Coolfort CF-3420 Инструкция по эксплуатации онлайн [22/28] 811802

Coolfort CF-3420 Инструкция по эксплуатации онлайн [22/28] 811802
22
КЫРГЫЗ
Синтетикалык кездемелерден жасалган буюмдарды
биринчиден үтүктөө кеңештелет. Андан соң жибек же
жүн буюмдарын үтүктөп баштасаңыз болот. Кебез жана
зыгыр кездемелерди эң акырында үтүктөсөңүз болот.
Вельвет жана башка тез жалтырап баштаган
кездемелерди үтүктөгөндө үтүктү бир тарабына (түгү
боюнча) жылдырып бир аз басымы менен үтүктөңүз.
Синтетика жана жибек кездемелерде жалтыраган
тактарды калтырбоо үчүн аларды ички жагынан үтүктөө
зарыл.
БУУ БЕРҮҮ
Жүндөн жасалган буюмдарды ичинен да, бетинен да
үтүктөсөңүз болот, бетинен үтүктөгөндө кездеме салып
үтүтөө зарыл. Буу берүү баскычын (5) басып кармап,
буу берүүнү иштетиңиз. Буу менен үтүктөө кийимде
жылтыроонун пайда болуусун болтурбоого жардам
берет.
БУУ МЕНЕН ҮТҮКТӨӨ
Чукур (13) суу менен толтурулгандыгына ынаныңыз.
Үтүктү буу станциясынын аянтчасына (11) орнотуңуз.
Тармактык боосунун сайгычын электр розеткага
сайыңыз.
Баскычты (8) басып, буу станциясын иштетиңиз, ошондо
баскычтын индикатору күйөт.
Температура жөндөгүчүндө (7) үтүктөө температурасын
«STEAM» абалына коюңуз.
Үтүктөгү ысытуу индиатору (2) дайыма күйүп турганда,
үтүктөөнү баштаса болот.
Эскертүү. Үтүктөө мезгилинде үтүктүн ысытуу
индикатору бирдей эмес мезгилдердин ичинде күйүп, өчүп
турат, бул нормалдуу көрүнүш.
Бууну кыска мөөнөткө берүү үчүн буу берүү баскычты
(5) басыңыз, бууну көпкө чейин берүү үчүн баскычты (5)
басып, кармап туруңуз.
Чукурдагы (13) суунун деңгээли «MIN» белгисинен
төмөндөгөндө эки үн белгиси үндөтүлүп, иштетүү
баскычтын (8) индикатору үлпүлдөп турат.
БУУ УРУУ ФУНКЦИЯСЫ
Буунун күчтүү агымын жаратуу үчүн буу берүү баскычын (5)
эки жолу тез басыңыз.
Маанилүү! Иштетүүнүн тыныгууларынды үтүктү буу
станциясынын аянтчасына (11) же үтүк үчүн түпкүчкө
(топтомго кирбейт) коюңуз. Үтүктү буу станциясынын
аянтчасына (11) коюунун алдында буу берүү баскычын
(5) бошотуп, тамандын (3) тешиктеринен буу чыгып
бүткөнүн күтүңүз.
Буу станциясынын аянтчасында (11) тамчы
топтолбогондугун караңыз, тамчы пайда болгондо аны
жумшак же кагаз сүлгү менен жүртүңүз.
Үтүктөп бүткөндөн кийин үтүктү буу станциясынын
аянтчасына (11) коюп, үтүктүн бекитме баскычын (16)
басып аны бекитиңиз.
Баскычты (8) басып, түзмөктү өчүрүңүз.
Тармактык шнурун электр розеткасынан ажыратыңыз.
Үтүк толук муздаганын күтүңүз, андан кийин чукурду (13)
чечиңиз жана андан сууну төгүп салыңыз.
ТИК БУУЛАНТУУ
Үтүктү кийимден 10-30 см аралыкта вертикалдуу кармаңыз
жана буу берүүчү баскычты (5) басыңыз.
