Атлант М 7204-100 Руководство по эксплуатации онлайн [32/36] 805741

Атлант М 7204-100 Руководство по эксплуатации онлайн [32/36] 805741
32
KYR
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
ручка
ручка
ручка
6-сүрөт
Таблицасы 1 – Тондурулган (уй шартындагы) продуктуларды
сактоо мо-оноту боюнча сунуштар
Продуктулар
Сактоо мооноту
ай боюнча
Жаны балык, дениз продуктулары 3 чейин
Ак май, сыр (турунон коз карангы), токочтор 6 чейин
Кам эт, канатуулар 9 чейин
Жашылчалар, момолор, жер жемиштер 12 чейин
5 Т О Ң Д У Р Г У Ч Т У К О Л Д О Н У У
5.1 ТОҢДУРГУЧТУ КОШУУ
5.1.1 Тоңдургучту электр түйүнүнө кошуу: кубаттануу зымы-
нын сайгычын розеткага кошуу.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Тоңдургучту электр түйүнүнөн
суургандан киийн кайра кошууну 5 минутадан кем эмес уба-
кытта жүргүзүү керек.
5.1.2 Тоңдургучту тиркемеге ылайык күйгүзүү тоңдургучт
“Сактоо” режиминде иштеп жатат, ал тоңдурулган анча көп эмес
салмактагы азыктардын сапаттуу сакталышын камсыз кылат.
5.1.3 Тоңдургучтун айрым үлгүлөрү кошумча иш режимине
ээ «Тоңдуруу» режими (тиркемени караңыз), бул жаңы азык-
тарды тез тоңдурууга багыталган. «Тоңдуруу» режимин алын
ала, тоңдургучту жаңы азыктыр менен толтурганга чейин 24 саат
мурда күйгүзүп коюу керек жана азыктарды салгандан 24 сааттан
киийн өчүрүү керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Электр кубатынын чыгымын
үнөмдөө максатында «Тоңдуруу» режими 12 килограммадан
көп эмес салмактагы азыктарды салганга чейин 6 саат мурда
күйгүзүлсө болот.
5.1.4 Тоңдургучтагы температура айлана чөйрөнүн темпера-
турасынан, сакталган жана жаңы салынган азыктардын санынан,
эшикти ачуунун тездигинен, тоңдургучту имаратта жайгаштырган
жеринен көз каранды жана тиркемеге ылайык жөнгө салынат.
5.2 ЖАҢЫ АЗЫКТАРДЫ ТОҢДУРУУ
5.2.1 Бир күндүн ичинде тоңдурулган азыктардын салмагы
азыктардын сапатынын жоготуп алуудан жана алардын сактоо-
нун мөөнөтүн азайтып алуудан качуу максатында тоңдургучту
тоңдуруунун номиналдык кубаттуулугунан ашпашы керек
5.2.2 Жаңы азыктарды тоңдуруу “Тоңдуруу” режиминде се-
беттерде (ылдыйкыдан башка) жүргүзүлөт:
күнүнө 5 кг чейин (М-7201ХХ, М-7203ХХ, М-7204ХХ);
күнүнө 7 кг чейин М-7301-ХХХ (7-8 кг салмактагы азыктарда
текчелерге жайгаштырышат);
– күнүнө 4 кг чейин тоңдургучтун башка үлгүлөрүндө.
Себеттерде күнүнө 8 кг. чейин азыктарды тоңдуруу учу-
рунда Тоңдуруурежимин күйгүзүп коюу керек. (бар болсо)
(карагыла. 5.1.3).
5.2.3 Салмагы 8 кг көп жаңы азыктарды тоңдургучтун тек-
челеринде Тоңдуруу” режиминде тоңдуруу сунушталат (бар
болсо) (карагыла. 5.1.3), аны үчүн 1 же 2 себети алып коюу керек
(азыктын салмагына жараша).
Тоңдургучтагы абанын айланышын камсыз кылуу үчүн азык-
тардын ортосунда эркин мейкиндик болушу керек, азыктар тек-
ченин четинен чыгып же тоңдургучтун ичиндеги капталдарында
көргөзүлгөн жүктөө чегинен ашпашы керек. (бар болсо).
5.2.4 Чүчпаралар, эттин чоң эмес бөлүктөрүн, жемиштерди
ж.б. мөмөмлөрдү тоңдуруу үчүн идишке салуу сунушталат (бар
болсо). Азыктарды тоңдургандан кийин аларды таңгактап, сактоо
үчүн себеттерге жайгаштыруу керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Тоңдуруу үчүн салынып жаткан
жаңы азыктар менен мурдагы тоңдурулган азыктардын
тийишип калышынан качуу керек, анткени тоңдурулган азык-
тардын температурасы жогорулап, алардын сактоо мөөнөтү
кыскарышы мүмкүн.
