Атлант 7204-501 Руководство по эксплуатации онлайн [41/44] 780183

Атлант 7204-501 Руководство по эксплуатации онлайн [41/44] 780183
41
KYR
-



 Сунушталбайт:
тоңдургучка ысык азыктарды салбоо керек. Аларды алдын
ала бөлмө температурасына чейин муздатып алуу керек.
– эритилген азыктарды кайра тоңдурбоо керек.
   
7.1 Эгерде азыр эле жабылган тондургучтун эшиги ачылбай
калса, 30 секунда күттө туруңуз, тондургучтун ичиндеги басымы
сырткы басымы менен катарга түздөшүү керек, жана эшикти
ачыш керек.
7.2 Тоңдургучтун иши шуулдоо менен коштолуп турат, ал
функционалдык мүнөзгө ээ жана кандайдыр бир дефект менен
байланышкан эмес.
Тоңдургучтун арткы деңгээлиндеги температтураны кармап
туруу үчүн компрессор маал-маалы менен өчүрүлүп, күйгүзүлүп
турат. Бул учурда пайда болгон үн тоңдургучта жумушчу темпе-
ратура пайда болгондо автоматтык түрдө азайат.
Шуулдоо үндөрү муздатуучу тутумдун түтүктөрү боюнча
хладагенттин айланышын коштоп турат, ал эми чыртылдоолор
материалдардын температуралык кеңейүүсүнө байланышкан.
Бир аз дырылдоо No Frost тутуму менен тоңдургучтагы жел-
деткичтин иштөөсү менен байланыштуу.
7.3 Тоңдургучту колдонуу процессинде кошумча үндөрдүн
булактары пайда болушу мүмкүн.
Шуулдактын күчөшү тоңдургучту, тоңдургучта жайгашты-
рылган жыйындылардын туура эмес орнотуудан келип чыгышы
мүмкүн. Тоңдургучту кайра коюу менен үнүн акырындатса болот.
Шуулдактын булагы болуп тоңдургучтун элементтери болушу
мүмкүн (конденсатор, түтүктөр, зымдар), эгер ташуудан (жылды-
руудан же жыйнагандан кийин туура эмес орнотуудан) кийин алар
бири-бирине тийишип калса.
7.4 Тоңдургучтун шкафы эшиктин периметри боюнча жылыйт,
ал конденсаттын пайда болушунун алдын алат. Жылуу температу-
расы айлана чөйрөнүн температурасынан, тоңдургучта сакталган
азыктардын санынан, ошондой эле конденсаттын булганышынан
көз каранды. Тоңдургучтун иш процессинде температуранын
жылып кетиши бузулгандык болуп саналбайт.
    

-

    

7.5 Тоң дург учтун бетинде өндүрүү убагында пайда болгон,
көзгө көрүнбөгөн майда, жылуулукту обочолоткон материал-
дын касиеттеринен улам чыккан текши эместиктердин болушу
тоңдургучтун ишине таасир этпейт жана жылуулукту обочоло-
тууну начарлатпайт.
    

Тоңдургучтун электр кубатын керектөөсү айлана-чөйрөнүн
температурасы, орнотулган жери сыяктуу жана башка шарттарга
байланыштуу.
Тоңдургучту кургак, жакшы желдетүүчү бөлмөдө ысыту-
учу приборлор жана башка жылуу булактарынан кем дегенде 50
см аралыкта орнотуу керек. Тоңдургучка түз күн нурларынын
түшүшүн болтурбоо керек.
Тоңдургучтун үстүндө жана анын жан жактарынан абанын
айланышын камсыз кылуу үчүн кем дегенде 5 см аралыкта бош
мейкиндик болушу керек.
Бөлмөнүн дубалына чейин абдан ылайыктуу аралыкты кам-
сыз кылуу үчүн арткы таканчыктар орнотуу кажет.
Прибордун желдетүүчү тешиктерин тосмоңуз.
 Кажет болсо себеттерди тоңдургучтан чыгарууга болот,
бирок себеттерди пайдалануу энергияны көбүрөөк натыйжалуу
керектөөнү камсыздандырат.
No Frost тутуму бар тоңдургучту төмөнкү себетсиз пайдала-
нууга жол берилбейт.
Прибордун энергияны керектөөсү камерада орнотулган
температурага байланыштуу. Кажетти деңгээлден төмөн темпе-
ратураны орнотуу сунуш кылынбайт.
Орнотулган температура канчалык жогору (жылуу) болсо,
энергияны керектөө ушунчалык төмөн болот. Бирок азыктарды
сактоо мөөнөтү кыскарат.
Тоңдургучка ысык азыктар жана суусундарды жайгаш-
тырууга болбойт. Тоңдургучтун температурасы көтөрүлүшүн
болтурбоо үчүн, аларды алдын ала бөлмө температурасына
чейин суутуу керек, антпесе бул компрессор жумушунун узакты-
гы артышына, жана буга жараша электр кубатынын чыгымдары
жогорулашына алып келет.
Азыктарды:
No Frost (бар болсо) тутумунун аба каналдарын жаап койбоо
үчүн арткы дубалга такай жайгаштыруу;
температура көрсөткүчкө (бар болсо) такай жайгаштырууга
сунуш кылынбайт.
Сактоо же тоңдурууга арналган азыктарды жылчыксыз
таңгактоо же жабык сыйымдуулуктарга салып коюу керек
Тоңдургучтун эшигин өтө кыска убакытка ачууга сунуш
кылынат. Эшикти жыш жана узак убакытка ачуу бөлүмдөрдөгү
температуранын көтөрүлүшү, жана буга жараша электр кубаты-
нын чыгымдары жогорулашына алып келет.
 No Frost тутуму жок тоңдургучту үзгүлтүксүз эритип
туруу керек. Бууландыргычта кыроонун пайда болушу суутуучу
агрегат жумушунун натыйжалуулугун төмөндөшү жана энергия
керектөөнүн артышына алып келет.
 Конденсатор жана тоңдургучтун арткы дубалын
үзгүлтүксүз чаң соргучтун жардамы менен тазалап турууга сунуш
кылынат. Конденсатордо чаңдын пайда болушу электр кубатынын
чыгымдары жогорулашына алып келет.
    
 Таңгакталган тоңдургуч 80 % көп эмес салыштырма
нымдуулукта табигый желдетүүсү бар жабык имараттарда сак-
талышы керек.
 Эгер тоңдургуч узак убакытка пайдаланылбай турса, аны
электр түйүнүнөн ажыратып, бардык азыктарды алып чыгып, эри-
тип, жыйноо керек. Жыйнагандан кийин тоңдургучта жыт пайда
болбошу үчүн эшигин ачып коюу керек.
 Тоңдургучту жумушчу абалында (тик) жабык транспорттун
бардык түрүндө, бекем бекитип туруп ташуу керек.
Тоңдургучту жүктөө-түшүрүү иштеринде сокку басымына
дуушар кылуу 

   
.
    
  
 Керектөөчү тарабынан четтетиле турган бузулуулар 2-та-
блицада көргөзүлгөн. Эгер өз алдынча бузулууну оңдой албаса,
анда тейлөө кызматынын механигин чакыруу керек.
 Тейлөө кызматына кайрылган учурда тоңдургучтун
үлгүсүн жана заводдук номерин көргөзүү керек.
конденсатор

Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
Скачать