Маанилүү!
Тигинен бууландыруу процедурасын бүтүргөндөн
кийин үтүктү тигинен камап, буу берүү баскычын
(5) бошотуп, үтүктүн таманындагы тешиктеринен
буу чыгып бүткөнүн күтүп, үтүктү горизонталдуу
абалына коюп, аны буу станциясынын аянтчасына
(11) орнотуңуз. Антпесеңиз үтүктү горизонталдуу
абалына койгондо үтүктүн таманында калган ысык
суу буу тешиктеринен куюлуу мүмкүн.
Тик бууландыруу процессинде үтүктү кескин түрдө
кыймылдатпаңыз.
Буу чыгып бүткөндө гана тигинен бууландыруудан
кийин буу берүү баскычын (5) колдонуп горизонталдуу
үтүктөгөндү баштасаңыз болот.
Маанилүү маалымат
Синтетикалык кездемелерди тик буулантуу сунушталган
эмес.
Адам кийип турган кийимди эч качан буулантпаңыз,
себеби чыккан буунун температурасы өтө чоң, кийим
илгичти колдонуңуз. Бууну адамдарга, өсүмдүктөргө,
жаныбарларга же ным зыян кыла турган буюмдарга
багыттаганга болбойт.
КУРГАК ҮТҮКТӨӨ
Температура жөндөгүчүн (7) үтүктөй турган кездемеге
карата керектүү абалга коюңуз.
Үтүктүн таманы (3) коюлган температурасына чейин
ысыганда, индикатору (2) дайыма күйүп турат, үтүктөп
баштасаңыз болот.
Үтүктү туткасынан (6) кармап, буу берүү баскычын (5)
баспаңыз.
АВТОӨЧҮРҮҮ ФУНКЦИЯСЫ
Түзмөктү 5 мүнөттүн ичинде колдонбосоңуз (эч
кандай баскычын баспасаңыз, буу берүү баскычын (5)
баспасаңыз) ысытуу автоматтык түрдө өчөт. Ысытуу
индикатору (2) менен иштетүү баскычы (8) өчөт.
Ысытууну иштетүү үчүн буу берүү баскычын (5) басыңыз,
таманы (3) ысыганын күтүп, иштетүүнү улантсаңыз болот.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
Буу станциясын тазалагандын алдында аны электр
тармагынан суруп, толугу менен муздатып алыңыз.
Ар бир пайдалануудан кийин
Суу чукурундагы (13) сууну төгүңүз.
Туткасынан (14) тартып, суу чукурун (13) чечиңиз.
Чукурдагы (13) сууну төгүп, аны ордуна орнотуңуз.
Үзгүлтүксүз тазалоо
Үтүктүн корпусун жумшак, бир аз нымдуу чүпүрөк менен
сүртүп, андан кийин кургатып сүртүңүз.
Үтүктүн таманындагы (3) катмарларды суу-сирке
эритмесинде сууланган кездеме менен алып салыңыз,
андан кийин тамандын бетин кургак кездеме менен
сүртүңүз.
Үтүктүн таманын тазалоо үчүн абразивдүү жуучу
каражаттарды же эриткичтерди колдонбоңуз.
Өзүн өзү тазалоо режими
Буу станциясы буу жараткычты буу жаратуу режиминде
чамалуу 25 сааттын ичинде колдонуудан кийин кирден
тазалоо зарылдыгы боюнча колдонуучуга эскертүү
функциясы менен жабдылган. Ошондо баскычтын (4)
индикатору өчпөй күйүп турат. Тазалоо үчүн:
Үтүктү буу станциясынын аянтчасына (11) коюңуз.
Чукурду (13) суу менен толтуруп, ордуна коюңуз.
Температура жөндөгүчүн «STEAM» абалына коюңуз.
Тармактык боосунун сайгычын электр розеткага
сайыңыз.
Скачать