Centek CT-1550 Black [14/20] Салган мүмкүн болушунча аларды кайра иштетилүүчү материалдар

Centek CT-1550 Black [14/20] Салган мүмкүн болушунча аларды кайра иштетилүүчү материалдар
14
БЫШЫРУУ БОЮНЧА ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
МЕШТЕГИ АЗЫКТАРДЫН ЖАЙГАШКАН ЖЕРИ
Чоңураак жана калыңыраак бөлүктөрдү идиштин четине жакыныраак
жайгаштырыңыз, ичкерээк бөлүктөрдү - ортого. Мештин ичинде азыктар-
ды бир тегиз, бир бирин жаппай туруп жайгаштырганга аракет кылыңыз.
БЫШЫРУУ УБАКТЫСЫ
Бышырууну, адегенде таймерди кыска мөөнөткө коюп, керек болсо
көбөйтүп, баштаңыз.
ТАМАКТЫ БИР ТЕГИЗ БЫШЫРУУ
Тоок, гамбургер же бифштекс сыяктуу азыктарды бышыруу учурунда
жок дегенде бир жолу оодаруу сунушталат.
Тамактын түрүнө жараша, аны табактын четинен ортосуна көздөй бир
нече жолу аралаштыруу сунушталат.
БЫШЫРУУДАН КИЙИН
Бышыруу бүткөндөн кийин тамакты микротолкундуу мештин ичинде
бир нече убакытка калтырып коюңуз, бул бышырууну бүтүргөнгө жана
тамактын бир аз муздаганына мүмкүндүк берет.
ДАЯРДЫК ДАРАЖАСЫН АНЫКТОО
Бул жакта сизге тамактын түсү жана тыгыздыгы/катуулугу жардам
берет. Буу, тамактын бардык бетинен, жалаң гана анын четинен эмес,
чыгып турушу керек. Куштун сөөктөрү оңой ажырап турушу керек.
Этте кан болбошу керек. Балык тунук эмес жана вилка менен оңой
кесилиши керек.
ПЛАСТИК ТАҢГАКТАРДЫ КООПСУЗ ПАЙДАЛАНУУ
Пластик идиштердин кээ бир түрлөрү майы жана шекери көп тамактарды
микротолкундуу меште бышырганга ылайыктуу эмес.
5. ШАЙМАНГА КАМ КӨРҮҮ
- Электр камсыздоо зымын тармактан ажыратыңыз.
-
Тамактын, майдын бардык калдыктарын жана башка кирлерди кети-
рип, микротолкундуу мешти үзгүлтүксүз жууп туруңуз.
-
Эшиктин, корпустун, эшиктин айнегинин үстүнөн жана мештин ичин-
деги бетинен кирлерди жок кылыш үчүн жумшак, абразивдүү эмес
каражаттарды, губканы же жумшак кездемени гана колдонуңуз. Катуу
губкаларды жана металл кошулмалары бар щёткаларды колдонбоңуз.
Алар шаймандын бетин кырып салышы мүмкүн. Бул шарттар сактал-
баса, шаймандын иштөө мөөнөтү кыскарышы мүмкүн.
- Толкун өткөргүч жапкычты чечпеңиз.
6. МҮМКҮН БОЛГОН КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА АЛАРДЫ ЖОЮ ЫКМАЛАРЫ
Тейлөө борборуна кайрылуудан мурун, шайманды өзүңүз текшерип
көрүңүз:
- Мештин тармакка туташтырылганына ынаныңыз. Тармактагы чыңа-
лууну текшериңиз.
- 150 мл өлчөмдөгү стаканга суу толтуруңуз жана аны мешке салып
коюңуз, эшикти бекем жабыңыз. Мештин ичиндеги лампа өчүп калыш
керек.
- Микротолкундуу мешти 1 мүнөткө күйгүзүңүз.
- Мештин ичиндеги жарык күйүп калыш керек.
- Желдеткичтин иштээрин текшериңиз. Колуңузду желдеткичтин тешик
-
терине жакын алып барыңыз.
- Ролик астына койгучтун айланып жатканын текшерип көрүңүз ( ал саат
жебеси боюнча дагы, жебесине каршы дагы бурула алат).
- Стаканда суунун ысыганын текшерип көрүңүз.
- Эгер текшерүү бүткөндөн кийин микротолкундуу меш иштебей жатса,
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
