Vitek VT-8106 [20/24] Кыргыз
![Vitek VT-8106 [20/24] Кыргыз](/views2/2005668/page20/bg14.png)
20
КЫРГЫЗ
ЧАҢ СОРГУЧ VT-8106 VT
Шайман имараттарды жыйноо үчүн колдонулат.
СЫПАТТАМА
1.
Астананы/килемди тазалоо үчүн щётка
2.
«Килем/астана» режимдердин которгучу
3.
Телескоптук түтүкчөнүн бекитмеси
4.
Телескоптук узарткыч түтүкчө
5.
Ийилчээк түтүкчөнүн туткасы
6.
Ийилчээк түтүкчө
7.
Чыгуучу чыпканын панжарасы
8.
Чыгуучу чыпканын панжарасынын бекитмеси
9.
Иштетүү/өчүрүү баскычы
10.
Соруунун кубаттуулугунун жөндөгүчү
11.
Электр шнурун түрүү баскычы
12.
Чыгуучу НЕРА-чыпкасы
13.
Чаң топтогуч толуп калгандын индикатору
14.
Ийилчээк түтүкчөнүн учу
15.
Ийилчээк түтүкчөнүн үчунун бекитмеси
16.
Чаң топтогучтун отсегинин капкагы
17.
Чаң топтогучтун отсегинин капкагынын
бекитмеси
18.
Көтөрүп ташуу үчүн колдонулган туткасы
19.
Щетканы «коюу» жайы
20.
Кирүүчү чыпканын кармагычтары
21.
Кирүүчү чыпка
22.
Чаң топтогучтун бекитмелери
23.
Чаң топтогучтун кармагычы
24.
Бириктирилген щётка
25.
Аба алуу тешиги
26.
Чаң топтогуч
Жабдыктын жыйынтыгына пластмасса бас-
кычы бар көп колдонмо кездеме чаң топ-
тогучу менен 3 кагаз бир колдонмо чаң топтогучу
кирет.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ БОЮНЧА
КЕҢЕШТЕР
Шайманды колдонуудан мурун колдонмону көңүл
коюп окуп-үйрөнүңүп, бүткүл кызмат мөөнөтүнө
сактап алыңыз. Шайманды тике дайындоосу
боюнча гана, ушул колдонмодо жазылганга
ылайыктуу колдонуңуз. Шайманды туура эмес
колдонуу анын бузулуусуна, колдонуучуга же
колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө алып
келиши мүмкүн.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында
потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА ашырбаган
коргоп өчүрүүчү аспабын орнотуу максатка
ылайык; аспапты орнотуу үчүн атайын адиске
кайрылыңыз.
ЭСКЕРТҮҮ
Өрт коркунучун азайтуу үчүн, электр тогу ургандан,
жаракат алуудан коргонуу үчүн төмөнкүдөгү
кеңештерди аткарыңыз.
•
Шайманды электр тармагына туташтыргандан
мурун шаймандын үстүндө жазылган чыңалуусу
үйүңүздөгү электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшерип алыңыз.
•
Өрт коркунучун жоюу үчүн аспапты электр
розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
•
Чаң соргуч электр розеткасына кошулуп
турганда аны кароосуз таштабаңыз. Чаң
соргучту иштетпей турганда, насадкаларын
алмаштыруунун алдында же шайманды
тейлөөнүн алдында сайгычын милдеттүү түрдө
электр розеткасынан чыгарыңыз.
•
Электр ток уруунун коркунучун азайтуу үчүн чаң
соргучту имараттардын тышында иштетпеңиз,
чаң соргучту суу же башка суюктуктарды
жыйноо үчүн колдонууга тыюу салынат
(чаң соргучту нымдуу беттердин үстүндө
колдонбоңуз).
•
Чаң соргучту туткасынан кармап гана көтөрүп
ташуу зарыл.
•
Чаң соргучту электр шнурунан кармап
көтөрбөңүз, электр шнуру эшик тешигинен
тартылган болсо, эшикти жаппаңыз, электр
шнурун эмеректин учтуу кырларына же
бурчтарына, ысык беттерге тийгизбеңиз.
Имаратты жыйноо убагында чаң соргучту
шнурунун үстүнөн тартып жылдырбаңыз, бул
шнурдун бузулуусуна алып келүү мүмкүн.
Биринчиден иштетүү/өчүрүү баскычы аркылуу
чаң соргучту өчүрүп, ошондон кийин гана
кубаттуучу сайгычын розеткасынан чыгарсаңыз
болот.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
ажыратканда шнурду кармап эч качан
тартпаңыз, сайгычынан кармаңыз.
•
Кубаттуучу сайгычын же чаң соргучтун корпусун
суу колуңуз менен тийбеңиз.
•
Электр шнурун түрүү мезгилинде шнурду
колуңуз менен бир аз тосуп туруңуз, сайгычы
астанага урулганына жол бербеңиз.
•
Шаймандын аба чыгуучу тешигин ар кайсы
буюмдар менен жабууга тыюу салынат.
•
Шаймандын ар кыл тешиги тосулуп турган
болсо шайманды иштетүүгө тыюу салынат.
•
Чачыңыз, кийимдердин асылып турган
элементтери, бармагыңыз же башка буюмдар
чаң соргучтун аба алуучу тешиктин жанында
болбогонун байкап туруңуз.
IM VT-8106.indd 20 11.09.2017 12:17:01
Содержание
Похожие устройства
- Vitek VT-5051 Руководство по эксплуатации
- Vitek VT-7006 Руководство по эксплуатации
- Vitek VT-1892 red Руководство по эксплуатации
- Vitek VT-1835 (2013) Руководство по эксплуатации
- Vitek VT-1639 Руководство по эксплуатации
- Sinbo SBS 4429 RD Руководство по эксплуатации
- Tefal SV6038 FASTEO Руководство по эксплуатации
- Tefal PY303633 Руководство по эксплуатации
- Tefal PP1133 Classic Руководство по эксплуатации
- Tefal PP1063 Premiss Pink Руководство по эксплуатации
- Tefal PP1070 Premiss Flower Руководство по эксплуатации
- Tefal PP1144V0 Руководство по эксплуатации
- Tefal KI760D Руководство по эксплуатации
- Tefal KO2701 Aqua II Руководство по эксплуатации
- Tefal KI270D Confidence Руководство по эксплуатации
- Tefal KI270 Subito IV Руководство по эксплуатации
- Tefal KI230D30 Express II Руководство по эксплуатации
- Tefal GC205012 Руководство по эксплуатации
- Tefal FV9834 Руководство по эксплуатации
- Tefal FV9775 Ultimate Anti-calc Руководство по эксплуатации