Атлант СМА 60У1210 [37/40] Rom tgk kyr

Атлант СМА 60У1210 [37/40] Rom tgk kyr
37
ROM
TGKKYR
1.8 ПРОГРАММАНЫ КҮЙГҮЗҮҮ ЖАНА КИР ЖУУНУН
БАШТАЛЫШЫ
1.8.1. Машинанын тандалган программа боюнча иши баштал-
ганга чейин
баскычын басуу керек - баскычтын индикатору
күйүп, үн белгиси чыгып, эшиктердин блокко салуучу тутуму
иштейт да, кир жуу башталат. Убакыттын индикаторунда кир жуу
аяктаганга чейинки убакыттын тескери эсептелиши башталат. кир
жуу убактысында аткарылып жаткан операциянын индикатору,
температуранын индикатору, сыгуунун ылдамдыгы жана кошум-
ча функциялар (эгер алар тандалса) күйүп турат. Эгерде «Жууй
баштоону артка калтыруу» кошумча функциясы тандалган болсо
(
), анда убакыт индикаторунда жууй баштаган маалга чейинки
убакытты саноо башталат (убакыттын көрсөткүчү күйүп-өчөт,
кнопкасынын индикатору — күйүп турат).
1.8.2 Кирди крахмалдоо кир жуугандан кийин сунушталат.
Крахмалдоодо өндүрүүчүнүн сунуштарына ылайык сууга атайын
крахмалдоо үчүн каражат эритилет, ал машинага болжол менен
15 литр суу куюлат деген өлчөмдө алынат. Крахмалдоо үчүн
суюк каражатты колдонуу боюнча нускамага ылайык (6-бөлүм)
машинанын лотогуна куюу керек. Тутканы “Чайкоо” програм-
масына коюп, чыгуу ылдамдыгын тандап,
баскычын басып,
программаны күйгүзүү керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Крахмалдоо үчүн кийимдер конди-
ционер менен жуулбашы керек.
1.9 МАШИНАНЫН ИШИНДЕГИ ПАУЗА
1.9.1 Программаны токтотпостон машинанын иштөөсүн убак-
тылуу токтото туруу зарыл болгон учурда
баскычын басуу
керек үн белгиси чыгат,
баскычынын индикатору күйүп-өчө
баштайт, убакытты эсептөө жана кир жуу токтотулат, убакыттын
индикаторунда «Р» күйөт.
Кир жууну улантуу үчүн
баскычын басуу керек. Машина
программаны аткарууну кир жуунун токтотулган операциясынын ба-
шынан улантат, кир жуу бүткөнгө чейинки убакыт көбөйүүсү мүмкүн.
«Аралаш», «Жүн», «Кол жууш» программаларда машинаны
токтотуу мүмкүн эмес.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Машинанын бакында суу бар учуруна
же суу температурасында 60
0
С өйдө болсо эшикче ачылбайт.
1.10 ПРОГРАММАНЫ АЛЫП САЛУУ
1.10.1 Аткарылып жаткан программаны өчүрүп таштоо үчүн
3 сек ичинде
кнопкасын баскан бойдон кармап туруу керек —
убакыт индикаторунда өчүргөнгө чейинки калган убакыт (секун-
даларда) санай башталат (мисалы «3...2...1»), «OFF» жазуусу
күйүп калат. Андан кийин машина өчүрүлөт жана аткарылып
жаткан программа алынып ташталат. Эшикти ачуу зарыл болгон
шарттарда сууну төгүү керек болот, ал үчүн «Төгүү» программа-
сын тандап алып, аны иштетебиз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Эгер барабандагы суунун көлөмү
эшиктин айнегинен көрүнүп турса, машинанын эшигин ач-
пагыла.
1.11 МАШИНАНЫ ӨЧҮРҮҮ
1.11.1 Кир жуунун акыркы операциясы будкондон кийин 2 му-
нот чамасында машинынан эшигинин бекитип туруучу түзүлүш
өчүрүлөт, аяктагандан кийин убакыт индикаторунда «End» жазу-
усу пайда болот, үн белгиси чыгат, кир жуунун операцияларынын
индикаторлору жана
кнопкасынын индикатору өчөт.
Кир жуулуп бүткөндөн кийин индикатордун
өчүп-күйүшү
