Vitek VT-8308 [27/36] Кыргыз
![Vitek VT-8308 [27/36] Кыргыз](/views2/2003937/page27/bg1b.png)
27
КЫРГЫЗ
•
Температура жөндөгүчүн (11) «MIN» абалына
коюп, бууну үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн
(3) болсо
– буу берүү өчүрүлгөн абалына
коюңуз.
•
Суу куюучу тешиктин капкагын (2) ачыңыз.
•
Өлчөмдүү чынысы (14) менен сууну суу чуку-
руна (10) куюңуз, андан кийин капкагын (2)
бекем жабыңыз.
Эскертүү:
•
Сууну «max» белгисинен (12) ашырып
куйбаңыз.
•
Үтүктөп турган учурда суу куюу керек
болсо, биринчиден үтүктү өчүрүп, сайгы-
чын электр розеткасынан ажыратыңыз.
•
Үтүктөп бүткөндөн кийин үтүктү өчүрүп,
толугу менен муздатып, андан кийин
суу куюучу тешиктин капкагын (2) ачып,
үтүктү көмкөрүп калган суусун төгүп
алыңыз.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫ
Үтүктү иштеткенден мурун анын таманы (13)
жана суу чукуру (10) таза болгонун текшерүү
үчүн шайманды бир чүпүрөктүн үстүндө иште-
тип көрүңүз.
•
Үтүктөгөндөн мурун ар нерсенин ылайыктуу
үтүктөө температурасы жазылган белгисин
ар дайым карап алыңыз.
•
Кийимдин ярлыгында белгиси бар болсо
, аны үтүктөсө болбойт.
•
Эгерде үтүктөө жөнүндөгү маалымат белгиси
жок болуп, сиз кездеменин түрүн билсеңиз,
үтүктөө температурасын таңдоо үчүн табли-
цаны карап алыңыз.
Үтүктөө температурасын таңдоо таблицасы
Белгилер Кездеменин түрү (температура)
үтүктөсө болбойт
• синтетика, нейлон, акрил,
полиэстер (төмөн температурасы)
•• жибек/жүн (орточо
температурасы)
••• кебез/зыгыр (жогору
температурасы)
•
Таблица түрсүз кездемелерге гана ылайык.
Кездеменин түрү башка болсо (гофреленген,
рельефтүү ж. б.), аны төмөн температурада
үтүктөсө жакшы болот.
•
Биринчиден кийимди үтүктөө температура-
сына ылайыктуу бөлүштүрүп алыңыз: син-
тетиканы синтетикага, жүндү жүнгө, кебезди
кебезге ж. б.
•
Үтүк муздаганынан бат ысыйт. Ошол үчүн
биринчиден төмөн температурадагы кийим-
дерди (мисалы, синтетикалык кездемелерди)
үтүктөө зарыл. Андан кийин үтүктөө темпера-
турасы жогоруураак нерселерди (жибек, жүн)
үтүктөп баштаңыз. Кебез жана зыгыр кездеме-
лерди эң акырында үтүктөсөңүз болот.
•
Кездеме аралашма жиптерден жасалган
болсо, эң төмөнкү үтүктөө температурасын
аныктоо зарыл (мисалы, кездеме 60% полиэ-
стерден жана 40% кебезден жасалган болсо,
аны полиэстерге ылайык температурасында
«•» үтүктөө зарыл).
•
Сиз кездеменин составын аныктай
албасаңыз, кийимдин кийип турганда көзгө
анча көрүнбөгөн жерин табып тажрыйба
ыкмасы аркылуу үтүктөө температурасын
аныктаңыз (ар дайым эң төмөнкү темпера-
турадан баштап, аны керектүү жыйынтыкка
жеткенге чейин аз-аздан көтөрүп түрүңуз).
•
Вельвет жана башка тез жалтырап башта-
ган кездемелерди үтүктөгөндө үтүктү бир
тарабына (түгү боюнча) жылдырып бир аз
басымы менен үтүктөңүз.
