Coolfort CF-3420 Инструкция по эксплуатации онлайн [21/28] 811802

Coolfort CF-3420 Инструкция по эксплуатации онлайн [21/28] 811802
21
КЫРГЫЗ
Электр шнурунда, тармактык айрысында бузулуулар
пайда болсо, түзмөк иштеп-иштебей турса же кулап
түшкөндөн кийин аны колдонууга тыюу салынат.
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга жол
бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү, тейлөө кызмат же аларга
окшогон дасыккан кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
Үтүк кулап түшкөн болсо, көрүнүп турган бузулуулары
бар болсо же суусу агып турса үтүктү колдонсо болбойт.
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча ажыратпай, ар кыл бузулуулар
пайда болгон же шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же www.coolfort.ru
сайтындагы тизмесине кирген автордоштурулган (ыйгарым
укуктуу) тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Бузулуулар пайда болбоо үчүн шайманды заводдук
таңгагында гана транспорттоо зарыл.
Чаң соргучту балдар жана жөндөмдүүлүгү чектелген
адамдар колу жетпеген жерлерде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТТАРДА
КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН. ШАЙМАНДЫ
КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ
ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ
ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
СУУНУ ТАНДОО
Суу чукурун (13) толтуруу үчүн суутүтүктөгү сууну
колдонуңуз. Суу түтүктөгү суу катуу болсо, аны буусуу менен
1:1 катышында аралаштырыңыз, суу абдан катуу болсо аны
буусуу менен 1:2 катышында аралаштырып же жалаң гана
буусууну колдонуңуз.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада түзмөктү транс
порттоодон же сактоодон кийин аны үч сааттан кем
эмес мөөнөткө үй температурасында сактоо зарыл.
Буу станциясын таңгактан чыгарыңыз жана анын
иштешине тоскоол болуучу таңгактоо элементтерин
алып салыңыз.
Үтүктүн блокирлөөсүн чечүү баскычын (15) басып, аны
буу станциясынан алыңыз.
Үтүктүн таманындагы (3) коргоону алып салыңыз.
Үтүктүн таманын (3) жумшак таза кездеме менен сүртүңүз.
Үтүктүн корпусун жана буу станциясынын корпусун
жумшак кездеме менен сүртүңүз.
Түзмөктү иштеткендин алдында иштөө чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
Шайманды тегиз туруктуу жылуулукка чыдамдуу
жана сууга чыдамдуу бетке, түзмөк сиздин үтүктөгүч
тактаңыз менен бир деңгээлде болгондой орнотунуз.
Буу станцияны үтүктөгүч тактада орнотууда тактанын
ишеничтүүлүгүнө жана туруктуулугуна ынаныңыз.
Чукурдун (13) ичинде калган суу бар болуу мүмкүн, бул
нормалдуу көрүнүш, себеби шайман заводдо сапат
текшерүүдөн өткөн.
СУУ ЧУКУРДУ ТОЛТУРУУ
Эскертүү: Суунун чукурун (13) чечээрден мурда түзмөк
электр тармагынан ажыратылгандыгына ынаныңыз.
Туткасынан (14) тартып, суу чукурун (13) чечиңиз.
Сууну чукурга (13) куюңуз.
Чукурду (13) ордуна орнотуңуз.
Иштетүү учурунда суу чукурун толтуруу
Буу менен үтүктөө учурунда чукурдагы (13) суунун деңгээли
«MIN» белгисинен төмөн болгондо эки үн белгиси үндөтүлөт,
ошондо баскычтын (8) индикатору үлпүлдөп, помпа өз ишин
токтотот.
Баскычты (8) басып, түзмөк өчкөнүн күтүңүз. Түзмөктү
электр тармагынан өчүрүңүз.
Туткасынан (14) тартып, суу чукурун (13) чечиңиз.
Сууну чукурга (13) куюңуз.
Чукурду (13) ордуна коюңуз.
Эскертүү:
Суу куюлуучу чукурга (13) жыттуу суюктуктарды,
сиркени, крахмал эритмесин, кебээрди кетирүүчү
реагенттерди, химиялык каражаттарды ж. б. куюуга
тыюу салынат.
Сууну максималдуу «MAX» белгисинен ашырып куйбаңыз.
БУУ СТАНЦИЯСЫН КОЛДОНУУ
Түзмөктү тегиз туруктуу жылуулукка чыдамдуу жана сууга
чыдамдуу бетке, түзмөк сиздин үтүктөгүч тактаңыз менен
бир деңгээлде болгондой орнотунуз. Буу станцияны
үтүктөгүч тактада орнотууда тактанын ишеничтүүлүгүнө
жана туруктуулугуна ынаныңыз.
Биринчи иштеткенде үтүктүн ысытуучу элементтердин
үстүнкү катмары күйүп, бир аз түтүн же башкача жыт
чыгуу мүмкүн, бул нормалдуу көрүнүш.
Күйгүзгөндө жанаиштеп жатканда сиз иштеп жаткан
соркыскычтын мүнөздүү үндөрүн угасыз. Бул үндөр
нормалдуу иштөөнүн натыйжасы жана бузулуу болуп
саналбайт.
Үтүктүн таманынын каналдарын (3) тазалоо үчүн,
пайдалануудан мурда кездеменин кесиндисин үтүктөп
көрүңүз. Биринчи жолу пайдаланууда үтүктүн таманынын
(3) тешиктеринен бөлүкчөлөрдүн чыгышы мүмкүн, бул
ченемдүү нерсе жана бузулуу болуп саналбайт.
Көңүл буруңуз! Буу станциясынын корпусу, үтүктү
орнотуучу аянтча (8), үтүктүн таманы (3) жана буу ийкем
түтүгү (9) иштөө убагында ысый баштайт, түзмөктүн
ысык беттерине тийбеңиз, үтүктү туткасынан (6) гана
кармаңыз.
Иштеп жатканда буу ийкем түтугү (9) ийилип жана
буралып калбагынын караңыз.
Буу станциясын биринчи жолу пайдаланганда же буу
станциясын бир нече убакыт колдонбосонуз буу берүүчү
баскычты (5) бир нече жолу башка жакка каратып
басыңыз, бул ийкем түтүктөн (9) конденсатты чыгарууга
мумкүндүк берет.
Иштөө убагында үтүктүн таманынын (3) туруктуу
температурасы сакталат, бул учурда индикатор (2)
мезгили менен күйөт жана өчөт.
Буу менен үтүктүүдөн мурда буу жараткычтын идиши
керектүү температурага чейин ысышын жана үтүктүн
таманын (1) ысышын күтүңүз (ысытуу индикатору
(2) дайыма күйүп калат), болбосо тамандын (3) буу
тешиктеринен суунун тамчылары чыгышы мүмкүн.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫ
Атайын технология үтүктүн таманынын оптималдуу
температурасын 135тен 165 °Сге чейин аныктайт жана
интенсивдүү чыккан буу назик жана тыгыз кездемелерди
натыйжалуу үтүктөө үчүн буу станциясын колдонууга
мүмкүндүк берет.
Үтүктөгөндөн мурун ар нерсенин ылайыктуу үтүктөө
температурасы жазылган белгисин ар дайым карап
алыңыз.
Кийимдин ярлыгында белгиси бар болсо, аны
үтүктөсө болбойт.
Биринчиден кийимди үтүктөө температурасына
ылайыктуу бөлүштүрүп алыңыз: синтетиканы
синтетикага, жүндү жүнгө, кебезди кебезге ж.б.
Скачать