Vitek VT-1264 [25/28] Кыргыз
![Vitek VT-1264 [25/28] Кыргыз](/views2/2003936/page25/bg19.png)
25
КЫРГЫЗ
– Үтүк муздаганынан бат ысыйт. Ошол үчүн
биринчиден төмөн температурадагы
кийимдерди (мисалы, синтетикалык
кездемелерди) үтүктөө зарыл.
– Андан кийин үтүктөө температурасы
жогоруураак нерселерди (жибек, жүн) үтүктөп
баштаңыз. Кебез жана зыгыр кездемелерди
эң акырында үтүктөсөңүз болот.
– Кездеме аралашма жиптерден жасалган
болсо, эң төмөнкү үтүктөө температурасын
аныктаганы зарыл (мисалы, кездеме акрил
жана кебезден жасалган болсо, аны акрилге
ылайык болгон «•» температурасында
үтүктөө зарыл).
– Сиз кездеме эмнеден жасалганын аныктай
албасаңыз, кийимдин кийип турганда көзгө
анча көрүнбөгөн жерин табып тажрыйба
ыкмасы аркылуу үтүктөө температурасын
аныктаңыз (ар дайым эң төмөнкү
температурадан баштап, аны керектүү
жыйынтыкка жеткенге чейин аз-аздан
көтөрүп түрүңуз).
– Вельвет жана башка тез жалтырап баштаган
кездемелерди үтүктөгөндө үтүктү бир
тарабына (түгү боюнча) жылдырып бир аз
басымы менен үтүктөңүз.
– Синтетика жана жибек кездемелерде
жалтыраган тактарды калтырбоо үчүн
аларды ички жагынан үтүктөө зарыл.
КУРГАК ҮТҮКТӨӨ
– Үтүктү түбүнө (8) коюңуз.
– Сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
– Бууну үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн
(3) «
» (буу берүүсү өчүрүлгөн) абалына
коюңуз.
– Жөндөгүчүн (11) бурап, кездеме түрүнө
ылайык үтүктөө температурасын коюңуз:
«•», «••», «•••» же «max», ошондо индикатору
(9) күйөт.
– Үтүктүн таманы (14) коюлган температурасына
чейин ысыганда, индикатору (9) өчөт, үтүктөп
баштасаңыз болот.
– Үтүктөп бүткөндөн кийин температура
жөндөгүчүн (11) саат жебесинин багытына
каршы токтогонуна чейин бурап, сайгычын
электр розеткасынан суруп, үтүк толугу
менен муздаганына чейин күтүңүз.
БУУ МЕНЕН ҮТҮКТӨӨ
Буу менен үтүктөө температура жөндөгүчү
(11) «•••» же « max» абалына коюлганда гана
мүмкүн болот.
– Үтүктү түбүнө (8) коюңуз.
– Кубаттануучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
– Резервуарындагы (10) суунун көлөмү
жетишерлик болгонун текшерип алыңыз.
– Жөндөгүчтү (11) бурап, буу зонасында
керектүү температурасын таңдаңыз, ал
учурда индикатору (9) күйөт.
– Үтүктүн таманы (14) коюлган
температурасына чейин ысыганда,
индикатору (9) өчөт, үтүктөп баштасаңыз
болот.
– Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчү (3)
аркылуу буулатуунун керектүү
интенсивдүүлүгүн таңдаңыз.
– Үзгүлтүксүз буу берүүнүн режиминде үтүк
горизонталдык абалында болгондо гана
таманынын (14) тешиктеринен буу чыгат. Буу
берүүнү токтотуу үчүн үтүктү тик коюңуз же
жөндөгүчтү (3) «
»(буу берүү өчүрүлгөгөн)
абалына коюңуз.
– Үтүк тамчылоого каршы клапаны менен
жабдылган, ал үтүктүн таманынын
температурасы өтө төмөн болгондо суу
берүүсүн токтотот, бул үтүктүн таманындагы
(14) тешиктерде суу тамчылар пайда
болгонуна жол бербейт. Үтүктүн таманы
ысып же муздап турганда сиз тамчылоого
каршы клапандын ачылуу\жабылуунун
мүнөздүү тырс эткенин угасыз, бул
клапандын туура иштегенин белгилейт.
– Үтүктү колдонгондон кийин температура
жөндөгүчүн (11) саат жебесинин багытына
каршы токтогонуна чейин бурап, бууну
үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн (3) болсо
«
» (буу берүү өчүрүлгөгөн) абалына
коюңуз, кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан суруп, үтүк толугу менен
муздаганына чейин күтүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Үтүк иштеген учурда буу үзгүлтүксүз берилбей
калса, буу берүүнүн жөндөгүчүн (3) туура
абалында болгонун жана резервуарында (10)
суу бар болгонун текшерип алыңыз.
СУУ ЧАЧЫРАТКЫЧЫ
– Сиз суу чачыратуу баскычын (5) бир нече
жолу басып, кездемены ным кылсаңыз
болот.
– Резервуарында (10) суунун көлөмү жетиштүү
болгонун (ал төрттөн бир бөлүгүнөн кем
эмес толтурулганын) текшерип алыңыз.
IM VT-1264.indd 25 30.03.2017 11:50:52
Содержание
Похожие устройства
- Vitek VT-8308 Руководство по эксплуатации
- Vitek VT-2630 MC Руководство по эксплуатации
- Volle VLH-244SS Руководство по эксплуатации
- Vitek VT-1500 MC Руководство по эксплуатации
- Vitek VT-8514 W Руководство по эксплуатации
- Vestel CDF8646 WS Руководство по эксплуатации
- Vestel VDWBI 6021 Руководство по эксплуатации
- Volle VLK-700 Руководство по эксплуатации
- Xiaomi Mi Handheld Vacuum Cleaner Руководство по эксплуатации
- Volle VLO-1702 Руководство по эксплуатации
- Volle VGR-1716 Руководство по эксплуатации
- Volle VLM-585SS Руководство по эксплуатации
- Tefal Teka TGI2200NF Руководство по эксплуатации
- Volle VLM-400WH Руководство по эксплуатации
- Volle VLH-248WH Руководство по эксплуатации
- Simfer 8665SM Руководство по эксплуатации
- Shuft SFTI-12HN1_18Y Руководство по эксплуатации
- Shuft SFTI-09HN1_18Y Руководство по эксплуатации
- Shuft SFT-24HN1_18Y Руководство по эксплуатации
- Shuft SFT-12HN1_18Y Руководство по эксплуатации