- Оңдоо аракеттер тейлөө борборунун квалификациялуу кызматкер
тарабынан гана аткарылышы керек!
7. ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨР
- Көлөмү: 20 л
- Номиналдык чыңалуу: 220-240 В ~50 Гц
- Кирүүчү кубаттуулук: 1050 Вт
- Мештин кубаттуулугу: 700 Вт
- Микротолкундуу нурлануу жыштыгы: 2450 МГц
- 5 кубаттуулук режим
- 35 мүнөттүк таймер
Көңүл буруңуз! Эскертүү: аспап иштеп жатканда, жеткиликтүү бет-
тердин температурасы жогору болушу мүмкүн.
8. АЙЛАНА ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО, ШАЙМАНДЫ УТИЛЬДЕШТИРӨӨ
Кутусу жана шайман өзү кайра иштетилүүчү материалдардан жа-
салган. Мүмкүн болушунча аларды кайра иштетилүүчү материалдар
үчүн жасалган идишке таштаңыз.
9. КҮБӨЛҮК ЖӨНҮНДО МААЛЫМАТ, КЕПИЛДИК МИЛДЕТТЕНМЕСИ
Бул өнүмдүн иштөө мөөнөтү акыркы колдонуучуга сатылган күндөн
баштап 5 жыл түзөт, шайман ушул эксплуатациялык көрсөтмөлөргө
жана колдонулуп жаткан техникалык стандарттарга ылайык так
колдонулса. Шаймандын чыгарылган күнү катардагы номерде көр-
сөтүлөт (2 жана 3 белгиси – жылы, 4 жана 5 белгиси – өндүрүш айы).
Шайманды тейлөө боюнча суроолор пайда болгондо же шайман
бузулган учурда, TM CENTEK ыйгарым укуктуу тейлөө борборуна
кайрылыңыз. Дарегин https://centek.ru/servis сайтынан тапсаңыз
болот. Колдоо кызматы менен байланыш жолдору: тел.: +7(988)24-
00-178, VK: vk.com/centek_krd. ООО «Ларина-Сервис» башкы тейлөө
борбору, Краснодар шаары. Телефон.: +7 (861) 991-05-42.
Продукциянын шайкештик
сертификаты бар:
№ ЕАЭС RU С
-
CN.ВЕ02.В.02215/20 - 28.04.2020 ж. баштап.
10. ӨНДҮРҮҮЧҮ ЖАНА ИМПОРТТОЧУ ЖӨНҮНДО МААЛЫМАТ
Импортточу: ИП
Асрумян К. Ш. Дарек: Россия, 350912, г. Краснодар,
пгт. Пашковский,
ул. Атамана Лысенко, 23. Тел.: +7 (861) 2-600-900.
УРМАТТУ КЕРЕКТӨӨЧҮ!
Бардык түзмөктөрдүн кепилдик мөөнөтү акыркы керектөөчүгө са-
тылган күндөн баштап 12 ай. Ушул кепилдик купону менен өндүрүүчү
бул шаймандын жарактуу экендигин ырастайт жана өндүрүүчү та-
рабынан келип чыккан бардык бузууларды акысыз жоюу милдетин
алып жатат.
КЕПИЛДИК ТЕЙЛӨӨ ШАРТТАРЫ
1. Кепилдик каттоонун төмөнкү шарттарын эске алуу менен жарактуу:
• баштапкы өндүрүүчүнүн кепилдик баракчасын туура жана так
толтуруу, модельдин атын көрсөтүү, модельдин сериялык саны, са-
тылган күнү жазылса, ар бир кепилдик талонунда сатуучу фирманын
штампы, сатуучу фирманын өкүлунүн колу бар болсо.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда, же алардагы
маалыматтар толук эмес, окулбай турган, карама каршы келген
учурда, өндүрүүчү кепилдик кызматынан баш тартууга укуктуу.
2. Кепилдик төмөнкү иштөө шарттарын эске алуу менен жарактуу:
• шаймандын колдонуу көрсөтмөсүнө ылайык так колдонуу;
• эрежелерди жана коопсуздук талаптарын сактоо.
3. Кепилдик мезгил-мезгили менен техникалык тейлөө, тазалоо,
орнотуу, шайманды ээсинин үйүндө жөндөө камтылбайт.
4. Кепилдикке кирбеген учурлар:
• механикалык зыян;

Содержание

Скачать