Vitek VT-1598 W [17/24] Кыргыз
![Vitek VT-1598 W [17/24] Кыргыз](/views2/1451567/page17/bg11.png)
17
КЫРГЫЗ
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз. Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
• Шайман иштеп турган учурда балдарга
шаймандын корпусун жана электр шнурун
тийүүгө уруксат бербеңиз.
• Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
• Шайман иштеп жана муздап турганда аны
балдар жетпеген жерге коюңуз.
• Бул шайман балдар колдонгону үчүн
арналган эмес.
• Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
инструкциялаган болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
• Электр шнурунун, сайгычтын жана шайман
корпусунун абалын мезгилдүү текшерип
туруңуз.
• Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды оз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
• Шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
• Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген жерлерде
сактаңыз.
АСПАП ТУРАК ЖАЙЛАРДА ТУРМУШ-
ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН,
КОММЕРЦИЯЛЫК КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ
ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Шайманды муздак (кыш) шартында
сактоодон же транспорттоодон кийин
аны бөлмө температурасында 3 сааттан
кем эмес сактоо зарыл.
• Шайманды иштеткендин алдында чыңалуусу
электр тармагынын чыңалуусуна ылайык
болгонун текшерип алыңыз.
• Күйгүзбөс катарын нымдуу чүпүрөк же
сүлгү менен сүртүп, андан соң кургатып
сүртүңүз.
• Шайманды биринчи иштетүүнүн алдында
иштөө беттердин күйгүзбөс катмарына
бир аз өсүмдүк май куюп, майды таратып
алыңыз. Ашкан майды кага майлык менен
кетирип, шайманды 5-10 минутага электр
тармагына туташтырып, андан соң өчүрүп
алыңыз.
Эскертүү: Биринчи иштеткенде ысытуучу
элементтеринин үстү күйүп, өзгөчө жыт
пайда болуу мүмкүн, бул нормалдуу кубулуш.
СЭНДВИЧТЕРДИ ЖАСОО
• Туткаларын кысып (3), бекитмесин (4)
жабыңыз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз, ошондо индикаторлор (1, 2) күйөт.
• Керектүү температурага жеткенде, даярдык
индикатору (2) өчөт.
• Сэндвич жасагычты ачып, астынкы күйгүзбөс
бетине бир кесим нанды салып, үстүнө башка
азыктарды салып, экинчи нандын кесими
менен үстүн жабып, сэндвич жасагычты
акырын жабып, туткаларын (3) жогу кысып,
бекитмесин (4) жабып салыңыз.
Эскертүү: Ингредиенттерди салууда этият
болуңуз, себеби астынкы жана үстүнкү күйгүзбөс
беттери көпкө чейин ысык болот.
• Сэндвичтерди 2-4 минутанын ичинде
кууруңуз. Жакканыңызга карата, куурууну
индикатор (2) кийинки жолу өчкөнгө чейин
же андан кийин да бир аз узак улантсаңыз
болот.
• Сэндвичтер даяр болгондо, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасынан чыгарып,
шаймандын капкагын ачуу зарыл. Даяр
сэндвичтерди жыгач күрөкчө менен чыгаруу
зарыл. Сэндвичтерди чыгарганда күйгүзбөс
катмарын бузбоо үчүн учтуу металл
буюмдарды колдонбоңуз.
• Шайман колдонулбай турганда аны жабык
бойдон сактаңыз.
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
• Жакшы натыйжаны алуу үчүн калыңдыгы
орточо болгон нан кесимдерин алыңыз.
• Сэндвичтерди жасоо мөөнөтү кесимдердин
калыңдыгына жана нандын түрүнө көз
каранды болот.
• Буудай же кара убудай унунан жасалган
нанды пайдалансаңыз болот.
IM VT-1598.indd 17 12.12.2017 14:48:47
Содержание
Похожие устройства
- Vitek VT-2324 BK Black Инструкция по эксплуатации
- Maxwell MW-2208 Pink/Black Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-2292 VT White/Red Инструкция по эксплуатации
- Maxwell MW-2026 Black Инструкция по эксплуатации
- Maxwell MW-2007 Black Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-2316 Blue Инструкция по эксплуатации
- Black & Decker Steam-mop FSM1605R Инструкция по эксплуатации
- Philips Care Edition HP8348/00 Black Инструкция по эксплуатации
- Philips SalonCurl Pro HP4684/00 Gold/Blue Инструкция по эксплуатации
- Philips Essential Care BHD004/00 Black Инструкция по эксплуатации
- Philips Care CurlControl HP8607/00 Gold/Black Инструкция по эксплуатации
- Philips Care Edition Ionic HP8243/00 Black/Gold Инструкция по эксплуатации
- Philips Salon Multistyler HP8697/00 Руководство пользователя
- Philips Dry Care Advanced HP8232/00 White/Gold Руководство пользователя
- Philips Care&Control HP8344/00 Black Инструкция по эксплуатации
- Philips EssentialCare HP8324/00 Black Инструкция по эксплуатации
- Philips EssentialCare HP8319/60 White/Violet Инструкция по эксплуатации
- Philips Thermo Protect HP8229/60 White Инструкция по эксплуатации
- Philips Dry Care Essential BHD029/00 Black Инструкция по эксплуатации
- Philips Essential Care BHD006/00 White/Green Инструкция по эксплуатации