Centek 60000 BTU -16500/17000Вт, R410A, 49-60дБ, компрессор PANASONIC CT-66M60 Инструкция по эксплуатации онлайн [23/48] 873067

Centek 60000 BTU -16500/17000Вт, R410A, 49-60дБ, компрессор PANASONIC CT-66M60 Инструкция по эксплуатации онлайн [23/48] 873067
22
Пульттун дисплейинде тиешелүү режим көрсөтүлөт: AUTO («Автомат-
тык»), COOL («Муздатуу»), DRY («Кургатуу»), HEAT («Ысытуу»), FАN
(«Желдетүү»).
Автоматтык режимде кондиционер бөлмөдө абанын температурасы-
на жараша автоматтык түрдө муздатуу же жылытуу режимин тандайт
жана колдонуучуга ыңгайлуу шарт түзөт. Максаттуу температура
башкаруу пульттун дисплейинде көрсөтүлбөйт жана аны алмашты-
руу мүмкүн эмес. Желдетүү режимде кондиционер ички блоктун гана
желдеткичин күйгүзөт. Берилген режимде кондиционер бөлмөнүн
температурасын сактабайт. Максаттуу температура башкаруу пуль-
ттун дисплейинде көрсөтүлбөйт жана аны алмаштыруу мүмкүн эмес.
Көңүл буруңуз! Кондиционер таза аба агымын чыгарбайт!
4. «ВКЛ/ВЫКЛ» («КҮЙҮК/ӨЧҮК») БАСКЫЧЫ
Баскычты басуу кондиционерди күйгүзөт, пульттун дисплейинде ON
индикатору көрсөтүлөт, кайрадан бир жолу басуу кондиционерди
өчүрөт, пульттун дисплейинде OFF индикатору көрсөтүлөт. Кондици-
онер күйгүзүлгөндө, мурунку иштөө жөндөөлөрү коюлат.
5. «СКОРОСТЬ» («ЫЛДАМДЫК») БАСКЫЧЫ
Баскычтын ар бир басылышы ичиндеги желдеткичтин ылдамдыгын
(чыгарылган абанын ылдамдыгын) төмөнкүдөй өзгөртөт: «Автомат-
тык» / «Төмөн» / «Орто» / «Жогору».
Пульттун дисплейинде желдеткичтин тиешелүү ылдамдыктын
көрсөткүчү көрсөтүлөт: AUTO («Автоматтык»), LOW Төмөн»), MID
(«Орто»), HIGH («Жогору»). Желдеткичтин ылдамдыгы автоматтык
түрдө коюлган максаттуу температура менен айлана-чөйрөнүн тем-
пературасынын ортосундагы айырмага жараша болот. Желдетүү ре-
жимде желдеткичтин автоматтык ылдамдыктын режими жеткиликтүү
эмес.
6. «ЖАЛЮЗИ» БАСКЫЧЫ
Баскычты басуу ички бөлүктүн горизонталдуу жалюзинин кыймылын
активдештирет, ал чыгуучу абанын багытын тигинен өзгөртөт. Жалю-
зи керектүү абалга келгенче күтө туруңуз, жана термелүүнү токтотуу
үчүн баскычты дагы кайра басыңыз.
Жалюзиде конденсант болушуна жол бербеш үчүн, муздатуу жана
кургатуу режимдеринде аба агымынын ылдый көпкө чейин агып
кетишине жол бербеңиз. Жалюзи сынып калбашы үчүн, анын абалын
кол менен тууралабаңыз.
7. «СОН» («УЙКУ») БАСКЫЧЫ
Баскычты басуу түнкү иштөө режимди күйгүзөт, пульттун дисплейин-
де индикатору көрсөтүлөт, ички блоктун алдыңкы бетинде болсо
дисплей өчөт. Берилген режимде ички блоктун желдеткичи төмөн
ылдамдыкта айланат.
8. «ТАЙМЕР ВКЛ» БАСКЫЧЫ
Алыстан башкаруу пульт өчүк турган абалда « ТАЙМЕР ВКЛ» баскыч-
ты басуу, кондиционерди күйгүзүү таймерин иштетет, дисплейде
индикатору жана таймердин убактысы көрсөтүлөт. Убакытты орнотуу
диапазону - 0,5 сааттан (30 мүнөт) 24 саатка чейин. Кондиционерди
күйгүзүүнүн каалаган убактысын орнотуу үчүн, / баскычтарды
басыңыз. Бул баскычтарды ар бир басуу убакыттын жарым саатка
көбөйүшүн же азайышын белгилейт. Таймердин мааниси 10 саатка