5.3 ТОҢДУРУЛГАН АЗЫКТАРДЫ ЖАЙГАШТЫРУУ
5.3.1 Тоңдурулган азыктарды мүмкүн болушунча бири-бирине
жакын жайгаштыруу керек, анткени тоңдургучтагы төмөнкү тем-
пература электр энергиясын берүү бузулган учурда, тоңдургуч
иштебей калганда тоңдургучтагы температура көбүрөөк убакытка
сакталып турат.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Электр кубатынын чыгымын
үнөмдөө максатында тоңдурулган азыктарды өз убагында
тоңдургучтун текчелеринен себеттерге салып тургула.
5.3.2 Себеттерди азыктарды салып жана алган учурда өзүнө
чейин тартып, ал эми жыйнаган учурда акырына чейин тартып ту-
руп, ручкасын өйдө кылып туруп, алып салуу керек. Себеттердин
капталарында 6-сүрөткө ылайык ручкалар каралган. Себеттер-
дин дизайны ар кайсы үлгүгө жараша 6-сүрөттөн айырмаланып
турушу мүмкүн.
5.4 ТОҢДУРГУЧТУ ЭРИТҮҮ ЖАНА ЖЫЙНОО
5.4.1 Тоңдургучтун ичинде муздатуучу катмардын бетинде
5-7 мм калыңдыктагы кар катмарынын пайда болгон учурунда
аны эритип, жыйноо сунуш кылынат. Кар катмары азыктарга
муздактын келишине жолтоо болот.
Кар катмарын жоюу үчүн муздатуучу агрегатты бузуп алуудан
качуу үчүн металл буюмдарын колдонууга тыюу салынат.
5.4.2 Тоңдургучту ар бир эриткенден кийин жыйноо сунуш
кылынат, бирок бир жылда эки жолудан кем эмес.
5.4.3 Тоңдургучту эритип,жыйноо үчүн зарыл:
тоңдургучту электр түйүнүнөн, кубаттануу зымынын сайгы-
чын розеткадан чыгаруу менен ажыратуу;
– азыктарды жана комплектацияларды алуу;
– тоңдургучтун эшигин ачып коюу;
– эриген сууну тиркемеге ылайык чогултуу;
– тоңдургучту 4.2. ылайык жууп, кургатуу.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Тоңдургучта жагымсыз жыттын
пайда болушун алдын алуу үчүн тоңдургучтун ичин, ком-
плектацияларын, тыгыздаткычын, жана тыгыздаткычтын
эшикке жакын жерин жакшылап жууш керек.
5.5 ТОҢДУРГУЧТУ ӨЧҮРҮҮ
5.5.1 Тоңдургучту электр түйүнүнөн өчүрүпш үчүн кубаттануу
зымынын сайгычын розеткадан чыгаруу керек.
6 А З Ы К Т А Р Д Ы С А К Т О О , Т О Ң Д У Р У У
Б О Ю Н Ч А С У Н У Ш ТА Р
6.1 АЗЫКТАРДЫ САКТОО ЖАНА ТОҢДУРУУ
6.1.1 Азыктар даамын, түзүн, нымдуулугун жана жаңылыгын
сактап калышы үчүн, аларды таңгакта же бекем жабылган идиште
сактоо керек.
6.1.2 Тоңдурулган азыктарды бөлүктөргө бөлүп, баштыктарга
салуу сунушталат. Тоңдурулган азыктын катмары канчалык аз
болсо, тоңдуруу ошончо тез, азыктын сапаты жогору жана анын
сактоо мөөнөтү узак болот. Таңгак азыкка бекем жабышып жана
герметикалык жабык болушу керек.
Тоңдурулган азыктарды (үй шартында) тоңдургучта
тоңдуруунун мөөнөтү боюнча сунуштар 1-таблицада келтирилген.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Тоңдурулган азык-түлүктөрдү
өндүрүүчүнүн таңгагында көргөзүлгөн мөөнөтүнө чейин
сактагыла!
6.2 АШ МУЗУН ДАЯРДОО
6.2.1 Муз үчүн форманы төрттөн үч бөлүгүн суу менен толту-
руп, тоңдургучтун себетине жайгаштыруу керек (алдыңкысынан
башка).
6.2.2 Эгер негизги формаларды жылуу сууга 3-5 секундага
салып туруп, андан кийин форманы көмкөрүп туруп, акырын ийип
койсо, муз чарчыларын алып чыгуу оңой болот.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Музду муз формасынан алып чы-
гаары менен оозуңузга салбаңыз, жана тоңуп калбаш үчүн
тоңдурулган азыктарга суу колуңар менен кармоодон алыс
болуңуз.
6.3 Сунушталбайт:
тоңдургучка ысык азыктарды салбоо керек. Аларды алдын
Скачать