Атлант ХМ 4621-159-ND черный [52/0] Муздаткычты иштетуу боюнча гарантиялык кепил дик моонот 3 жыл
![Атлант ХМ 4625 161 [52/0] Муздаткычты иштетуу боюнча гарантиялык кепил дик моонот 3 жыл](/views2/2028036/page52/bg34.png)
52
KYR
9.11 Муздаткычтын конденсаторун жана арткы бетин чаң
соргуч менен үзгүлүтүксүз тазалап туруу сунушталат. Конден-
сатордогу чаң электр энергиясынын ашыкча чыгымдалышына
алып келет.
10 САКТОО ЖАНА ТРАНСПОРТТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ
10.1 Таңгакталган муздаткыч табигый желдетилген жабык
жайда 80 %дан ашпаган салыштырмалуу нымдуулукта сакта-
лууга тийиш.
10.2 Эгерде муздаткыч узак убакыт пайдаланылбаса, аны
электр тарамынан ажыратуу, бардык азыктарды алып салуу, ТБ
эритүү, бөлүктөрдү тазалоо талап кылынат. Тазалагандан кийин
бөлүктөрдө жыт калбаш үчүн эшиктерди ачык таштоо зарыл.
10.3 Муздаткычты жабык транспорттун бардык түрлөрүнө бе-
кем таңып, жумушчу абалда (тик) коюу менен транспорттоо керек.
Жүктөө-түшүрүү иштеринде муздаткычка сокку келтирүүгө
ТЫЮУ САЛЫНАТ.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Сындырып албоо үчүн муздаткычты
эшигинен, эшиктин туткасынан, декорациялык калканчасы-
нан (бар болсо) кармап жылдырууга болбойт.
11 МҮМКҮН БОЛУУЧУ БУЗУЛУУЛАР
ЖАНА АЛАРДЫ ОҢДОО МЕТОДДОРУ
11.1 Керектөөчү тарабынан оңдолуучу бузулуулар 3-табли-
цада көрсөтүлгөн. Эгерде бузулууларды өз алдынча оңдоого
мүмкүн болбосо, тейлөө кызматынын механигин чакыруу зарыл.
12 ЖАҢЫ ТАМАК—АШ АЗЫКТАРЫН
САКТОО ҮЧҮН БӨЛҮКТҮ ЖАРЫК КЫЛУУ
12.1 МБ жарык кылуу жарык диоддук шамчырак коюлган.
12.2 Жарык диоддуу шамчыракка техникалык тейлөө талап
кылынбайт. Ал бузулган учурда тейлөө борборунун механигин
чакыруу керек.
13 КЕРЕКТӨӨ
13.1 Муздаткычты таңгактоо үчүн колдонулган материалдар
экинчи чийки затты жыйноо пунктуна түшсө толук бойдон кайра
иштетилиши на кайтадан пайдаланылышы мүмкүн.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Таңгактоочу материалдар менен бал-
дардын ойноосуна уруксат бербеңиз, анткени картон ко-
робкасына жамынып же таңгактоочу пленкага оронуп алып
думугуп калуу кооптуулугу бар.
13.2 Керектөөгө жаткан муздаткычты кубат алуу босун кесип
салып жараксыз абалга келтирүү керек жана өлкөнүн колдонуу-
дагы мыйзамдарына ылайык керектөө зарыл.
13.3 Муздаткычтын системаларында камтылган R600а хлада-
генти адис тарабынан керектөөгө жаратылышы зарыл. Муздаткыч
системаларынын түтүктөрү керектөөгө чейин бузулбагандыгына
абдан көңүл коюп кароо керек.
14 КЕПИЛДИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ ЖАНА
ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ
14.1
Муздаткычты иштетуу боюнча гарантиялык кепил-
дик моонот 3 жыл.
Пайдалануунун кепилдик мөөнөтү сатуу датасынан, ал
эми сатуу датасы жок учурда – буюмдун заводдук номеринде
көрсөтүлгөн даярдалган датасынан тартып санап башталат.
