойт.
Муздаткычтагы температураны белгиленген температурада
кармап туруу үчүн компрессор күйүп-өчүп турат. Ошол учурда
чыккан үн муздаткычатыг жумушчу температура калыбына кел-
генде автоматтык түрдө тынч болуп калат.
Муздаткычтын айрым моделдеринде компрессор күйгөн
(өчкөн) кезде чыкылдаган дабыш чыгышы мүмкүн температу-
ранын датчик-релеси иштеп жатат.
Шылдыраган үн муздаткыч системаларынын түтүктөрүндөгү
хладагенттин циркуляциясын коштойт, ал эми чыртылдоо ма-
териалдардын температуралык кеңейиши менен байланышта.
Билинер-билинбес гүүлдөк No Frost системасындагы муздат-
кычтын желдеткичинен чыгат.
8.3 Муздаткычты пайдалануу процессинде кошумча дабыш-
тар болушу мүмкүн.
Дүрүлдөгөн үндүн күч алышы комплектөөчүлөрдүн (айнек
текчелердин, идиштердин ж.б.) туура эмес орноштулушунан же
идиштердин муздаткычта турган азыктарга жанаша туруусунан
келип чыгышы мүмкүн. Комплектөөчүлөрдү кайта орнотуу же
жанашып калгандарды бири-биринен ажыратуу менен дабышты
жойсо болот.
Транспорттогон учурда (орун которуу же тазалагандан кий-
ин туура эмес орнотулса) муздаткычтын башка элементтери
бири-бирине тийген болсо, алар дагы дабыштын булагы катары
чыгышы мүмкүн. Муздаткычтын элементтеринин абалын жөнгө
салгандан кийин же аларды тууралап орноткон соң муздаткыч
иштегенде чыккан кошумча дабыштарды жоюуга болот.
8.4 Конденсаттын пайда болушунун алдын алуу үчүн муз-
даткычтын шкафы төмөнкү ТБ эшигинин периметри боюнча
же муздаткычтын жогорку ТБ туура кеткен зонасы жылытылат
(тиркемени караңыз).
Жылытуу температурасы айлана-чөйрөнүн температу-
расынан, ТБ сакталган азыктардын санынан, ошондой эле
конденсатордун булгануу деңгээлинен көз каранды. Муздаткыч
иштеп жаткан кезде жылытуу температурасынын жогорулоосу
бузулгандык болуп санлбайт.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Жылына бир жолудан кем эмес
9-сүрөткө ылайык, алдын ала муздаткычты дубалдан бери
карай жылдырып алып, анын арткы бетин жана конденса-
торду чаң соргуч менен тазалаңыздар. Конденсатордогу чаң
электр энергиясынын ашыкча чыгымдалышына алып келет.
8.5 Электр тарамындагы чыңалуу айрмаланган учурда муз-
даткыч жумушчу чыңалуу калыбына келгенден кийин кечигүү
менен иштей баштайт.
8.6 Иштеп жактан учурда муздаткычтын үстүңкү беттеринде
муздаткычтын иштешине таасирин тийгизбеген жана жылуулук
изоляциясын начарлатпаган, жылуулук изоляциясы материал-
дарынын касиеттеринен улам келип чыккан билинер-билинбес
текши эместикке жол берилет.
9 ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН САРАМЖАЛДОО
БОЮНЧА СУНУШТАР
9.1 Муздаткычтын электр эгнергиясын керектөөсү айлана-
чөйрөнүн температурасы, орнотулган жери ж.б. көптөгөн шарт-
тардан көз каранды.
9.2 Муздаткычты кургак, жакшы шамалдатылуучу жайда
ысытуучу приборлордон жана башка жылуулук булактарынан 50
см кем эмес аралыкта орнотуу керек. Муздаткычты күн нурлары
түз тийген жерге орнотууга болбойт.
Муздаткычтын үстүнөн жана анын капталдарынан аба цир-
куляциясын камсыз кылуу үчүн 5 см кем эмес аралыкта бош
мейкиндик болууга тийиш.
Жайдын дубалына чейинки оптималдуу аралыкты камсыз
кылуу үчүн арткы таянычтарды (жеткирип берүү комплектинде
бар болсо) коюу зарыл.
Прибордун желдетүүчү тешиктерин тосуп койбоңуздар.
9.3 МБ айнек текчелерди жана комплектөөчүлөрдү бөлүктөгү
абанын циркуляциясын камсыз кылуу үчүн бийиктиги боюнча
текши жайгаштыруу сунушталат.
ТБ чабыраларын зарыл учурда муздаткычтан алып салууга
болот, бирок чабыраны пайдалануу кыйла эффективдүү энерги-
ялык керектөөнү камсыз кылат.
No Frost системасындагы муздаткычты ТБ төмөнкү чабыра-
сыз пайдаланууга жол берилбейт.
9.4 Прибордун энергияны керектөөсү бөлүктөгү белгиленген
температурадан көз каранды. Керектүү деңгээлден төмөн тем-
ператураны белгилөө сунушталбайт.
Температура канчалык жогору (жылуу) болсо, ошончолук
энергияны керектөө төмөн, бирок азыктарды сактоо мөөнөтү
кыскарат.
9.5 Азыктарды муздаткычка салган кезде прибордогу музда-
туу зонасынын жайгашуусун эске алуу керек.
МБ эң суук зона жашылча—жемиштер идишинин үстүндө, эң
жылуу зона – жогорку текчеде жайгашкан.
ТБ шарттуу түрдө эки зонага бөлүнөт: биринчи зона
тоңдурулган азыктарды тоңдуруу үчүн дагы, сактоо үчүн дагы,
ал эми экинчи зона тоңдурулган азыктарды сактоо үчүн гана
пайдаланылат.
9.6 Муздаткычка ысык тамакты жана суусундуктарды салууга
болбойт. Компрессордун узак убакыт иштөөсүнө жана тиешелүү
түрдө электр энергиясынын чыгымынын жогорулоосуна алып
келе турган бөлүктөгү температуранын жогорулоосунан качуу
үчүн, аларды алдын ала бөлмө температурасына чейин музда-
туу керек.
Азыктарды төмөнкүдөй жайгаштыруу сунушталбайт:
No Frost системасынын (бар болсо) аба каналдарын жаап
калбашы үчүн, бөлүктөүн арткы бетине такай коюуга;
бөлүктөгү температура датчигине (бар болсо) такай коюуга.
9-сүрөт
конденсатор
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является

Содержание

Похожие устройства

Скачать