Centek 48000 BTU -14100/15000Вт, R410A, 49-57дБ, компрессор PANASONIC CT-66M48 [24/48] Беттеги кемчиликтер коддору мазмуну

Centek 48000 BTU -14100/15000Вт, R410A, 49-57дБ, компрессор PANASONIC CT-66M48 [24/48] Беттеги кемчиликтер коддору мазмуну
23
Батарейкаларын алмаштыруу үчүн, окшош эле операцияны кайталап
коюңуз.
ЭСКЕРТҮҮ
1. Алмаштыруу учурунда эски же башка типтеги батареяларды
колдонбоңуз. Бул пульттун жакшы иштебей калышына алып келиши
мүмкүн.
2. Эгер сиз алыстан башкарууну 1 айдан ашык колдонбосоңуз, ба-
тарейкаларды пульттан алып салыңыз, анткени алар агып кетип,
пультту бузушу мүмкүн.
3. Шайманды күн сайын колдонуу менен, батарейкалардын иштөө
мөөнөтү болжол менен 6 ай түзөт.
4. Алыстан башкаруунун буйруктарынын уккулуктуу ырастоосу жок
болсо же сигналды берүү белгиси өчүп калса, батарейкаларды
алмаштырыңыз.
5. ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ЖАНА ШАЙМАНГА КАМ КӨРҮҮ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Шайманды тейлөөдөн мурун электр тармагынан
ажыратып коюңуз.
ИЧКИ БЛОКТУН АЛДЫҢКЫ ПАНЕЛИН ТЕЙЛӨӨ
Шайманды кылдаттык менен сактоо жана өз убагында тазалоо анын
иштөө мөөнөтүн узартып, энергияны үнөмдөөгө жардам берет.
Тазалоодо төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз:
шайманды аарчып жатканда, туруктуу жерде туруңуз, болбосо
кулап кетсеңиз, шайманды бузуп же өзүңүзгө зыян келтиришиңиз
мүмкүн;
алдыңкы панелди алып жатканда жаракат албаш үчүн, корпустун
темир бөлүктөрүнө тийбеңиз;
шаймандын алдыңкы панелин жана пультту тазалап жатканда,
кирди кургак чүпүрөк менен тазалоого мүмкүндүк болбосо, ным
чүпүрөктү колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ
1. Шайманды жана алыстан башкаруу пультту суунун агымынын
астында жуубаңыз!
2. Тазалоо үчүн курамында спирт бар суюктуктарды, бензинди, май-
ларды жана жылтыратуучу заттарды колдонбоңуз.
3. Алдыңкы панелдин бетине катуу басым жасабаңыз, анткени ал
түшүп кетиши мүмкүн.
4. Шаймандын корпусунун бетине доо кетпеши үчүн, тазалоо үчүн
абразивдүү каражаттарды же болоттон жасалган губканы
колдонбоңуз.
5. Суунун температурасы 45 °С дан ашпашы керек. Бул деформация-
нын же пластиктин түсүнө өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.
АБА ЧЫПКАНЫ ТАЗАЛОО
1. Алдыңкы панелди аягына чейин көтөрүп, андан кийин аба чыпка-
сынын чыгып турган бөлүгүн көтөрүп, алып салыңыз.
2. Чыпканы чаң соргучтун жардамы менен тазалаңыз же суу менен
жууп салыңыз. Чыпка аябай булганган болсо, анда аны жум-
шак жуугуч каражат кошулган жылуу суу менен жууп салыңыз.
Көлөкөлүү жерде чыпканы жакшылап кургатыңыз.
3. Чыпканы ордуна орнотуңуз жана алдыңкы панелди жаап коюңуз.
ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ
Сезондун аягында
Төмөнкү иш - чараларды жүргүзүш керек:
сплит-тутумду «Желдетүү» режиминде узак убакытка күйгүзүңүз;
андан кийин шайманды тармактан ажыратып туруңуз;
аба чыпканы тазалаңыз;
ички жана тышкы блокторду жумшак кургак кездеме менен аарчып
салыңыз;
алыстан башкаруу пульттан батарейкаларды чыгарып салыңыз.
Сезондун башында
Төмөнкү иш - чараларды жүргүзүш керек:
ички жана тышкы блоктордун аба соруучу жана чыгуучу жерлери
тосулуп калбагандыгына көз салыңыз;
тышкы бөлүктө дат жоктугун текшерип алыңыз;
аба чыпканын тазаландыгын текшериңиз;
шайманды электр тармагына туташтырыңыз;
пультка батарейкаларды орнотуңуз.
6. МҮМКҮН БОЛГОН БУЗУУЛАР ЖАНА АЛАРДЫ ЖОЮУ ЫКМАЛАРЫ
1 Сплит-тутуму
ишке кирбей
жатат
Сайгычы электр розеткага бекем кирген жок
Пультта батарейкалар бошотулду
Коргоо иштеп кетти
Электр тармагындагы чыңалуу жетишсиз
2 Аба муздабай
жатат же
ысыбай жатат
Аба соруучу жана чыгуучу жерлер кулпулан-
ган
Температура туура эмес орнотулду
Аба чыпка кирдеди
3 Сплит-тутумун
башкарууда
бузулуулар
Эгер тоскоолдуктар көп болсо татистикалык
электр кубаты өтө эле жогору болсо, электр энер-
гиясы өчүп калса), шайман үзгүлтүксүз иштеши
мүмкүн. Бул учурда, кондиционер тутумун электр
тармагынан ажыратып, 2-3 секунддан кийин
кайра күйгүзүңүз
4 Дароо
иштебейт
Иштөө учурунда режим өзгөртүү 3 мүнөттөн
кийин иштейт
5 Жагымсыз
жытт
Иштөө учурунда сплит-тутуму жагымсыз жытты
өзүнө тартып алат (мисалы эмерек, тамеки), ал
аба менен кошо таркатылат
6 Аккан суунун
үнү
Муздатуучу заттын кондиционер тутумдагы
жүгүртүшүлөн келип чыккан жана иштебей
калган.
Ысытуу учурунда эриген үн
7 Чыртылда-
ган үн
Үн температуранын өзгөрүшүнөн улам алдыңкы
панелдин кеңейишинен же кысылышынан келип
чыгышы мүмкүн
8 Чыгаруучу
тешиктен ным
чачырап турат
Нымдуулук, муздатуу же кургатуу учурунда муз-
дак абанын чыгышынан бөлмөдөгү аба аябай
муздаганда пайда болот
9 «Жылытуу»
режими
башталганда,
аба дароо
кирбейт
Сплит-тутуму жетиштүү жылуу аба менен кам-
сыз кылууга даяр эмес. Сураныч, 2-5 мүнөт күтө
туруңуз
10 Жылытуу ре-
жиминде аба
5-10 мүнөткө
токтойт
Шайман автоматтык түрдө эрийт, анын сыртында
буу пайда болот. Эриткенден кийин, кондиционер
тутуму автоматтык түрдө иштей берет
11 Алыстан баш-
каруу пульту
туура эмес
иштеп жатат
Сигнал кабылдагыч менен пульттун ортосунда
тоскоолдук бар
Батарейкалар бошоду
41-БЕТТЕГИ КЕМЧИЛИКТЕР КОДДОРУ МАЗМУНУ!

Содержание

Похожие устройства

Скачать