Vitek Aquamarine VT-1353 [47/60] Кыргыз

Vitek Aquamarine VT-1353 [47/60] Кыргыз
47
КЫРГЫЗ
Тандалган тарак саптамасын миздерине тиштерин өйдө
каратып орнотуңуз да саптамасынын асты жагындагы
чыгып турган урчугун анын бекитүүсүнө чейин басыңыз.
Чачты кыркып баштагандан мурун саптама өз жеринде
тырс этип бекитилгенин текшерип алыңыз. Тарак сапта маны
чечүү үчүн бекитмени басып саптаманы алып салыңыз.
Биринчи кадам
Тарак саптамы (5) же (6) орнотуңуз (1-сүр.).
Өчүргүчтү (4) жогору абалына коюп, аспапты иштетиңиз.
Аспапты миздерин (1) өйдө каратып кармаңыз. Чачты
өсүп баштаган жеринен кыркып баштаңыз. Аспапты өйдө
тарапка жай жылдырып туруңуз. Баштын арты жагындагы
жана кулактардын жанындагы болгон чачты кыркып алыңыз.
Экинчи кадам
Өчүргүчтү (4) төмөн абалына коюп аспапты өчүрүңүз,
сайгычты электр розеткадан чыгарыңыз, узунураак (7, 8, 9)
же (10) чачтар үчүн тарак саптамаларын орнотуңуз, аспапты
иштетип, баштын төбөсүнө жакын чачты кыркууга өтүңүз
Үчүнчү кадам — чыкый жактагы чачты кыркуу
Аспапты өчүрүп, тармактык шнурдун айрысын электр
розеткасынан чыгарып, (5) же (6) саптамасын орнотуп
чыкый жактагы чачты кыркыңыз. Андан кийин (7, 8, 9)
же (10) тарак саптамасын орнотуп, чачты төбө тарабына
кыркууну улантсаңыз болот.
Төртүнчү кадам — чоку жагындагы чачты кыркуу
(7, 8, 9) же (10) тарак саптамасы менен баштын төбөсүнөн
чоку жагына чач өсүүнүн тарабына каршы чачты кыркыңыз.
Чачты өскөн багытына каршы да, өскөн багыты боюнча
да кырксаңыз болот, бирок өскөн багытына каршы
кыркылган чач өскөн багыты боюнча кыркылган чачтан
кыска болоорун эске тутуңуз.
Өтө кыска чачты кыркуу үчүн (5) жана (6) сапта маларын
колдонуңуз. Чачту узунураак кылып кыркуу үчүн (7, 8, 9)
же (10) саптамаларын колдонуңуз.
Чачты узунураак кылып кыркуу үчүн чач тутамдарын
бармагыңыздын арасында кармап аспап менен
кыркыңыз.
Таракты колдонсоңуз болот: чачты өйдө көтөруп, тарак-
тын үстүнөн аспап менен чачты кыркыңыз.
Кыркууну ар дайым баштын арты тарабынан баштап
туруңуз.

Содержание

Скачать