Centek 87 л (26л/61л) 475x495x852 мм (ДхШхВ), 80 Вт GMCC, 2 полки, 42 dB, A+ CT-1704 Инструкция онлайн [18/32] 870471
![Centek 87 л (26л/61л) 475x495x852 мм (ДхШхВ), 80 Вт GMCC, 2 полки, 42 dB, A+ CT-1704 Инструкция онлайн [18/32] 870471](/views2/2109098/page18/bg12.png)
17
– Ылдыйкы илгичти орнотуңуз.
– Ылдыйкы буттарды орнотуңуз.
Сүрөт 1
Сүрөт 2
Сүрөт 3
Орто илмек
ЖЕЛДЕТҮҮ
Муздаткыч компрессору менен конденсаты иштөө учурунда
ысыйт, ошондуктан шайманга жеткиликтүү желдетүүнү камсыз
кылыш керек.
– Муздаткычты кадимки нымдуулуктагы жакшы желдетилген
жерге орнотуш керек. Муздаткычты нымдуулугу жогору болгон
бөлмөлөрдө, мисалы, ванна бөлмөсүндө, жер тамда орнотконго
тыюу салынат.
– Орнотууда, шаймандын капталдарында минималдуу боштук-
тарды (3 - 5 см), ал эми үстүнкү жагын 10 см камсыз кылыңыз,
абанын эркин айлануусу үчүн.
– Жылуулук булактарынын жанында койбоңуз.
– Муздаткычты күндүн түз нурлары тийген жерге же жылуулук
булактарынын (ашкана мештин, кызарткыч мештин, каминдин)
жанында койбоңуз.
ТЕГИЗДӨӨ
Муздаткычтын эффективдүү иштеши үчүн, анын тегиз жерде ор-
нотулганы маанилүү. Муздаткычты ордуна орноткондон кийин,
анын тууралоочу буттарын айландырып, анын ордун жөндөңүз.
Муздаткычтын артка эңкейиши 5° дан ашпашы керек.
ЭЛЕКТР ТАРМАГЫНА КҮЙГҮЗҮҮ
Муздаткыч классы 1 электр тогунан сактануу даражасына
ылайык даярдалган жана жерге туташуусу бар эки уюлдуу ро-
зетканын жардамы менен куйгүзүлөт.
Электр тармагына күйгүзүүдөн мурун ынаныңыз:
– тармактын чыңалуусу муздаткычтын арткы бетиндеги атайын
тактайчада көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келет;
– электр розеткасынын жерге туташуусу бар байланыш электр
тармактын электр менен камсыздоо кабелдин жерге туташуу-
су бар зымга туташтырылган (туташтыруучу зым 10 А дан кем
эмес токко эсептелген болушу керек);
– розетка менен сайгычы бир түрдө; эгер сайгычы розеткага
дал келбесе, розетканы камсыздоо зымдын сайгычына ылай-
ык кылып алмаштырыш керек (буну квалификациялуу элек-
трик жасаш керек).
Муздаткыч розеткасына ар дайым жетет тургандай кылып
орнотулуш керек. Берилген колдонмодо көрсөтүлгөн, кубаттуу
тиричилик шаймандарынын коопсуздук талаптарын бузуу ме-
нен туташтырылган муздаткыч кооптуу. Өндүрүүчү белгиленген
орнотуу стандарттарын сактабагандыктан ден-соолукка жана
мүлккө келтирилген зыян үчүн жооптуу эмес.
5. МУЗДАТКЫЧТЫ КҮЙГҮЗҮҮДӨН
МУРУН ИШТЕТҮҮ
Муздаткычты орнотуудан кийин, электр тармакка 3 сааттан кий-
ин күйгүзүш керек. Ошентип, ташуудан кийин муздаткыч туура
иштеши үчүн зарыл болгон муздатуучу зат туура бөлүштүрүлөт.
Бир нече саат өткөндөн кийин муздаткычты электр тармагына
куйгүзгөндөн кийин, сиз анын ичине азыктарды салсаңыз бо-
лот. Компрессор менен оюктун арткы дубалынын ортосундагы
транспорттук арачыларды, ошондой эле шаймандын кыймылдуу
бөлүктөрүн жылдырбай турган башка арачыктарды жана жа-
бышчак ленталарды алып салыңыз.
Эгер шаймандын пластик пленкадан жасалган коргоочу каптоо-
су бар болсо, анда аны боёкторуна же бөлүктөрүнүн жабуусуна
зыян келтирбеш үчүн, этияттык менен алып салыңыз.
МУЗДАТУУЧУ КАМЕРАНЫ КОЛДОНУУ
Муздатуучу бөлүмдүн температурасы термостаттын кармагычын
бураганда орнотулат. Термостатты ортоңку кызматка орнотуу
сунушталат. Муздатуучу бөлүмдөгү муздак абанын айлануусу
ылдыйкы бөлүмдүн температурасы көбүрөөк төмөн болот тур-
гандай кылып орнотулат. Эң жакшы сактоо шарттарды кам-
сыз кылыш үчүн, азыктарды бөлмөлөргө туура салыштырыш
үчүн, сактоо боюнча көрсөтмөлөрдү аткарыңыз: туура эмес
сактоодо эң жаңы азыктар дагы бузулуп кетет. Муздатуучу
бөлүм ыңгайлуу текчелер менен жабдылган, алардын бийик-
тигин атайын жетектөөчүнүн жардамы менен жөндөсө болот.