•
Синтетика жана жибек кездемелерде жалты-
раган тактарды калтырбоо үчүн аларды ички
жагынан үтүктөө зарыл.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫН КОЮУ
•
Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
•
Температура жөндөгүчүн (11) бурап,
керектүү үтүктөө температурасын коюңуз:
«•», «••», «•••», «МАХ». (кездеме түрүнө
карата), ошондо индикатору (7) күйөт.
•
Үтүктүн таманы (13) таңдалган температу-
расына чейин ысыганда, индикатор (7) өчөт,
эми үтүктөп баштасаңыз болот.
Эскертүү:
•
Сиз жогору температурасында үтүктөгөн
учурунда төмөн температурасына өтүү
зарыл болсо, тамандын температурасы
төмөндөгөнүн күтүп, индикатору (7)
күйгөндө гана үтүктөсөңүз болот.
СУУ ЧАЧЫРАТКЫЧ
•
Сиз суу чачыраткычтын баскычын (5) бир нече
жолу басып, кездемени нымдатсаңыз болот.
•
Чукурунда (10) суусу жетиштүү болгонун тек-
шерип алыңыз.
IM VT-8308.indd 27 07.12.2017 14:54:16
Содержание
- Vt 8308 vt 1
- Утюг 1
- English 3
- English 4
- English 5
- English 6
- English 7
- Русский 8
- Русский 9
- Русский 10
- Русский 11
- Русский 12
- Русский 13
- Қазақша 14
- Қазақша 15
- Қазақша 16
- Қазақша 17
- Қазақша 18
- Україньска 19
- Україньска 20
- Україньска 21
- Україньска 22
- Україньска 23
- Україньска 24
- Кыргыз 25
- Кыргыз 26
- Кыргыз 27
- Кыргыз 28
- Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман менен азыктандыруучу элементтердин кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин аларды жөнөкөй турмуш тирчилик калдыктары менен чогу ыргытпай шайман менен азыктандыруучу элементтерин утилизациялоо үчүн атайын адистештирилген пункттарына тапшырыңыз шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп андан соң белгиленген жолунда утилизациялоо зарыл бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча маалымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө турмуш тирчилик калдыктарды утилизациялоо кызматына же бул шайманды алган дүкөнгө кайрылыңыз 29
- Кепилдик кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга болот кепилдик шарттарына ылайык талап кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү керек 29
- Кыргыз 29
- Утилизациялоо 29
- Шаймандын кызмат мөөнөтү 3 жыл 29
- Өңдүрүүчү шаймандардын мүнөздөмөлөрүн алдын ала эскертпей өзгөртүү укугун сактайт 29
- Română 30
- Română 31
- Română 32
- Română 33
- Română 34
- Română 35
Похожие устройства
- Vitek VT-2630 MC Руководство по эксплуатации
- Volle VLH-244SS Руководство по эксплуатации
- Vitek VT-1500 MC Руководство по эксплуатации
- Vitek VT-8514 W Руководство по эксплуатации
- Vestel CDF8646 WS Руководство по эксплуатации
- Vestel VDWBI 6021 Руководство по эксплуатации
- Volle VLK-700 Руководство по эксплуатации
- Xiaomi Mi Handheld Vacuum Cleaner Руководство по эксплуатации
- Volle VLO-1702 Руководство по эксплуатации
- Volle VGR-1716 Руководство по эксплуатации
- Volle VLM-585SS Руководство по эксплуатации
- Tefal Teka TGI2200NF Руководство по эксплуатации
- Volle VLM-400WH Руководство по эксплуатации
- Volle VLH-248WH Руководство по эксплуатации
- Simfer 8665SM Руководство по эксплуатации
- Shuft SFTI-12HN1_18Y Руководство по эксплуатации
- Shuft SFTI-09HN1_18Y Руководство по эксплуатации
- Shuft SFT-24HN1_18Y Руководство по эксплуатации
- Shuft SFT-12HN1_18Y Руководство по эксплуатации
- Shuft SFT-09HN1_18Y Руководство по эксплуатации