Braun Oral-B Vitality D100.423.2K Frozen 2 [15/24] Business use p g authorized poa 00115619 rev 001 effective date 2019 03 21 printed 2019 04 24 page 14 of 24

Braun Oral-B Vitality D100.423.2K Frozen 2 [15/24] Business use p g authorized poa 00115619 rev 001 effective date 2019 03 21 printed 2019 04 24 page 14 of 24
15
кармагычка туура кирбесе, тиш
щетканы колдонууну токтотуңуз.
Эч качан аштоосуз колдонбоңуз.
Эгерде тиш щеткасы полго түшкөн
болсо, кийинки колдонуу алдына
бузулган жерлери байкалбаса да,
аштоону алмаштырыңыз.
Аштоону ар бир үч ай же
эскирилген сайын андан да тез
алмаштырыңыз.
Ар бир колдонуудан кийин
аштоону кылдаттык менен
тазалаңыз (“Тазалоо боюнча
сунуштоолор” бөлүмдү караңыз).
Туура тазалоо тиш щетканын
коопсуздугун камсыз кылып, анын
кызмат мөөнөтүн узартат.
Т\ш\нд\рмс\
A Алмаштыруучу насадка
B Күйгүзүп/өчүрүүчү баскыч
С Щетканын кармагычы
D Заряддоочу түзүлүш
Толуктоосу (моделине жараша):
E Аштоолор үчүн сактагыч
Эскерт\\. Берилгени моделге
жараша айырмаланышы мүмкүн.
Спецификация
Электр кубат бергичтин
спецификациясын заряддоочу
түзүлүштүн түбүнөн караңыз.
Дүрүлдөө деңгээли:
65 дБ (A)
Заряддагыч жана колдонуу
Тиш щеткаңыз коопсуз жана
ванныйда колдонууга жарайт.
Заряддоо блокту (D) ажырымыга
сайып жана тиш щетканын
кармагычын (С) заряддо блогуна
коюңуз. Толук заряддоо 16 саатка
чейин созулат жана үзбөй
колдонуу менен (күнүгө эки жолу
2 минут ичинде) сегиз күнгө
иштөөнү камсыз кылат (сүрөт 1).
Күн сайын щетканы колдонууда
кармагычты заряддоочу
түзүлүштө сактоого болот, ал
щетканын такай заряддалыш
деңгээлин шарттап турат.
Аккумулятор ашыкча заряд
албашы керек.
Аккумулятордун эң көп
сыйымдуулугун сактоо үчүн эң аз
дегенде 6 ай сайын заряддоочу
түзүлүштү өчүргүлө жана
аккумуляторду дайым колдонууда
толугу менен заряддагыла.
Электрдик тиш щеткасын
колдонуу
Тазалоонун техникасы
Тиш щетканын башын суулап
алып, ага тиш пастадан сүйкөңүз.
Чачыроосун алдын алуу үчүн
щетканы тиштерге жакын алып
келип, андан соң аны күйгүзгүлө
(В) (2-сүр.)
Oral-Bнин кайтма-айлантуучу
насадкаларын колдонууда тиш
щетканын башын ар бир тиште
бир канча секунда кармап туруу
менен шашпастан бир тиштен
экинчисин көздөй жай
жылдыргыла.
Кайсы гана насадка болбосун
тазалоону адегенде сырткы
катмарынан баштап, андан соң
ички жагына өткүлө.
Жыйынтыктоочу этапта тиштердин
чайноочу катмарын тазалагыла.
Ооз көңдөйүнүн 4 квадратын
тазалоонун баардыгы бирдей
убакытты ээлеши керек. өтө катуу
баспагыла, себеби щетка
тазалоону автоматтык түрдө ишке
ашырат. Силер ошондой эле өз
дантистиңер же стоматолог-
гигиенистиңер менен тишти
тазалоонун ылайыктуу техникасын
аныктап берүү үчүн кеңешип
алсаңар болот ( 4-сүр.).
Электрдик тиш щеткасын колдонгон
алгачкы күндөн баштап бүйлөлөр
