Vitek VT-1433 [21/24] Кыргыз
![Vitek VT-1433 [21/24] Кыргыз](/views2/2004137/page21/bg15.png)
21
КЫРГЫЗ
• Ашкана аспапты мезгилдүү түрдө тазалап
туруңуз.
• Ашкана аспабы иштеп турган учурда
айланып турган насадкаларын тийбеңиз.
• Насадкалардын айлануу зонасына
чачыңыз же кийимдин чекелери түшкөндөн
абайлаңыз.
• Шайман иштеген учурда балдарга мотор
сапсалгысынын корпусун, электр шнурун
жана кубаттануучу сайгычын тийгенге
уруксат бербеңиз.
• Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
• Бул шайман балдар колдонгону үчүн
арналган эмес.
• Шайман иштеп турганда жана иштөө
циклдердин арасында аны балдардын колу
жетпеген жерге коюңуз.
• Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптууу адам аларды көзөмөлдөп же
инструкциялаган болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
• Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз. Тумчуктуруунун
коркунучу бар!
• Электр шнуру менен сайгычтын
изоляциясында бузулуулар жок болгонун
мезгилдүү түрдө текшерип туруңуз.
• Электр шнурунун, кубаттануучу сайгычынын
бузулуулары бар болсо, шайман иштеп-
иштебей турса же кулап түшкөндөн кийин
шайманды колдонбоңуз.
• Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
• Бузулуулар пайда болгонуна жол бербөө
үчүн шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
• Айлана чөйрөөну сактоо максатында
шаймандын кызмат мөөнөтү бүткөндөн
кийин аны турмуштук калдыктары
менен чогу ыргытпай, утилизациялоо
үчүн адистештирилген пунктуна тапшы-
рыңыз.
• Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген жеринде
сактаңыз.
АСПАП ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА
ГАНА АРНАЛГАН
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Шайманды суук (кыш) шарттарда
сактоодон же транспорттоодон кийин
аны үй температурасында үч сааттан
кем эмес сактоо зарыл.
– Шайманды таңгактан чыгарып, иштөөсүнө
тоскоолдук кылган ар кандай чаптамаларды
сыйрып алыңыз.
– Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо шайманды
колдонбоңуз.
– Шаймандын иштөө чыңалуусу электр
тармагындагы чыңалуусуна ылайык
болгонун текшериңиз.
– Насадкаларын (1, 2, 3), капкагы (4) менен
табагын (5) нейтрадлуу жуучу каражат
кошулган жылуу сууга жууп, чайкап,
кургатып алыңыз.
– Мотор сапсалгысы (8) менен негизин (10)
жумшак бир аз нымдуу чүпүрөк менен
сүртүп, андан соң кургатып сүртүңүз.
НАСАДКАЛАРЫ (1, 2, 3)
Камыр журуучу насадкасы (1)
Насадкасын (1) ачыткы кошуп камыр журуу,
фаршты аралаштыруу ж.б. үчүн колдонуңуз.
Камырдын кургак ингредиенттерин «1-2»
ылдамдыгында аралаштырып, камыр журуу
мезгилинде иштөө режимдердин которгучтун
(11) жардамы менен насадкалардын (1)
айлануу ылдамдыгын жогорулатсаңыз же
азайтаңыз болот.
Аралаштыруу үчүн насадкасы (2)
Насадканы (2) картошка пюре катары
нерселерди жасоо үчүн колдонуңуз.
Рекомендацияланган иштөө режимдери –
1-ден 4-гө чейин.
IM VT-1433.indd 21 01.08.2017 12:36:31
Содержание
Похожие устройства
- Tefal DV8610 Руководство по эксплуатации
- Tanita KD-400-510 Руководство по эксплуатации
- Steba TO 21 Руководство по эксплуатации
- Steba SB 2 Руководство по эксплуатации
- Steba ZP 3 Руководство по эксплуатации
- Steba RC 3 RACLETTE GRILL Руководство по эксплуатации
- Steba MG 500 Руководство по эксплуатации
- Steba JM 3 Руководство по эксплуатации
- Steba KB E350 Руководство по эксплуатации
- Steba JM 1 YOGHURT MAKER Руководство по эксплуатации
- Steba IC 150 Руководство по эксплуатации
- Steba IC 180 Руководство по эксплуатации
- Steba HF 5000 XL Руководство по эксплуатации
- Solis VertiVac Plus Руководство по эксплуатации
- Steba DD 2 ECO Руководство по эксплуатации
- Snaige F 27FG-Z100011 Руководство по эксплуатации
- Snaige F 27SM-T10001 Руководство по эксплуатации
- Snaige F 22SM-P10001 Руководство по эксплуатации
- Snaige F 100-1101AA Руководство по эксплуатации
- Royal Clima RM-P53CN-E PRESTO Руководство по эксплуатации