Атлант СМА-80С1213-01 Руководство по эксплуатации онлайн [42/48] 800547

Атлант СМА-80С1213-01 Руководство по эксплуатации онлайн [42/48] 800547
42
KYR
1 МАШИНАНЫН ИШТӨӨ СЫПАТТМАСЫ
1.1 БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ
1.1.1 Машинанын башкаруу органдары 1-сүрөткө ылайык
башкаруу панелинде жайгашкан. Программаны тандоо туткасы
жана башкаруу баскычтары 2 жана 3-сүрөттөрдө чагылдырылган.
Машинаны иштетүү/өчүрүү баскычы машинаны
иштетүүгө/өчүрүүгө, кир жуу учурунда программаны жокко
чыгарууга арналган.
Программаны тандоо туткасы (мындан ары тутка)
2-сүрөткө ылайык эки тарапка тең буралат: сааттын жебесинин
айланышы боюнча жана ага карама-каршы. Тутканын айлана-
сында программалардын аталышы жазылган. Тандап алынган
программа тутканын айланасында жайгашкан тиешелүү жарык
индикаторлору боюнча күйүп белги берип турат.
«Старт/пауза»
баскычы тандап алынган программа
боюнча машинаны иштетүүгө (старт), ошондой эле кир жуу про-
граммасын жокко чыгарбастан машинанын ишине пауза кылууга
арналган. Кир жуу программасын аткаруу учурунда баскычтын
индикатору күйөт жана пауза кылган учурда күйүп-өчүп турат.
«Темп.
» температураны тандоо баскычы (мындан
ары –
баскычы) кир жуу программасында берилгенден ай-
ырмалана турган кир жуу температурасын тандоого мүмкүндүк
берет. Температуранын тандалган мааниси тиешелүү индикатор
боюнча күйүп белги берет.
«Отжим
» сыгуу учурунда барабандын айлануу жыш-
тыгын тандоо баскычы (мындан ары –
баскычы) сыгуу учу-
рунда барабандын айлануу жыштыгын кир жуу программасында
каралган максималдуу мааниден төмөн тандоого мүмкүндүк
берет. Сыгуу ылдамдыгынын тандалган мааниси тиешелүү ин-
диктор боюнча күйүп белги берет.
«Опция/3сек.» кошумча функцияларды тандоо баскычы,
анын ичинде графикалык символдор менен белгиленген
баскыч (мындан ары баскыч) кир жуу программасына кошумча
функцияларды кошууга мүмкүндүк берет. Тандап алынган функ-
ция тиешелүү индикатор боюнча күйүп белги берет.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
башка бардык башкаруу баскычтары
сенсордуу жана жеңил жанып өтүүдө иштей баштайт.
1.2 ЖАРЫК ИНДИКАТОРЛОРУ
1.2.1 Башкаруу панелинин индикация зонасында 3-сүрөткө
ылайык жарык индикаторлору каралган.
Кир жуу операцияларынын индикаторлору:
– чылоо,
– алдын ала жуу,
– жуу,
– чайкоо,
– сыгуу жана төгүү.
Кир жуу операцияларынын индикаторлору тандап алынган
программа боюнча машина иштеп жаткан учурда кезеги менен
күйүп турат.
1-сүрөт – Башкаруу панели 2-сүрөт – Программаны тандоо туткасы
ноочо
программаны
тандоо туткасы
машинаны иштетүү/
өчүрүү баскычы
«Старт/пауза» баскычы
Тез 15’/30’
Аралаш
Балдардыкы
Жинсы
Кара түстөгү
буюмдар
Шейшеп,
жаздыккап ж.б.
Деликаттуу жуу
Сүйүктүү программа
Синтетика
Жүн
Жибек
Спорт
Куюу/Сыгуу
Көйнөктөр
Чайкоо
индикация зонасы жана
башкаруу баскычтары
Пахта
Убакыт индикатору кир жуунун узактыгын, ошондой эле
«Кийинкиге калтырылган старт
» функциясы тандап алынса
кир жуу башталганга чейинки убакытты чагылдырат.
Кошумча функциялардын индикаторлору кошумча функ-
цияларды кошкон учурда жанат.
Каалгачаны блокко коюу индикатору эгерде каалгачаны
ачууга мүмкүн болбосо жанат.
Бузулуулар индикатору бузулуулар орун алган учурда
жанат.
1.3 КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАР
1.3.1 Кошумча функцияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү кир
жуу программасынан көз каранды (1-таблицаны караңыз).
«Кошумча чайкоо
» балдардын кийими, кир жуучу кара-
жаттарга аллергиясы бар адамдардын буюмдары үчүн, же кир
жуучу каражат анча жакшы чайкалбаган өтө жумшак суудагы
буюмдар үчүн пайдаланылат.
Кир жуу программасына функцияларды кошуу учурунда дагы
бир жолу чайкоо кошумчаланат.
«Сууну кошумчалоо
» кир жуу жана кийимди жакшылап
чайкоо үчүн чайкоо учурунда суунун деңгээлин жогорулатууга
мүмкүндүк берет.
«Чылоо
» кебез кездемеден жасалган абдан кирдеген
буюмдар үчүн каралган. Буюм кир жуучу каражатты кошуу менен
сууда 2 саат кармалат (улам-улам оодарып туруу керек), андан
соң тандап алынган программа боюнча жуулат.Кир жуунун сапа-
тын жакшыртуу максатында функцияны тандоо учурунда бир эле
мезгилде алдын ала жуу функциясы дагы кошулат тиешелүү
эки индикатор күйөт. Алдын ала жуу аяктагандан кийин чылоо
индикатору күйүп-өчүп баштаганда чылоо керек.
Кир жуулуп жаткан учурда «Чылоо» режимин өчүрүү үчүн
«Опция/3сек.» кнопкасын басыш керек машина тандалган
программасы боюнча иштеп баштайт.
«Алдын ала жуу
» кебез кездемеден жасалган абдан
кирдеген буюмдар үчүн каралган. Функцияны кошуу алдында
буюм 30
0
С температурадагы сууда кир жуучу каражатты кошуу
аркылуу кошумча жуулат, бул негизги жуу учурунда кирди таза
кетирүүнү камсыз кылат.
«Түнкү жуу
» машинанын акырын үн чыгарып иштөөсүн
камсыз кылуу үчүн пайдаланылат. Кир төмөнкү ылдамдыкта сы-
гылат, ошондой эле үн сигналы өчүрүп коюлат.
функциясын
өтө булганыч кийимдерди жуу учурунда колдонуу сунушталбайт.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Функцияны колдонгон учурда нерсе
акыр-аягына чейин сыгылбайт. Кир жуулгандан кийин зарыл
учурда «Төгүү/Сыгуу» программасын тандоо керек.
«Оңой үтүктөө
» кийин үтүктөөнү жеңилдетүү макса-
тында, кир жуу жана сыгуу процессинде кездеменин бырышып
калуусун азайтуу үчүн колдонулат. Функцияны колдонуу кир жу-
унун аяр режимин жана жуугандан кийинки бүктөмдөрдүн санын
азайтып акырын сыгууну камсыз кылат.
«Үнөмдүү режим
» электр энергиясын жана убакыт
үнөмдөө үчүн каралган. Функция орточо- жана бир аз кирдеген
буюмдарды жуу үчүн колдонулат.
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является

Содержание

Похожие устройства