жеткенде, берилген баскычтарды ар бир басуу, убакыттын 1 саат-
ка көбөйүшүн же азайышын белгилейт. Кондиционерди күйгүзүүнүн
таймерин иштетиш үчүн, «ТАЙМЕР ВКЛ» баскычын кайрадан басыңыз.
Пульттун дисплейинде кондиционер таймер куйгүзүлгөндөн кий-
ин анын иштөө жөндөөлөрү көрсөтүлөт. Зарыл болгондо, аларды
өзгөртсө болот. Белгиленген убакыттан кийин кондиционер коюлган
орнотуулар менен автоматтык түрдө күйгүзүлөт.
9. «МОИ НАСТРОЙКИ» («МЕНИН ОРНОТУУЛАР») БАСКЫЧЫ
Кондиционер иштеп жаткан учурда баскычты басуу колдонуучунун
алдын ала койгон орнотууларын орнотот. Баскычты кайталап басуу,
берилген режим күйгүзүлгөндөн мурун коюлган орнотууларын кай-
тарат. Керектүү иштөө орнотууларды орнотуу үчүн, керектүү пара-
метрлердин маанилерин койгондон кийин, «МЕНИН ОРНОТУУЛАР»
баскычын 3 секунддан ашык басып кармап туруңуз.
10. «ТАЙМЕР ВЫКЛ» БАСКЫЧЫ
Алыстан башкаруу пульт күйүп турган учурда «ТАЙМЕР ВЫКЛ» ба-
скычты басуу кондиционерди өчүрүү таймерин жандырат, дисплей-
де
индикатору жана таймердин убактысы көрсөтүлөт. Убакытты
орнотуу диапазону - 0,5 сааттан (30 мүнөт) 24 саатка чейин. Кон-
диционерди күйгүзүүнүн каалаган убактысын орнотуу үчүн, /
баскычтарды басыңыз. Бул баскычтарды ар бир басуу убакыттын
жарым саатка көбөйүшүн же азайышын белгилейт. Таймердин маа-
ниси 10 саатка жеткенде, берилген баскычтарды ар бир басуу, уба-
кыттын 1 саатка көбөйүшүн же азайышын белгилейт. Кондиционерди
күйгүзүүнүн таймерин иштетиш үчүн, «ТАЙМЕР ВКЛ» баскычын кай-
радан басыңыз. Коюлган убакыттан кийин кондиционер автоматтык
түрдө өчүп калат.
11. iFEEL БАСКЫЧЫ
Баскычты басуу алыстан башкаруу пультуна орнотулган температура
сенсоруна ылайык кондиционердин иштешин жөнгө салуу режимин
күйгүзөт. Башкаруу панелинин дисплейи индикатору менен бирге
башкаруу панелинин жайгашкан бөлмөсүндөгү абанын температу-
расынын маанисин көрсөтөт. Кондиционер өчүрүлгөндө же баскыч
кайрадан басылганда, режим өчүрүлөт.
12. «ДИСПЛЕЙ» БАСКЫЧЫ
Баскычты басуу ички блоктун алдыңкы панелиндеги дисплейдин
арткы жарыгын өчүрөт, баскычты кайрадан басуу ички блоктун
алдыңкы панелиндеги дисплейдин жарыгын күйгүзөт.
БАШКАРУУ ПУЛЬТТУН ДИСПЛЕЙИ
AUTO - автоматтык иштөө режимдин индикатору
COOL - муздатуу режимдин индикатору
DRY - кургатуу режимдин индикатору
HEAT - жылытуу режимдин индикатору
ЫЛДАМДЫК (FAN, HIGH, MED, LOW) - желдеткичтин айлануу ылдам-
дыгын индикатору
максаттуу температуранын же коюлган таймердин убак-
тысы.
- маалыматтарды берүү индикатору.
- алыстан башкаруу пульттун иштөө индикатору.
- күйгүзүү таймердин индикатору.
- өчүрүү таймердин индикатору.
башкаруу пульттун баскычтарын бөгөттөөнүн күйгүзүү индика-
тору.
- iFEEL режимдин иштөө индикатору.
- «СОН» режимдин иштөө индикатору.
БАТАРЕЯЛАРДЫ ОРНОТУУ ЖАНА АЛМАШТЫРУУ
Алыстан башкаруу пультун кубаттоо үчүн ААА тибиндеги 2 батарея
колдонулат.
Батарея бөлүгүнүн капкагын жылдырып, батарейкаларды бөлүмдүн
дубалында көрсөтүлгөн «+» жана «-» белгилерине ылайык
кыстарыңыз.

Содержание

Похожие устройства

Скачать