жуулган кийимдердин толук сыгылбаганын билдирет (пайдалануу
боюнча колдонмонун 9 бөлүгүн караңыз).
Машина электр түйүнүнөн өчүрүлбөсө, үн сигналы бир
мүнөт аралык менен дагы беш жолу жаңырат, ал эми кир жуулуп
бүткөндөн 15 мүнөттөн кийин индикация өчөт жана машина электр
энергиясын үнөмдөө максатында автоматтык түрдө өчүрүлөт.
1.11.2 Кир жууп бүткөндөн кийин
баскычын баскыла ма-
шина өчөт. Андан кийин кубаттануу зымынын сайгычын сууруп,
суу берүү кранын жапкыла. Эшикти ачып, кирди алгыла.
2 КИР ЖУУ ПРОГРАММАЛАРЫ
2.1 Машинада жуунун негизги программалары каралган (пах-
та, синтетика, аралаш кездемелер, жүн) жана атайын (Жибек,
кол менен жуу, Өтө тез 15 мин, Балдардын кийими, Көйнөктөр,
Джинсы, Спорт бут кииймдери, Кара кийимдер, Үстүңкү кийим-
дер, Чайкоо, Төгүү, Сыгуу) (1-таблица).
2.2 Атайын программалар жуулуп жаткан буюмдардын
өзгөчөлүктөрүн эске алат.
«Жибек» жибек буюмдарын, ич кийимдерди, пардаларды
жууй турган программа. Программада каралган аеочу сыгуу ре-
жими кездемени бырышуудан сактайт.
«Кол менен жуу» өтө жука жана назик кездемелерден ти-
гилген буюмдарга арналган, алардын маркировкасында коргоо
боюнча
же белгиси бар.
Программа кыска аеочу сыгуу режими менен аяктайт.
«Өтө тез 15 мин» тез ичинде анча кир эмес буюмдардын көп
эмес өлчөмүн жууга мүмкүндүк берет, бул убакытты жана электр
энергиясын үнөмдөйт. Программаны колдонуу менен, муздак суу-
да ар кандай кездемелерден кийимдерди жууй берсе болот (жүн
менен жибектен, о.э. кол менен жуулчу буюмдардан башкаларын).
«Балдардын кийими» балдардын кийимдерин, жалаяк,
шейшеп, кол аарчы, майлыктарды жуу үчүн программа. Програм-
мага кир жуучу каражаттарга кычышмасы бар адамдарга таандык
буюмдарды жууганга сунуш кылынат. Программа аткарылып жат-
кан кезде кайра жуунун жана чайкоонун бийик эффективдүүлүгү
камсыз кылынат.
Программаны тандаган учурда “алдын ала жуу” функциясы
автоматтык түрдө коюлат, аны
баскычын басып, өчүрүп койсо
болот.
«Көйнөктөр» ар кайсы кездемелерден жана ар кандай
түстөгү көйнөктөр менен блузкаларды жууганга багышталган.
Программа буюмдарды максималдык коргоону камсыз кылат,
кир жуу учурунда аеочу сыгуу режиминин аркасында кездеме-
нин бырышын азайтат.
«Джинсы» джинсы кездемелеринен жасалган бюумдар-
ды жуу үчүн программа. Кир жуу процессинде кездеме форма-
сын жоготуудан сакталат, өңү чыгуудан жана өчүүдөн сактайт.
«Кара кийимдер» өзгөчө камкордукту талап кылбаган
пахта жана синтетика кездемелеринен тигилген кара кийимдер
үчүн программа.
«Үстүңкү кийимдер» — сууну түртүүчү кездемелерден (по-
лиэстер, нейлон) тигилген кийимдерди: курткаларды, ветров-
каларды, плащтарды, спорттук кийимдерди жууганга мүмкүндүк
берген программа. Жуунун алдында жакшыраак натыйжа алуу
үчүн жеңдерин, жакаларын жана так болгон жерлерин алдын ала
тазалоо сунуш кылынат. Программа пуховик-курткаларды жуу-
ганга багышталган эмес.
Кир жуу учурунда кондиционер же кондиционер кошулган кир
жуучу каражатты колдонуу сунуш кылынбайт.
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является

Содержание

Похожие устройства

Скачать