Centek 87 л (26л/61л) 475x495x852 мм (ДхШхВ), 80 Вт GMCC, 2 полки, 42 dB, A+ CT-1704 Инструкция онлайн [19/32] 870471

Centek 87 л (26л/61л) 475x495x852 мм (ДхШхВ), 80 Вт GMCC, 2 полки, 42 dB, A+ CT-1704 Инструкция онлайн [19/32] 870471
18
тарды, щелочтуу бирикмелерди, органикалык кычкылтектерди,
ысык сууду колдонбоңуз, бул жылтырак менен боётулган кап-
тоосун бузушу мүмкүн. Курч же металл буюмдарды колдонбоңуз,
бул муздаткычка зыян келтириши мүмкүн.
Бардык алынуучу бөлүктөрдү, самын эритмесин же жуугуч
каражатты кошуп, сууда жууганга болот. Ошондой эле аларды
идиш жуугуч машинкада жууганга болот. Унутпаңыз, бардык
алынуучу бөлүктөрүн кайра башынан муздаткычтын ичине кой-
гондон мурун, аларды кылдаттык менен кургатыш керек.
Муздаткычтын конденсаторунда чаң чогулуп, муздаткычтын
жакшы иштешине тоскоол болушу мүмкүн. Ылайыктуу саптама-
ларды колдонуп, муздаткычтын арткы бөлүгүн чаң соргуч менен
тазалап салыңыз. Эгерде сиз муздаткычты узак убакытка чейин
колдонууну ойлонбосоңуз, аны тармагынан өчүрүп, ичин жууп
коюңуз, кургатыңыз жана, жагымсыз жыт жана көк пайда бол-
бош үчүн, эшиктерин ачык бойдон калтырып коюңуз.
ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯНЫ ҮНӨМДӨӨ БОЮНЧА СУНУШТАР
Муздаткычты туура орнотуңуз.
Жылуулук булактарынан жетиштүү алыстыкта, жакшы желде-
тилген бөлмөдө, МУЗДАТКЫЧТЫ ОРНОТУУ бөлүмүнүн сунуштары-
на ылайык.
Температураны туура орнотуңуз.
Термостатты ортоңку кызматка орнотуңуз. Температура өтө төмөн
коюлуп калса, электр энергия көп коротулат, бирок азыктарды
сактабайт.
Муздаткычты ашыкча толтурбаңыз.
Азыктар эскирбеш үчүн абанын жеткиликтүү желдетүүсү
маанилүү. Азыктар менен ашыкча толтуруу абанын эркин
желдетүүсүнө тоскоолдук берет жана электр энергиянын ко-
шумча коротмосун алып келет.
Эшикти жабык бойдон кармаңыз.
Эшикти зарыл болгондо гана ачыңыз, унутпаңыз, эшиктин ар
бир ачылуусу муздаткычтын ичиндеги температурасын бир нече
жогорулатат жана мурунку температурасын калыбына келтириш
үчүн электр энергиясы коротулат. Муздаткычтын эшиктериндеги
тыгыздаткыч резина таза бойдон сакталып, жабылганда кор-
пуска тыгыз тургандыгын текшериңиз, бул муздак абанын агып
кетпешинен сактайт.
Ысык тамактарды койбоңуз.
Муздаткычтын ичине салынган ысык тамактар температурасын
бир нече даражага көтөрөт. Тамактарды бөлмө температурасына
чейин муздатыңыз, андан кийин муздаткычтын ичине салыңыз.
7. КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЖОК КЫЛУУ
Муздаткыч канааттандыргандай иштебей жатса же иштебей
жатса, ыйгарым укуктуу тейлөө борборуна кайрылаардан мурун
берилген бөлүмдү окуп чыгыңыз. Кээ бир учурларда, көйгөйдү
өзүңүз чечсеңиз болот.
МУЗДАТКЫЧ ИШТЕБЕЙ ЖАТАТ
Төмөнкүлөрдү текшериңиз:
Үйдө электр энергиясы өчүрүлгөн жок;
Сайгыч розеткага ишенимдүү сайылды;
Розетка бузулган жок.
МУЗДАТКЫЧТЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ ӨТӨ ЖОГОРУ
Төмөнкүлөрдү текшериңиз:
Эшик бекем жабылып турат, тыгыздаткыч бузулган жок;
Термостаттын кармагычы туура кызматта турат;
Бөлүмдөрдө азыктар ашыкча коюлган жок;
Эшиги тез - тез ачылган жок.
КОМПРЕССОР ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ИШТЕП ЖАТАТ
Төмөнкүлөрдү текшериңиз:
Муздаткычтын эшиги бекем жабылган жана тез - тез ачылып
жаткан жок;
Бөлмөдөгү температура өтө жогору эмес;
Термостаттын кармагычы туура кызматта турат.
МУЗДАТКЫЧ ИШТӨӨ УЧУРУНДА АШЫКЧА ЫЗЫ
-
ЧУУ ЧЫГАРЫП ЖА-
ТАТ
Төмөнкүлөрдү текшериңиз:
Муздаткыч түздөлгөн жок;
Муздаткыч бөтөн буюмдарга тийип турат (айланасындагы
эмеректерге);
Муздатуучу тутумдун ичинде айланган муздатуучу зат ком-
прессор иштебей турса дагы, агып жаткан суюктуктун үнү
чыгышы мүмкүн. Бул көйгөй болуп эсептелинбейт жана муз-
даткычтын эффективдүү иштешине тоскоолдук кылбайт;
Термостатты жана компрессорду күйгүзүүнүн мүнөздүү
үндөрү бул шаймандын электр жабдуулары иштеп жатканда
пайда болгон кадимки үндөр.
Эгер текшергенден кийин муздаткыч талаптагыдай иштебей
жатса, тейлөө борборуна кайрылыңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Берилген муздаткыч бир аз R600а муздатуучу зат менен жаб-
дылган, ал айлана - чөйрө үчүн зыянсыз, бирок күйүүчү газ бо-
луп эсептелинет. Муздатуучу зат агып кеткен учурда көзгө зыян
келтириши мүмкүн же өрттөнүп кетиши мүмкүн.
8. ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨР
Климаттык класс
N/ST
Көлөмү: толтура/муздаткыч/тоңдургуч, л
87/62/25
Электр камсыздоонун чыңалуусу
220-240 В ~50 Гц
Максималдуу күчтүүлүк, Вт
80
Ток, А
0.6
Ызы-чуунун деңгээли, дБ
40
Электр энергиясын керектөө, кВт/24 с
0.46
Ички жарык берүүнүн лампасы, Вт
15
Электр энергиясын керектөө классы
А+
Муздатуучу зат
R600a (35 г)
Таза салмагы, кг
22,7
Өлчөмдөр: т/т/б, мм
470/492/837
9. ШАЙМАНДЫ УТИЛЬДЕШТИРӨӨ
Кутусу жана шайман өзү кайра иштетилүүчү материалдардан
жасалган. Мүмкүн болушунча аларды кайра иштетилүүчү мате-
риалдар үчүн жасалган идишке таштаңыз.
10. КҮБӨЛҮК ЖӨНҮНДО МААЛЫМАТ, КЕПИЛДИК МИЛДЕТТЕНМЕСИ
Бул өнүмдүн иштөө мөөнөтү акыркы колдонуучуга сатылган
күндөн баштап 10 жыл түзөт, шайман ушул эксплуатациялык
Скачать