Vitek VT-8514 W [21/24] Кыргыз

Vitek VT-8514 W [21/24] Кыргыз
21
КЫРГЫЗ
Блендер иштеп турган учурда балдарга
мотор сапсалгысын жана электр шнурун
тийүүгө уруксат бербеңиз.
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
Шайман иштеп турганда же иштөө
циклдердин арасында аны балдар жетпеген
жерде сактаңыз.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
инструкциялаган болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз. Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
Электр шнурунун, сайгычтын бузулуулары
мезгилдүү түрдө текшерип туруңуз: аларда
эч кандай бузулуулар болбоо зарыл.
Электр шнурдун же сайгычтын бузулган
жерлери болсо же шайман иштеп-иштебей
турса жана шайман кулап түшкөндөн кийин
аны колдонгонго тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды оз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же шайман
кулап түшкөн учурларда аны розеткадан
суруп, кепилдик талонундагы же www.vitek.ru
сайтындагы тизмесине кирген автордо-
штурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
Бузулуулар пайда болбоо үчүн шайманды
заводдук таңгагында гана транспорттоо
зарыл.
Шайманды балдардын жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдардын колу жетпеген
жерлерде сактаңыз.
АСПАП ТУРАК ЖАЙЛАРДА ТУРМУШ-
ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН,
КОММЕРЦИЯЛЫК КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ
ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
Шайманды толугу менен таңгактан чыгарып,
шаймандын иштөөсүнө тоскоолдук кылган
ар кандай чаптамаларды сыйрып алыңыз.
Түзмөктүн бүтүндүгүн текшерип, эгер
кандайдыр жери бузук же сынык болсо,
колдонбоңуз.
Шайманды иштеткенден мурун шаймандын
иштөөчү чыңалуусу электр тармагынын
чыңалуусуна ылайык болгонун текшерип
алыңыз.
Шайманды биринчи жолу колдонуунун
алдында анын болгон чечилме
бөлүктөрүн (1, 2, 3) нейтралдуу жуучу
каражат менен жылуу сууга жууп, кургатып
алыңыз.
Мотор сапсалгысын (5) бир аз нымдуу
жумушак чүпүрөк менен сүртүп, андан
кийин кургатып сүртүңүз.
Мотор сапсалгысын (5) ар кыл
суюктуктарга салууга жана аны сууга
жууганга тыюу салынат.
Блендерди тегиз туруктуу беттин үстүнө
гана орнотсоңуз болот.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Блендердин токтоосуз
иштеген убактысы 3 мүнөттөн ашпай,
иштеткен убакыттардын арасындагы
тыныгуулар 10 мүнөттөн кем болбогону
зарыл.
Шайман иштеп турган учурунда блендердин
идиши (3) менен капкагын (2) чечүүгө тыюу
салынат.
БЛЕНДЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ
Блендердин идишин (3) мотор
сапсалгысына (5) орнотуңуз, ал үчүн
идиштин туткасын (3) оң колуңуз менен
кармап, идишти (3) мотор сапсалгысына (5)
«
» орнотуп идишти (3) саат жебесинин
багытына каршы бекитилгенине чейин «
»
бураңыз.
Керектүү ингредиенттерди идишке (3)
салыңыз.
Капкакты (2) табака (3) киргизиңиз.
Өлчөмдүү чынысын (1) капкактын тешигине
(2) киргизиңиз.
IM VT-8514.indd 21 01.11.2018 17:15:39
Скачать