Атлант СМА-80С1214-01 Руководство по эксплуатации онлайн [44/48] 800548

Атлант СМА-80С1214-01 Руководство по эксплуатации онлайн [44/48] 800548
44
KYR
кечеңдетүүнүн максималдуу убактысы жазылат. баскычын
жануу менен, керектүү убакытты коюу зарыл (көрсөтмөнү өзгөртүү
интервалы 1 саат).
Функцияны жокко чыгаруу үчүн убакыт көрсөткүчтө «Н:ХХ»
ордуна «кир жуунун убакыты» күймөйүнчө
кнопканы басуу
керек же программаны тандоо калеменин бураса функция
көрсөткүчү өчөт.
1.9 ПРОГРАММАНЫ КОШУУ ЖАНА КИР ЖУУП БАШТОО
19.1
баскычы менен тандап алынган кир жуу программа-
сы кошулат – баскычтын индикатору күйөт, үн сигналы берилет,
каалгачаны блокко коюу түзүлүшү иштейт жана кир жуу башталат.
Убакыт индикаторунда кир жуу аяктаганга чейин убакытты тескери
эсептөө башталат. Кир жуулуп жаткан учурда кир жуунун аткары-
лып жаткан операциясы, каалгачаны блокко коюу жана кошумча
функциялар (эгерде алар кошулган болсо) индикаторлору жанып
турат. Температура жана сыгуу ылдамдыгы индикаторлорунда
параметрлердин тандап алынган мааниси чагылдырылып турат.
Эгерде «Кийинкиге калтырылган старт
» кошумча функциясы
ишке кирсе, убакыт индикаторунда кир жуу башталганга чейин
убакытты эсептөө башталат (убакытты көрсөткүч күйүп-өчөт,
басыкчынын индикатору жанат).
1.9.2 Кирди жуулуп бүткөндөн кийин крахмалдоо сунушталат.
Крахмалдоо үчүн машинага болжолу 15 литр суу толорун эсепке
алуу менен, сууга крахмалдоо сунуштамасына ылайык даяр-
далган атайын каражатты аралаштыруу зарыл. Крахмалдоочу
суюк каражат эксплуатациялоо көрсөтмөсүнө ылайык (6-бөлүм)
машинанын ноочосуна куюлат. Тутканы «Чайкоо» программа-
сына коюп, сыгуу ылдамдыгын тандоо (зарыл учурда) жана
баскычы менен программаны кошуу керек.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Крахмалдануучу кирди кондиционер
менен иштетүүгө болбойт.
1.10 МАШИНА ИШТЕП ЖАТКАН МААЛДАГЫ ТЫНЫГУУ/
КИРЛЕРДИ ҮСТҮНӨ КОШУУ
1.10.1 Программаны жокко чыгарбастан туруп машинанын
ишин токтотуу
баскычын узакка (3 секунддан кем эмес) жануу
аркылуу ишке ашырылат үн сигналы берилет,
баскычынын
индикатору күйүп-өчөт, убакытты эсептөө жана кир жуу токтойт,
убакыт индикаторунда «Р» күйөт.
Эгер болжол менен 2 мүнөттөн кийин
индикатору өчсө,
эшигин ачууга болот.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Машинанын багындагы суунун деңгели
жогору болгондо жана/же суунун температурасы 60
0
С жого-
ру болгондо, ошондой эле барабан айланып жаткан учурда
эшик ачылбайт.
Эшикти ачып, кирлерди чыгаргыла.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Кирлерди үстүнө кошкондо/чыгарып
жатканда эшигин узак убакытка ачык калтырбагыла кир-
лердин суусу агышы мүмкүн.
Кир жууну улантуу үчүн
баскычын жануу керек. Машина
кир жуунун токтотулган операциясынын башынан тартып про-
грамманын аткарылышын улантат, кир жуу аяктаганга чейинки
убакыт көбөйүшү мүмкүн.
«Аралаш», «Жибек», «Жүн», «Деликаттуу жуу», «Көйнөктөр
»
программаларында бактагы суунун деңгээли жогору болгондугуна
байланыштуу машинанын ишин токтотуп турууга жана каалгача-
сын ачууга мүмкүн эмес.
1.11 ПРОГРАММАНЫ ЖОККО ЧЫГАРУУ
1.11.1 Аткарылуучу программаны жокко чыгаруу үчүн
ба-
скычын 3 с басып туруу керек убакыт индикаторунда өчкөнгө
чейинки (мисалы «3...2...1») калган убакытты саноо (секунд
менен) башталат, «OFF» жазуусу күйөт. Андан соң машина өчөт
жана аткарылуучу программа жокко чыгарылат. Зарыл учурда
каалгачаны ачып «Төгүү/Сыгуу» программасын тандап жана
баскычын менен сыгуу ылдамдыгынын «---» (чыгуу өчүрүлдү)
маанисин тандап туруп сууну төгүү керек.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Барабандагы суунун деңгээли каалга-
чанын айнеги аркылуу көз болжолу менен аныкталып турса
