Centek CT-65I18 Инструкция по эксплуатации онлайн [16/44] 744190

Centek CT-65I24 Инструкция по эксплуатации онлайн [16/44] 744191
15
3. ШАЙМАНДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
БӨЛҮНГӨН ТУТУМДУН ТҮЗМӨГҮ
Ички блок
1. Чыгуучу аба тешик
2. Кирүүчү аба тешик
3. Алдыңкы панель
4. Аба чыпка
5. Кол менен баштоо баскычы
6. Жалюзи
7. Сигнал кабылдагыч
8. Электр зымы
9. Алыстан башкаруу
10. Төгүүчү шланга
11. Муздатуучу зат/Суюктук үчүн түтүк
Тышкы блок
12. Жабык клапан
13. Чыгуучу аба тешиктин тору
3
9
7
8
11
10
13
12
4
5
1
2
1
2
6
4. ШАЙМАНДЫ БАШКАРУУ
КОЛ МЕНЕН БАШТОО ФУНКЦИЯСЫ
Эгер пульт жоголуп кетсе же батареялар түгөнсө, кол менен баштоо
баскычын колдонсоңуз болот.
Бул үчүн, ички блоктун алдыңкы панелин акырын көтөрүп, кол ме-
нен баштоо баскычын (3) кыска басыңыз. Сплит - тутуму автоматтык
түрдө (AUTO) иштеп баштайт. Кол менен баштоо баскычын дагы бир
жолу басуу шаймандын өчүрүлүшүнө алып келет.
АЛЫСТАН БАШКАРУУ БАСКЫЧТАРДЫН ДАЙЫНДОО-
СУ
Алыстан башкаруу пультун колдонуунун чоо-
жайын сурот QR-кодун сканерлеп жүктөп алууга
болот.
БАТАРЕЯЛАРДЫ ОРНОТУУ ЖАНА АЛМАШТЫРУУ
Алыстан башкаруу пультун кубаттоо үчүн ААА тибиндеги 2 батарея
колдонулат.
Батарея бөлүгүнүн капкагын жылдырып, батарейкаларды
бөлүмдүн дубалында көрсөтүлгөн «+» жана «-» белгилерине ылай-
ык кыстарыңыз.
Батарейкаларын алмаштыруу үчүн, окшош эле операцияны кайта-
лап коюңуз.
ЭСКЕРТҮҮ
1. Алмаштыруу учурунда эски же башка типтеги батареяларды
колдонбоңуз. Бул пульттун жакшы иштебей калышына алып ке-
лиши мүмкүн.
2. Эгер сиз алыстан башкарууну 1 айдан ашык колдонбосоңуз, ба-
тарейкаларды пульттан алып салыңыз, анткени алар агып кетип,
пультту бузушу мүмкүн.
3. Шайманды күн сайын колдонуу менен, батарейкалардын иштөө
мөөнөтү болжол менен 6 ай түзөт.
4. Алыстан башкаруунун буйруктарынын уккулуктуу ырастоосу жок
болсо же сигналды берүү белгиси өчүп калса, батарейкаларды
алмаштырыңыз.
5. ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ЖАНА ШАЙМАНГА КАМ КӨРҮҮ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Шайманды тейлөөдөн мурун электр тармагынан
ажыратып коюңуз.
ИЧКИ БЛОКТУН АЛДЫҢКЫ ПАНЕЛИН ТЕЙЛӨӨ
Шайманды кылдаттык менен сактоо жана өз убагында тазалоо анын
иштөө мөөнөтүн узартып, энергияны үнөмдөөгө жардам берет.
Тазалоодо төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз:
шайманды аарчып жатканда, туруктуу жерде туруңуз, болбосо
кулап кетсеңиз, шайманды бузуп же өзүңүзгө зыян келтиришиңиз
мүмкүн;
алдыңкы панелди алып жатканда жаракат албаш үчүн, корпустун
темир бөлүктөрүнө тийбеңиз;
шаймандын алдыңкы панелин жана пультту тазалап жатканда,
кирди кургак чүпүрөк менен тазалоого мүмкүндүк болбосо, ным
чүпүрөктү колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ
1. Шайманды жана алыстан башкаруу пультту суунун агымынын
астында жуубаңыз!
2. Тазалоо үчүн курамында спирт бар суюктуктарды, бензинди, май-
ларды жана жылтыратуучу заттарды колдонбоңуз.
3. Алдыңкы панелдин бетине катуу басым жасабаңыз, анткени ал
түшүп кетиши мүмкүн.
4. Шаймандын корпусунун бетине доо кетпеши үчүн, тазалоо үчүн
абразивдүү каражаттарды же болоттон жасалган губканы
колдонбоңуз.
5. Суунун температурасы 45 °С дан ашпашы керек. Бул деформа-
циянын же пластиктин түсүнө өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.
АБА ЧЫПКАНЫ ТАЗАЛОО
1. Алдыңкы панелди аягына чейин көтөрүп, андан кийин аба чып-
касынын чыгып турган бөлүгүн көтөрүп, алып салыңыз.
2. Чыпканы чаң соргучтун жардамы менен тазалаңыз же суу менен
жууп салыңыз. Чыпка аябай булганган болсо, анда аны жум-
шак жуугуч каражат кошулган жылуу суу менен жууп салыңыз.
Көлөкөлүү жерде чыпканы жакшылап кургатыңыз.
3. Чыпканы ордуна орнотуңуз жана алдыңкы панелди жаап коюңуз.

Содержание

Скачать