Era Б0054074 [6/8] Буюм тууралуу маалымат

Era без ДУ SPB-6-Slim 4-36-4K 36Вт 4000K, Б0054083 [6/8] Буюм тууралуу маалымат
4. БУЮМДУ КОШУУ ЖАНА МОНТАЖДОО
4.1. Коопсуздук талаптары.
Көңүл бургула! Шамчыракты монтаждоо же демонтаждоону тармактын өчүрүлгөн чыңалуусунда жасоо зарыл.
Шамчыракты сымдарынын жана ток алып баруучу бөлүктөрдүн зыянга учураган изоляциясы менен пайдаланууга тыюу салынат.
Шамчыракты тазалоо үчүн жумшак, кургак кездемени колдонуу зарыл.
Шамчыракты тазалоо үчүн химиялык активдүү жана агрессивдүү тазалоочу каражаттарды колдонбоңуз.
Шамчыракты өз алдынча оңдоого тыюу салынат.
4.2. Буюмду иштөөгө даярдоо.
Шамчырактын таңгагын чечиңиз жана корпуска, чачыраткычка жана сымдарга зыян келтирилбегенин текшериңиз.
4.3. Шамчыракты монтаждоо.
Шамчырактын түзүлүшү аны шыптарга жана дубалдарга монтаждоого мүмкүндүк берет. Шамчыракты монтаждоо үчүн корпусту
ачуу керек: ал үчүн чачыраткычты негизине карата сааттын жебесине каршы айлантуу зарыл. Тармактык сымдарды кошуу, түстүк
маркирлөөгө: күрөң- 220В (L) фаза, көк – 220В (N) нейтраль, сары-жашыл – коргоочу жердештирүү (PE) ылайык тез кысуучу
клеммниктердин жардамы менен аткарылат. Сымдарды кошкондон кийин, чачыраткычты орнотуп жана аны сааттын жебеси менен
айлантып корпусту жабуу зарыл.
5. ТЕЙЛӨӨ
Шамчырактагы жарыктын булагы катары алмаштырууну талап кылбаган жарык чыгаруучу диоддор орнотулган.
Шамчыракты тазалоо үчүн жумшак, кургак кездемени колдонуу зарыл. Шамчыракты тазалоо үчүн химиялык активдүү жана агрессивдүү
тазалоочу каражаттарды колдонбоңуз.
Шамчыракты өз алдынча оңдоого тыюу салынат.
6. ТАШУУ ЖАНА САКТОО
Буюмду ташуу жана сактоо механикалык бузулуудан жана атмосфералык жаандын таасиринен сактык чараларын сактоо менен
таңгактарда өндүрүлүүгө тийиш.
7. УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Буюмду сатуу аймагынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык утилизациялоо зарыл.
8. КЕПИЛДИК МИЛДЕТТЕНМЕ
8.1. Шамчыракты пайдалануунун кепилдик мөөнөтү, бул колдонмодо баяндалган пайдалануу шарттарын сактоо менен, сатылган күндөн
тартып 24 ай.
8.2. Шамчыракты кайтарып берүү/алмаштырууну, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тууралуу мыйзамдар менен белгиленген мөөнөттө жана
негизде, керектөөчүгө товарды саткан чекене сатуучу аткарат.
8.3. Шамчыракты кайтарып берүү/алмаштыруу механикалык бузулууларсыз жана толук комплектте болгондо аткарылат.
9. МҮМКҮН БОЛГОН БУЗУЛУУЛАР ЖАНА АЛАРДЫ ЖОЮУ ЫКМАЛАРЫ
Көңүл бургула! Буюмдун мүмкүн болгон бузулуулары менен байланышкан жумуштар, электр камсыздоо тармагы өчүрүлгөндө
аткарылууга тийиш!
Шамчырак иштебейт
- электр камсыздоо тармагында 220В чыңалуу бар болгонун текшериңиз
- бардык сымдардын жана алардын изоляцияларынын бүтүн экенин
текшериңиз
- бардык кошуулуулардын бүтүн экенин текшериңиз
Эгерде бул ыкмалар Сизге жардам бербесе, бузулууларды четтетүү үчүн квалификациялуу адистерге жардамга кайрылыңыз.
Буюмдун аталышы: Шамчырак
Буюмдун түрү Тиричилик жарык диоддуу
Буюмдун модели
SPB-6
Товардык белги «ЭРА»
Даярдоочу мамлекет Кытай
Даярдоочунун аталышы АТЛ Бизнес (ШэньчЖэнь) КО., ЛТД
Даярдоочунун дареги
КЭР, 518054, Шэньчжэнь, Наньшань Дистрикт, Чуанъе стрит, Нос Баоличэн
Билдинг, рум 901
Даярдоочу менен байланышуу үчүн маалымат atl_company@163.com
Импорттоочу:
Импорттоочу тууралуу маалымат жеке таңгакта жайгаштырылган энбелгиде
көрсөтүлгөн.
Ченемдик документтерге ылайык келет
Буюм ББ ТР 004/2011 «Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө», ББ
ТР 020/2011 «Техникалык каражаттардын электромагниттик дал келишүүсү»
талаптарына ылайык келет.
Даярдоо күнү:
10. БУЮМ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Содержание

Похожие устройства

Скачать