машинанын каалгачасын ачууга болбойт.
1.12 МАШИНАНЫ ӨЧҮРҮҮ
1.12.1 Кир жуунун акыркы операциясы аяктагандан кийин
убакыт индикаторунда «End» сөзү жазылат, каалгачаны блокко
коюу түзүлүшү өчөт, үн сигналы берилет, кир жуу операциялары
индикатору, каалгачаны блокко коюу индикатору жана
баскы-
чынын индикатору өчөт.
Эгерде машина электр тарамынан ажыратылбаса, анда үн
сигналы бир мүнөт интервалында беш жолу берилет, ал эми
15 мүнөттөн кийин кир жуу аяктаган соң индикация өчөт жана
машина электр энергиясын үнөмдөө максатында автоматтык
түрдө өчөт.
1.12.2 Кир жуу аяктаганда
басуу керек машина өчөт.
Андан соң розеткадан кубат алуу боосунун айрысын сууруп,
суунун кранын жабуу, каалгачану ачуу жана кирди алуу зарыл.
2 КИР ЖУУ ПРОГРАММАСЫ
2.1 Машинада 1-таблицага ылайык кир жуунун негизги (Пахта,
Синтетика, Аралаш, Жүн) жана атайын (Тез 15’/30’, Балдарды-
кы, Жибек, Спорт. Көйнөктөр, Жинсы, Кара түстөгү буюмдар,
Жабууларды жуу, Шейшеп, жаздык кап ж.б., Деликаттуу жуу,
Сүйүктүү программа, Барабанды тазалоо, Чайкоо, Төгүү/Сыгуу)
программалары каралган.
2.2 Атайын программалар жуулчу нерселердин өзгөчөлүктөрүн
эске алат.
«Тез 15’/30’» бир аз кирдеген аз сандагы буюмдарды тез
арада жууганга, убакытты жана электр энергиясын үнөмдөөгө
мүмкүндүк берет. Программаны пайдалануу менен, түрдүү
кездемелерден (жүн жана жибектен жасалган, ошондой эле кол
менен жуулчу буюмдардан тышкары) кирлерди жууганга болот.
Кир жууда 20
0
С же 30
0
С температурасын тандаган учурда жуу
узактыгы 15 мүнөттү түзөт. Кир жууда 40
0
С температурасын
тандаган учурда жуу узактыгы 30 мүнөттү түзөт.
«Балдардыкы» балдардын кийимдерин, жалаяктарын,
шейшеп, жаздык каптарды, сүлгүлөрдү, салфеткаларды ж.б.у.с.
жуу программасы. Программа кир жуучу каражаттарга аллерги-
ясы бар адамдардын буюмдарын жуу үчүн пайдалануу сунуш-
талат. Программаны аткаруу учурунда жууп тазалоонун жана
чайкоонун жогорку натыйжалуулугу камсыз кылынат.
Программаны тандаган учурда «Алдын ала жуу
»
функциясы автоматтык түрдө иштейт, аны
баскычы менен
өчүрүүгө болот.
«Жибек» жибектен, вискозадан жасалган буюмдарды,
ич кийимдерди, көшөгөлөрдү жуу программасы. Программада
каралган аяр сыгуу кездемелерди бырышып калуудан сактайт.
«Спорт» түрдүү спорттук кийимдерди, спорттук бут кийим-
дерди, ошондой эле спорттук инвентарлардын (футбол, волейбол
тобу, теннис топтору ж.б.у.с.) айрым түрлөрүн жуу программасы.
«Спорт» программасын тазалыкты сактоо үчүн машыгуулардын
аралыгындагы буюмдарды жуу үчүн пайдаланышат.
Спорттук бут кийимдерди жана инвентарларды жуу учурунда
мүнөтүнө 400 айлануу ылдамдыгын тандоо сунушталат.
«Көйнөктөр» түрдүү кездемелерден жасалган жана
түрдүү-түстүү көйнөктөрдү жана блузкаларды жуу программа-
сы. Программа буюмдардын максималдуу сакталышын камсыз
кылып, жуу учурунда акырын сыгылгандыгына байланыштуу
кездемелердин бырышуусун азайтат.
«Жинсы» жинсы кездемесинен жасалган буюмдар үчүн
программа. Кир жуу процессинде жинсы кездемесинин түлөө
жана оңуу ыктымалдуулугу максималдуу төмөндөйт.
«Кара түстөгү буюмдар» – өзгөчө кароону талап кылбаган
пахта жана синтетика кездемелеринен жасалган кара түстөгү
буюмдарды жуу программасы.
«Жабууларды жуу» – жүндөн жа жибектен жасалган буюм-
дардан тышкары, пледдерди жана жабууларды жуу программасы.
«Шейшеп, жаздык кап ж.б.» жибектен жана деликаттуу
кездемелерден жасалгандардан тышкары, шейшеп, жаздык кап
ж.б. (жуурканга көктөлгөн шейшеп) жуу программасы.
«Деликаттуу жуу» маркировкалоодо
кароо боюнча
символу бар өтө жука жана деликаттуу кездемелерден жасалган
буюмдарды жууганга арналган.
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является

Содержание

Похожие устройства

Скачать