Vitek VT-1639 [21/24] Кыргыз
![Vitek VT-1639 [21/24] Кыргыз](/views2/2005673/page21/bg15.png)
21
КЫРГЫЗ
Эскертүү:
Табакта (5) азыктар жок болгондо түзмөктү
иштетпеңиз.
Иштетиле турган азыктардын көлөмү
табактын (5) көлөмүнүн 2/3 ашпай, бычактын
кесүү миздеринен (4) төмөн болбогону зарыл.
Чопперди иштеткенде милдеттүү түрдө
жылмышпас түпкүчтү колдонуңуз.
• Капкактагы (3) чыгып турган жайларын
идиштеги (5) оюктар менен дал келтирип,
капкакты (3) идишке (5) орнотуңуз.
• Капкактагы (3) «▲» белгисин мотор
сапсалгысындагы (2) «▼» белгиси менен
дал келтирип мотор сапсалгысын (2)
капкактын (3) үстүнө орнотуңуз.
• Тармактык шнурдун айрысын электр
розеткасына сайыңыз.
• Чопперди иштетүү үчүн иштетүү «I» баскычын
(1) же максималдуу ылдамдыкты иштетүү
«II» баскычын басыңыз (таблицаны караңыз).
Эскертүү:
Азыктарды майдалатуу татаал болсо же
азыктын деңгээли бычактардын кесүүчү
кырынан ылдый болсо, бир аз суюктукту (суу,
шире, шорпону) кошуңуз.
• Шайманды иштеткенде баскычты (1 же 1а)
бир колуңуз менен басып, табагын (5) башка
колуңуз менен кармап туруңуз.
• Чопперди иштеткенден кийин бычагы (4)
токтогонун күтүңүз.
• Тармактык шнурунун айрысын розеткадан
сууруңуз.
• Мотор сапсалгысын (2) капкактан (3)
чечиңиз.
• Капкакты (3) табактан (5) чечиңиз.
• Бычагын (4) пластмасса хвостовигинен
кармап, абайлап чыгарыңыз.
• Майдалаткан азыктарды чоппердин
табагынан (5) чыгарыңыз.
Көңүл буруңуз!
Көрсөтүлгөн кыймыл аракеттердин
ырааттуулугун сактаңыз.
Чоппердин токтоосуз иштетүү мөөнөтү
30 секундадан ашпаганы зарыл, андан соң
шайманды 2 минутанын ичинде муздатыңыз.
Табактын максималдуу көлөмүн колдонсоңуз,
шайманды үй температурасына чейин
муздаганына убакыт бериңиз.
Бычакты (4) пластмасса хвостовигинен гана
кармаңыз.
Эскертүү: Майдалатуу убагында азыктар
табактын чектеринде топтолсо, мотор
сапсалгысын (2) капкактан (3) чечип,
табакты (5) акырын силкип алыңыз, андан
соң азыктарды майдалатууну улантсаңыз
болот.
Оптималдуу натыйжа үчүн таблицадагы маалыматты колдонуңуз:
Азык Максималдуу
салмак/көлөм
Максималдуу
мөөнөт (сек)
Рекомендацияланган
ылдамдык
Бышкан жумуртка 200 г 10 II
Сарымсак 150 г Кыска басуу I
Сан эт 200 г 15 II
Жаңгак 100 г 15 II
Пияз 200 г Кыска басуу I
Петрушка 30 г 10 I же II
Калемпир 0,2 л 30 II
Эт 150-200 г 15 II
Эскертүү: таблицадагы болгон маалымат сунуш катары берилген.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Бычактын (4) кесүүчү
чектери абдан учтуу болуп, коопсуздука
коркунучту жаратат. Бычактарды абдан
абайлап колдонуңуз!
Табактан (5) башка чоппердин чечилме
бөлүктөрүн идиш жуучу аспапта жууганга
тыюу салынат.
• Түзмөктү тазалоодон мурун электр
тармагынан чыгарыңыз.
• Мотор сапсалгысын (2) капкактан (3)
чечиңиз.
• Капкакты (3) табактан (5) чечиңиз.
• Акырындык менен бычакты (4) чыгарыңыз.
• Чечилме бөлүктөрдү жылуу самын сууга
жууп, чайкап, жакшылап кургатып алыңыз.
IM VT-1639.indd 21 27.02.2019 16:12:53
Содержание
Похожие устройства
- Sinbo SBS 4429 RD Руководство по эксплуатации
- Tefal SV6038 FASTEO Руководство по эксплуатации
- Tefal PY303633 Руководство по эксплуатации
- Tefal PP1133 Classic Руководство по эксплуатации
- Tefal PP1063 Premiss Pink Руководство по эксплуатации
- Tefal PP1070 Premiss Flower Руководство по эксплуатации
- Tefal PP1144V0 Руководство по эксплуатации
- Tefal KI760D Руководство по эксплуатации
- Tefal KO2701 Aqua II Руководство по эксплуатации
- Tefal KI270D Confidence Руководство по эксплуатации
- Tefal KI270 Subito IV Руководство по эксплуатации
- Tefal KI230D30 Express II Руководство по эксплуатации
- Tefal GC205012 Руководство по эксплуатации
- Tefal FV9834 Руководство по эксплуатации
- Tefal FV9775 Ultimate Anti-calc Руководство по эксплуатации
- Tefal FV5615 Turbo Pro Руководство по эксплуатации
- Tefal FV2548 Руководство по эксплуатации
- Tefal FV1844 Maestro 2 Руководство по эксплуатации
- Scarlett SF-111B17 Руководство по эксплуатации
- Samsung W65K42E09W Руководство по эксплуатации