Бул чоңураак таңгактарды жана бийик бөтөлкөлөрдү текчеде
жайгаштырууга жардам берет. Муздаткычтын ичине, нымдуу-
лугу жогорулап кетпеши үчүн, капкаксыз идиште суюктуктарды
койбоңуз, анткени бул муздаткычтын ичинде температуранын
көтөрүлүшүнө алып келет.
ТОҢДУРГУЧ КАМЕРАНЫ КОЛДОНУУ
Азыктарды сактоо үчүн эң жакшы шарттарды камсыз кылыш
үчүн, төмөндө жазылган сунуштарды аткарыңыз. Тоңдурулат
турган жана тоңдуруучу камерада сакталат турган азыктарды,
ашыкча үшүк пайда болбошу үчүн, жакшылап ороп салыш керек.
– Тоңдургуч камеранын ичине коюлган азыктардын арткы жана
капталдагы дубалдарына тийбегени жакшы.
– Туура сактоо үчүн жана кийинки эритүүнүн жеңилдиги үчүн,
азыктарды кичинекей бөлүктөргө бөлүп салыңыз.
– Муздаткыч камеранын ичине тоңот турган суюктуктар ме-
нен толтурулган айнек идиштерди койбоңуз, өзгөчө алардын
ичинде бекем жабылган көпүрөктүү жана газдалган суу-
сундуктар бар болсо. Суюктук, кристалдашып, идишти бузуп
салышы мүмкүн.
– Нымдуулук жогорулап кетпеши үчүн, муздаткыч камеранын
ичине капкаксыз идиштеги суюктуктарды койбоңуз, анткени
бул температуранын көтөрүлүшүнө алып келет.
6. ТЕЙЛӨӨ ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
Муздаткычты эритиш үчүн термостаттын кармагычын «О» аба-
лына коюңуз жана муздаткычты электр тармагынан өчүрүңүз.
Эритүү учурда тоңдурулган азыктарды бир нече кабат ороп
салыңыз жана аларды, мүмкүн болушунча, муздак жерге
коюңуз. Кайра күйгүзүүдөн мурун муздатуучу бөлүмдү жууп
салыңыз жана кылдаттык менен кургатып коюңуз.
Эгер иштөө учурунда тоңдургуч камерада калыңдыгы 5 мм
болгон үшүк пайда болуп калса, камераны эритүүгө даярдап
коюш керек. Бул үчүн ичинен азыктарды чыгарып коюп, аларды
муздаткыч камеранын текчелерине жайгаштырып коюш керек.
Андан кийин тоңдургуч камеранын эшигин ачык калтырып,
эриген сууну чогултуш үчүн идиш коюп коюш керек, андан кийин
тоңдургуч камераны жууп кургатып аарчып коюш керек.
Аябай жыттанган азыктарды, жыттар пайда болбошу үчүн,
кийин ыргытып салат турган бекем жабылган контейнерлерде
сактаңыз. Муздаткычтын ички жана тышкы беттерин губка же
жумшак кездеме менен жууңуз. Нейтралдуу жуугуч каражаттар-
ды колдонуңуз. Эч качан порошок абразивдүү жуугуч каражат-
Похожие устройства
- Centek белый 262 л (65 л/197 л) 545x552x1775 мм (ДхШхВ) A, 39 дБ CT-1714 Инструкция
- Centek multi No-Frost 360 л (84 л/276 л) 595x635x2010 мм, А++,GMCC CT-1733 INOX Инструкция
- Kitfort КТ-4116 Инструкция КТ-4116
- Harper HRF-T120M BLUE NEW H00003472 Инструкция
- ZUGEL ZRI1760FNF Инструкция к товару
- Olto RF-140C SILVER O00002792 Инструкция по эксплуатации
- Oursson белый RF0710/WH Руководство по эксплуатации
- Oursson красный RF1005/RD Инструкция по применению
- Oursson красный RF1005/RD Брошюра
- Tesler RC-95 BLACK 00000095969 Руководство по эксплуатации
- Tesler RC-95 WOOD 00000010070 Руководство по эксплуатации
- VIATTO va-sc08d 173715 Инструкция к товару
- VIATTO SC248 162303 Шкаф холодильный SC248
- VIATTO SC250 162304 Шкаф холодильный SC248
- VIATTO sc315 162305 Инструкция к товару
- VIATTO sc316 162306 Инструкция к товару
- VIATTO VA-BC42 158538 VIATTO Шкаф холодильный VA-BC42
- VIATTO VA-JC62W 158028 VA-JC62W
- VIATTO VA-JC88WD 158034 VA-JC88WD
- VIATTO va-sc52 159107 Инструкция к товару