Coolfort CF-3004 Инструкция по эксплуатации онлайн [21/28] 811795

Coolfort CF-3004 Инструкция по эксплуатации онлайн [21/28] 811795
21
КЫРГЫЗ
КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ
ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА
ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
•
Шайманды иштетип турган мезгилде соруунун кубат-
туулугу тез азайып калса, аны токтоосуз өчүрүп,
узарткыч түтүкчөсү тыгылып калбаганын текшерип
алыңыз. Тыгылып калган нерсени кетирип, андан
кийин гана жыйноону улантсаңыз болот.
•
Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл салгычтардын
тикеден-тик жакынчылыгында жана тез жалындап
кетүүчү суюктуктар сакталган жеринде чаң соргучу
иштетпеңиз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ КУРАШТЫРУУ
Кыш (муздак) шартында шайманды транспортто
одон же сактоодон кийин аны үч сааттан кем эмес
мөөнөткө үй температурасында сактоо зарыл.
Чаң соргучту сактоо/аккумулятор батареясын кубаттан-
дыруу жайын таңдап, ошол жайында дубалдагы карма-
гычты (25) орнотуңуз.
•
Дубалда кармагычты асуу үчүн тешиктердин жайын
белгилеңиз.
•
Дубалда тереңдиги жетиштүү болгон тешиктерди
жасап алыңыз.
•
Жасалган тешиктерге пластик дюбельдерди киргизип,
дубалдагы кармагычты (25) шуруптар менен бекитип
алыңыз.
Эскертүү: Дубалда тешиктерди жасоонун алдында
ушул жерде электр сымдары же ар кыл башка комму-
никациялар жок болгонуна ынаныңыз.
Аккумулятор батареяны кубаттандыруу
Түзмөктү биринчи колдонуунун алдында же көпкө чейин
колдонбогондон кийин аккумулятор батареяны 4 саат-
тын ичинде кубаттандыруу зарыл.
Аккумулятор батареянын толугу кубатын чаң соргуч-
тун максималдуу кубаттуулугунда 15 минут токтоосуз
иштетүүгө же төмөн кубаттуулугунда 30 минутага жакын
иштетүүгө жетет.
•
Чаң соргучту кубаттандыруу үчүн дубалдагы карма-
гычына (25) орнотуп, азыктандыруу сапсалгысынын
(28) тармактык шнурдун штекерин чаң соргучтун
аккумулятор батареясын кубаттандыруу үчүн уясы-
на (11) сайып (сүр. 1), азыктандыруу сапсалгысын
(28) электр розеткасына сайыңыз, ошондо аккумуля-
тор батареянын минималду кубатынын индикатору
(17) үлпүлдөп баштайт, кубаттандырылганда индика-
тор (17) үлпүлдөбөй калып, максималдуу кубатынын
индикатору (18) үлпүлдөп баштайт.
•
Аккумулятор батареясы толугунан кубаттандырыл-
ганда эки индикатору (17, 18) тең 10 минутанын
ичинде күйүп турат. Азыктандыруу сапсалгысын (28)
электр розеткасынан чыгарыңыз.
Эскертүү:
Аккумулятор батареяны +5° C-тан +35° C-ка чейин
температурасында кубаттандырыңыз.
Түзмөктү бир айдын ичинде же андан көп
колдонбосоңуз, чаң соргучту колдонуунун алдында
толугу менен кубаттандырып алыңыз.
Узарткыч түтүкчөсү менен саптамаларын орнотуу
•
Узарткыч түтүкчөнү чаң соргучтун аба алуучу теши-
гине бекитмеси (6) тырс эткенине чейин киргизиңиз.
•
Керектүү саптаманы: мотордоштурулган щётка-
ны (1), 1-де-2 жылчык саптамасын (26), жылчык
саптамасын (27) таңдап, аны узарткыч түтүкчөгө
орнотуңуз.
Эңүскертүү: зарыл болсо, сиз мотордоштурулган
щётканы (1), 1-де-2 жылчык саптамасын (26), жылчык
саптамасын (27) узарткыч түтүкчөнү колдонбой чаң
соргучтун аба алуучу тешигине кошсоңуз болот.
LED-жарыгы бар мотордоштурулган щетка (1)
Мотордоштурулган щетканы (1) жерди, түгү орточо
же кыска болгон килемдерди тазалоого колдонсоңуз
болот, щетка (1) жаныбарлардын жүнүн килемден таза-
лоого идеалдуу ылайык болот. Щетка анын ичиндеги
электр мотордун жардамы менен айланып турат, щет-
канын кылы жаныбарлардын жүнүн килемдин түгүнөн
эффективдүү «тарап чыгарып», таштандыларды
«шыпырып чыгарат».
LED жарыгы чаң соргуч иштегенде күйүп, караңгы жер-
лерде көрүнүүнү жакшыртат.
Эскертүү:
Килемдердин түгү 15 мм-ден узун болгондо электр
щетканы (1) колдонуугу тыюу салынат.
Щетканы (1) электр шнурлардын үстүнөн
өткөзбөңүз.
Щетканы (1) колдонуп имаратты жыйнап
бүткөндөн кийин чаң соргучту токтоосуз өчүрүңүз.
1-де-2 жылчык саптама (26)
Саптаманын (26) эки опциясы бар. Жылчык саптама
режими радиаторлорду, жарыктарды, бурчтарды же
дивандын жаздыктарынын арасын тазалоо үчүн арнал-
ган. Жумшак эмеректи же автомобильдин салонун
тазалоо үчүн щетка режимин колдонуу кеңештелет, ал
үчүн баскычты басып, кылын чыгарыңыз.
Жылчык саптама (27)
Саптама (27) радиаторлорду, жарыктарды, бурчтарды
же дивандын жаздыктарынын арасын тазалоо үчүн
арналган.
Нымдуу тазалоо үчүн саптама (22)
Суу куюу тешигин (24) ачып, саптамага (22) сууну куюп,
капкакты (24) бекем жабып, суу саптамадан (22) куюл-
баганын текшериңиз.
Саптаманы (22) щетканын (1) арты жагына орнотуңуз
(сүр. 3). Саптаманын магнит бекитмеси саптаманы (22)
оңой орнотуу жана чечүүнү камсыз кылат.
Имаратты жыйнап турганда суу берүү баскычын (23)
бутуңуз менен басып, жертаманда чоң суу тамчылары
пайда болууга жол бербеңиз.
Иштетип бүткөндө, саптаманы (22) чечип, капкакты (24)
ачып, сууну төгүп, саптаманын иштөө бетин (22) чаң
менен шыпырындыдан тазалап алыңыз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ
Көңүл буруңуз! Чаң соргучту орнотулган чаң топто-
гуч контейнери жана анын ичинде орнотулган чыпка-
лары (19, 21) менен гана иштетиңиз. Чаң топтогуч
контейнердин туура кураштырылып орнотулганын
милдеттүү түрдө текшериңиз.
Чаң соргучту ыңгайлуу сактоо үчүн дубалдагы карма-
гычты (25) колдонуңуз.
•
Чаң соргучту иштетүү же көтөрүү мезгилинде аны
туткадан (10) кармаңыз.
Скачать