аздан канашы мүмкүн. Адатта каноо
щетканы колдонгондон бир канча
көндөн кийин токтойт. Эгер кан агуу
эки жумадан ашык улана берсе,
стоматологго кайрылыңыздар.
Таймер (моделге жараша)
Кыналган таймер (моделге жараша)
тазалоо убагын байкайт (сүрөт 3).
Эки минуттук таймер: Кыска үзүлмө
үн сигналы адистер сунуш кылган 2
минуттук тазалоо убактын бүткөнүн
билдирет.
Адистештирилген таймер: Аралыгы
30 секунд берилген кыска үзүлмө үн
сигналы ооздун төрт бөлүгүнө тең
көңүл буруу керектиги жөнүндө
билдирет. Узун үзүлмө үн сигналы
адистер сунуштаган 2 минуттук
тазалоо убактын бүткөнүн билдирет.
Алмаштыруучу насадкалар
Oral-B CrossAction насадкасы
Эң эле заманбап
насадка. Бири- бирине
бурч алдында жайгашкан
кылдар тиштердин тыкыр
тазаланышын
камсыздайт. Өңөрдү алып чыгат
жана тазалайт.
Oral-B Sensi Ultrathin
аштоосу тиштин сыртын
тазалаган жөнөкөй
кылдарын жана тиштин
эти үчүн эң эле ичке
кылдарын да камтыйт.
Oral-B аштоолордун көбү аштоонун
алмаштыруу убагын байкоого
жардам берген көк INDICATOR
®
кылдарын камтыйт.
2 минут ичиндеги кылдат тазалоо
менен көк кылдары үч айдан кийин
жарымына түсүн жоготушат, жана
бул аштоону алмаштырууга убакыт
келгенин белгиси болот.
Эгерде кылдар түсүн жоготконго
чейин жапырылып калса, сиз тишке
жана тиштин этине өтө эле ныктап
жатканыныңыздын белгиси болушу
мүмкүн (сүрөт 4).
Oral-B FlossAction жана Oral-B
3DWhite алмаштыруучу
насадкаларын брекеттер менен
колдонууга болбойт. Силер
ортодонттук конструкциялардын
айланасын тазалоого арналган
атайын иштелип чыккан Oral-B Ortho
алмаштыруучу насадкасын колдоно
аласыңар.
Тазалоо боюнча сунуштар
Колдонуудан кийин щетканын
башын сууну агызып алып
кармагычты күйгөн абалында бир
канча секунддай жууш керек.
Щетканы өчүрүп насадканы
чечкиле. Баардык бөлүктөрүн
өз-өзүнчө агып турган суу менен
жуугула, андан соң щетканы кайра
чогултуудан мурун жакшылап
кургатып сүрткүлө. Заряддоочу
түзүлүштү маал-маалы менен ным
кездеме менен сүртүп туруу керек.
Заряддоочу түзүлүштү кандай гана
болбосун сууга малбагыла.
Насадкаларга арналган туткучту (E)
идиш-аяк жуучу машинада жууганга
болот (4-сүр.).
Буюмга эскертүүсүз өзгөртүүлөр
киргизилиши мүмкүн.
Утилдештир\\
Бул түзүлүш аккумулятордук
батареяларды жана/же жок
кылууга жаткан электрдик
калдыктарды камтыйт. Айлана-
чөйрөнү коргоо кызыкчылыгында
аны үй таштандысы менен бирге
ыргытпагыла. Өлкөңүздүн
электрдик калдыктарды чогултуу
пункттарында керектен
чыгарылышы мүмкүн.
Кепилдик
Өнүмгө сатып алуудан кийин эки
жылдын ичинде чектелген кепилдик
берилет.
90571371_D100_EE_CAR_IL.indd 1590571371_D100_EE_CAR_IL.indd 15 18.03.19 10:2318.03.19 10:23
Business Use - P&G AUTHORIZED POA-00115619 Rev 001 Effective Date 2019-03-21 Printed 2019-04-24 Page 14 of 24

Содержание

Похожие устройства

Скачать