Coolfort CF-3004 Инструкция по эксплуатации онлайн [22/28] 811795

Coolfort CF-3004 Инструкция по эксплуатации онлайн [22/28] 811795
22
КЫРГЫЗ
•
Чаң соргучту колдонуунун алдында щетканы (1)
басып, аны кармагычынан (2) чыгарыңыз.
•
Чаң соргучту иштетүү үчүн иштетүү/өчүрүү баскычын
(9) басыңыз (сүр. 2), чаң соргуч жогору кубаттуулукта
иштеп баштайт, ошондо максималдуу соруу кубатту-
улуктун индикатору (16) күйөт.
•
Чаң соргуч иштеп турган учурунда сиз баскычын (8)
басып чаң соргучтун соруу кубаттуулуктун режим-
дерин таңдасаңыз болот (сүр. 2). Чаң соргучтун эки
иштөө режимдери бар:
соруу кубаттуулуктун деңгээли төмөн болгондо
индикатор (16) күйбөй, иштетүү мөөнөтү чамалуу
30 минутаны түзөт.
чаң соргуч максималдуу кубаттуулугунда иштеген-
де индикатор (16) күйөт, аккумулятор батареянын
кубаты 15 минут токтоосуз иштетүүгө жетет.
•
Эмеректин астында ыңгайлуу жыйноо үчүн сиз
бекитмени (5) өйдө тартып узарткыч түтүкчөнүн ийүү
механизмин бошотуп, узарткыч түтүкчөнүн керектүү
ийүү бурчун таңдасаңыз болот. Узарткыч түтүкчөнү
алгачкы абалга келтирүү үчүн түтүкчөнү бекитмеси
(5) иштегенине чейин түздөтүңүз.
•
Иштетип бүткөндө, иштетүү/өчүрүү баскычын (9)
басып чаң соргучту өчүрүңүз.
•
Чаң соргучту көтөрүү үчүн туткасын (10) колдонуңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
Көңүл буруңуз! Чаң топтогуч контейнер-
дин, тор чыпканын (21), аба кирүү чыпканын (19)
тазалыгын сактаңыз, себеби бул чаң соргучтун
эффективдүүлүгүнө байланыштуу.
Чаң менен таштандыларды чаң топтогуч контейнерден
чаң соргучту ар колдонуудан кийин төгүп, тор чыпканы
(21) жана аба кирүүчү чыпканы (19) мезгил-мезгили
менен тазалап туруңуз.
Чаң менен шыпырындыны чаң топтогуч
контейнеринен төгүү (сүр. 4).
•
Имаратты жыйноо убагында чаң топтогуч контейнер
толуп калса, анын ичинен чаң менен шыпырындыны
төгүп алыңыз.
•
Чаң топтогуч контейнерин ыңгайлуу тазалоо үчүн
бекитмени (6) басып узарткыч түтүкчөнү чечүү
кеңештелет.
•
Капкакты (14) таштанды чаканын үстүндө кармап,
бекитме баскычын (15) басыңыз, ошондо капкак
(14) ачылат, чаң менен шыпырындыларды төгүп,
капкакты (14) бекитмеси (15) иштегенине чейин
жабыңыз, узарткыч түтүкчөнү орнотуп, жыйноону
улантыңыз.
Чаң топтогуч контейнерди тазалоо
•
Чаң топтогуч контейнердин бекитме баскычын (20)
басып, чаң топтогуч контейнерин чечиңиз (сүр. 5).
•
Аба кирүүчү чыпканы (19) чыгарыңыз (сүр. 6).
•
Тор чыпканы (21) чыгарыңыз (сүр. 7).
•
Тор чыпканы (21) тазалап алыңыз (сүр. 8).
•
Аба кирүүчү чыпканы жылуу суунун астында жууп
(сүр. 9), жакшылап кургатып, колба (13) менен тор
чыпканы (21) жууп, кургатып алыңыз.
•
Чаң топтогуч контейнерди кураштырыңыз, колба
(13), тор чыпканы (21) орнотуп, аба кирүүчү чыпка-
ны (19) орнотуңуз (сүр. 10).
•
Кураштырылган чаң топтогуч контейнерин ордуна
бекитмеси (20) чык эткенине чейин орнотуп, чаң
топтогуч контейнери бекем бекитилгенин текшерип
алыңыз (сүр. 11).
Эскертүү:
Болгон чечилме бөлүктөрүн кургатуу үчүн ысыту-
учу аспаптарды, анын ичинде фенди да, колдонууга
тыюу салынат.
Чаң топтогуч контейнерди кураштыруунун
жана ордуна орнотуунун алдында болгон чечилме
бөлүктөрү таза жана кургак болгонун текшерип
алыңыз.
LED-жарыгы бар мотордоштурулган щетканы (1)
тазалоо
Щетканын (1) тазалыгын сактап, кирделгенинде щетка-
ны (1) ажыратып, айланма щетканы тазалап туруңуз.
•
Бекитме баскычын басып, щетканы (1) узарткыч
түтүкчөдөн (3) чечиңиз.
•
Айланма щетканын бекитмесин жылдырыңыз
(сүр. 12).
•
Айланма щетканы чыгарып (сүр. 13), ага оролуп кал-
ган жип менен чачты кетириңиз.
•
Щетканын (1) корпусунун ички менен тышкы бетин
чаң менен таштандылардан тазалап алыңыз.
LED-жарыгы бар мотордоштурулган щетканы (1)
кураштыруу
•
Айланма щетканы корпуска орнотуңуз (сүр. 14).
•
Айланма щетканы бекитип алыңыз, ал үчүн бекитме-
ни солго токтогонуна чейин жылдырыңыз (сүр. 15).
•
Айланма щетка бекем бекитилгенин текшерип
алыңыз.
Чаң соргучтун корпусун тазалоо
•
Чаң соргучтун корпусун (12) бир аз нымдуу жумшак
чүпүрөк менен сүртүп, андан соң кургатып сүртүңүз.
•
Чаң соргучтун корпусун (12), щеткасын (1), азыктан-
дыруу сапсалгысын (28) сууга же башка суюктук-
тарга салууга тыюу салынат. Чаң соргучтун корпусу
(12) менен щетканын (1) ичине суу куюлганына жол
бербеңиз.
•
Чаң соргучтун корпусу менен болгон бөлүктөрүн таза-
лоо үчүн эриткичтерди же абразивдүү жуучу каражат-
тарды колдонууга тыюу салынат.
САКТОО
•
Чаң соргучту узак убакытка сактоого алып салуудан
мурда анын корпусун (12), чаң топтогуч контейнери
менен жер үчүн щеткасын (1) тазалап алыңыз.
•
Чаң соргуч менен саптамаларын (26, 27) дубалдагы
кармагычта, балдар менен жөндөмдүүлүгү чектел-
ген адамдардын колу жетпеген кургк салкын жерде
сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Чаң соргуч (чаң топтогуч контейнери
орнотулган) – 1 даана.
Узарткыч түтүкчө – 1 даана.
LED-жарыгы бар мотордоштурулган щетка – 1 даана.
1-де-2 жылчык саптама – 1 даана.
Жылчык саптама – 1 даана.
Чаң соргучту/саптамалырды дубалдагы
кармагычы – 1 даана.
Азыктандыруу сапсалгысы – 1 даана.
Колдонуу нускамасы – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана.
Скачать