14.2 Кызытуу айнек текчесине, тапшыруу комплектисине
кирген пластмасса буюмдарына, кооздук калканчага, эшиктер-
дин таянычтарына, калыңдаткычтарына жана алымчаларына,
пластмасса туткаларга кепилдик берилбейт.
14.3 Кепилдик милдеттенмелери төмөнкүлөргө жайыл-
тылбайт:
— тейлөө уюмдарынын тизмегине кирбеген адамдардын
оңдоо иштерин жүргүзүүсүнө;
— буюмду жүрүүчү транспорттун бардык түрлөрүндө пайда-
ланган учурда;
— пайдалануу боюнча көрсөтмөдө жазылган орнотуу,
туташтыруу, пайдалануу жана коопсуздук эрежелерин сакта-
баган учурда;
3-таблица
Мүмкүн болуучу бузулуу Ыктымалдуу себеп Оңдоо методу
Электр тарамына туташтырылган
муздаткыч иштебей жатат, МБ жарык
күйгөн жок
Электр тарамында
чыңалуу жок
Электр тарамына каалагандай электр приборун кошуп,
тарамда чыңалуунун бардыгын текшерүү
Муздаткычтын кубат алуу
боосунун айрысынын
жана электр тарамынын
розеткасынын ортосуна
контакт жок
Кубат алуу боосунун айрысы менен розетканын
контактын камсыз кылуу
Дабыш чыгаруу деңгээли жогору
Муздаткыч туура эмес
орнотулган
Муздаткычты 3-бөлүккө ылайык орнотуу
No Fro системасы жок муздаткычтын
МБ суунун жана конденсаттын болушу
Эриген сууну төгүү
системасы бүтөлүп калган
Тиркемеге ылайык сууну төгүү системасын тазалоо
Бөлүктөрдөгү температура жогору же
төмөн, компрессор үзгүлтүксүз иштеп
жатат
Эшик начар жабылган Муздаткычтын эшигин бекем жабуу
Пайдалануу шарттары
бузулган
1.3, 3.1, 3.2 аткарылышын камсыз кылуу
Бөлүктөгү температура
туура эмес тандалган
Бөлүктөгү температураны жөнгө салуу
No Fro системасындагы муздаткычтын
ТБ конструктивдүү элементтеринде,
азыктарда кыроо пайда болду
ТБ арткы бетинде
жайгашкан No Fro
системасындагы аба
каналдары жабылып
калган
ТБ арткы бетинде жайгашкан No Fro системасындагы
аба каналдары бошотуу
Эшиктин тез-тез
ачылышы. Узак убакытка
эшиктердин ачылышы.
No Fro системасынын ишине ылайык эшик
жабылгандан кийин кыроо жоголот
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
Содержание
Похожие устройства
- Samsung SC18M2110SP/EV Руководство по эксплуатации
- Thomas TWIN AQUAWASH Руководство по эксплуатации
- Thomas TWIN TIGER 788556 Руководство по эксплуатации
- Thomas SUPER 30 S 788079 Руководство по эксплуатации
- Thomas TWIN TT ORCA Руководство по эксплуатации
- Kelli KL-1322 Руководство по эксплуатации
- Orlauf Ultima Руководство по эксплуатации
- Rowenta TN9440F4 Руководство по эксплуатации
- Ветерок 134827 Руководство по эксплуатации
- Ветерок 134826 белая Руководство по эксплуатации
- Philips S7882/55 Руководство по эксплуатации
- Braun 9415s Руководство по эксплуатации
- Braun 71-S4200cs Руководство по эксплуатации
- Jacky\'s JV BW982 Руководство по эксплуатации
- Braun HM1010WH Руководство по эксплуатации
- Wacaco Nanopresso WCCNPY желтая Руководство по эксплуатации
- Wacaco Nanopresso WCCNPR красная Руководство по эксплуатации
- Karcher SC 3 Deluxe (1.513-430.0) Руководство по эксплуатации
- Tecno SPARK 20 8/128GB Gravity Black Руководство по эксплуатации
- AM.PM W90C-401-090BT Руководство по эксплуатации