Coolfort CF-2033 [19/24] Кыргыз

Coolfort CF-2033 2033-CF-01 [19/24] Кыргыз
19
КЫРГЫЗ
«Жөн эле желпилдөө» режими индикаторлор менен
көрсөтүлбөйт.
Аба агымын таңдоо иштөө режимин иштетүү үчүн
аралыктан башкаруу пультундагы (27) «MODE»
баскычын (22) улам басыңыз, ошондо индикатор
(25) өчөт.
Желпимени өчүрүү үчүн (19) «ON/OFF» баскычын
же аралыктан башкаруу пультундагы (27) «POWER»
(19) баскычын басыңыз
Желпименин мотор сапсалгысынын (9) абалын
керектүү желдетүү бурчуна вертикалдуу
жалпактыкта жөндөсөңүз болот, желпименин
эңкейүү бурчу кол аркылуу коюлат. Желпименин
эңкейүү бурчун жөндөтүү үчүн мотор сапсалгысын
(9) бир аз күч салып өйдө же ылдый жака басыңыз.
Желпиме эңкейгенинде тырс эткени нормалдуу
көрүнүш.
КАРОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
Желпимени тазалоонун алдында (19) «ON/OFF»
баскычын же аралыктан башкаруу пультундагы (27)
(19) «POWER» баскычын басып аны өчүрүңүз да
кубаттуучу сайгычын электр розеткадан чыгарыңыз.
Түзмөктү тазалоо үчүн абразивдүү жуучу
каражаттарды жана эриткичтерди колдонууга тыюу
салынат.
Мотор сапсалгысын (9) бир аз нымдуу жумушак
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
Лопасттарды (3) тазалоосу зарыл болсо,
«Желпимени кураштыруу» бөлүктөгү кадамдарды
терс иретинде кайталап, алдынкы панжараны (1)
чечип, андан соң лопасттарды (3) бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп алыңыз.
Арткы панжарадагы (7) бекитмелерин ачыңыз.
Алдынкы панжараны (1) арткы панжарасына (7)
орнотуп, бекитмелерин жабыңыз.
Желпименин панжараларын чаң соргучка ылайыктуу
саптамаларды коюуп тазала саңыз болот.
Мотор сапсалгысын (9) сууга же башка суюктуктарга
салууга тыюу салынат. Желпиме бузулуусуна
жол бербегени же ток уруунун коркунучун жоюу
үчүн мотор сапсалгысына (9) эч кайсы суюктук
куюлбаганын байкап туруңуз.
САКТОО
Желпимени электр тармагынан ажыратып, аны
тазалап алыңыз.
Зарыл болсо, желпимени ажыратып алыңыз.
Алдынкы панжараны (1) чечип алыңыз, ал үчүн
лопасттардын бекитмесин (2) саат жебесинин
багыты боюнча бурап чечип, лопасттарды (3)
чечип, арткы панжаранын бекитме гайкасын (4)
бурап чечип, арткы панжараны (7) чечиңиз.
Бекитмени (11) бурап чечип, мотор сапсалгысын (9)
жылдырма штангадан (12) чечиңиз.
Бекитмени (17) бурап чыгарып, штанганы (14) жерге
коюлуучу таянычтан (15) чечиңиз.
Желпимени заводдук таңгагына салып, сактоого
балдардын жана жөндөмдүүлүгү төмөн адамдардын
колу жетпеген кургак салкын жерге алып салыңыз.
ЖЕТКИРҮҮНҮН ТОПТОМУ
Желпименин мотор сапсалгысы – 1 даана.
Алдынкы панжара – 1 даана.
Лопасттардын бекитмеси – 1 даана.
Лопасттар – 1 даана.
Бекитүү винттердин топтому – 1 даана.
Арткы панжара – 1 даана.
Телескоптук штанга бекитмеси менен – 1 даана.
Жерге коюлуучу түпкүч – 1 даана.
Аралыктан башкаруу пульту – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана
Кепилдик талону – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Желпиме
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 40 Вт
Лопасттардын диаметри: 36 см
Аралыктан башкаруу пульту
Азыктандыруу чыңалуусу: 3 В, азыктандыруу элементи
«CR2025» (топтомуна кирет)
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман менен
азыктандыруучу элементтердин (эгерде топтомго кирсе)
кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин турмуш-тиричилик
калдыктары менен бирге таштабаңыз, шайман менен
азыктандыруучу элементти андан ары утилизациялоо
үчүн адистештирлиген пункттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон
калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң
белгиленген жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча
маалымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, турмуш-
тирчилик калдыктарды утилизациялоо кызматына же бул
шайманды алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө принциптерине
таасир этпеген дизайнин, конструкциясын жана
техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын ала эскертпей
өзгөртүү укугун сактайт, ошол себептен шайман
менен колдонмонун арзыбаган айырмалар болуу мүмкүн.
Колдонуучу ушундай келишпегендиктерди тапса, ал
жөнүндө info@coolfort.ru электрондук почтасына жазып,
шаймандын жаңырланган версиясын алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маалыматтар
буюмду саткан сатуучудан алууга болот. Кепилдик
шарттарына ылайык талап кылып сатылган товарга чек
же дүмүрчөктү көрсөтүү керек.

Содержание

Похожие устройства

Скачать