Vitek VT-2628 Инструкция по эксплуатации онлайн [23/32] 811680
![Vitek VT-2628 Инструкция по эксплуатации онлайн [23/32] 811680](/views2/2043551/page23/bg17.png)
23
КЫРГЫЗ
ВАФЛИ БЫШЫРГЫЧ VT-2628
Бул аспапта вафли бышырып, сэндвичтерди
жасап, тостторду кууруп, эт, балык же жашылча-
жемиштерди даярдасаңыз болот.
СЫПАТТАМА
1. Туткалардын бекитмеси
2. Үстүнкү жана астынкы иштөө беттеринин
туткалары
3. Корпус
4. Электр тармагына кошулуу индикатору
5. Даярдык индикатору
6. Чечилме иштөө беттердин бекитмеси
7. Сэндвич жасоочу иштөө беттери
8. Тийүү гриль үчүн иштөө беттери
9. Вафлилерди жасоо үчүн иштөө беттери
10. «Жаңгак» таттуу тамакты жасоо үчүн иштөө
бетттери
Көңүл буруңуз!
Ток уруудан кошумча коргонуу үчүн электр
тармагында потенциалдуу иштеткен тогу
30 мА ашырбаган коргоп өчүрүүчү аспабын
орнотуу максатка ылайык, аспапты орнотуу
үчүн адиске кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун
колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнүңүп,
бүткүл кызмат мөөнөтүнө сактап алыңыз.
Түзмөктү түздөн-түз арналышы боюнча
гана, ушул колдонмодо баяндалганга
ылайык колдонуңуз. Түзмөктү туура эмес
пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучуга
же колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө
алып келиши мүмкүн.
• Шайманды электр тармагына туташты-
ргандан мурун шаймандын чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык
болгонун текшерип алыңыз.
• Электр шнуру «европалык сайгычы» менен
жабдылган; аны бекем жердетүү контакты
бар розеткасына туташтырыңыз.
• Өрт коркунучун жоюу үчүн аспапты электр
розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
• Иштөө беттери орнотулган учурда гана
шайманды иштетиңиз.
• Аспапты имараттардын сыртында
колдонбоңуз.
• Иштеп турган аспапты эч качан кароосуз
таштабаңыз.
• Шайманды тегиз, туруктуу, ысыка чыдамдуу
беттин үстүнө, нымдуулук, жылуулук жана
ачык от булактарынан алыс жеринде электр
розеткасы ар дайым жеткиликтүү болгондой
орнотуңуз.
• Шайманды бат өрттөнүүчү материалдар
же суюктуктардын жана ысыктан
деформациялануучу буюмдардын жанында
орнотпоңуз да колдонбоңуз.
• Шайманды вентиляциясы жакшы болгон
жеринде колдонуңуз.
• Өрт коркунучун жоюу үчүн шайманды
пардалардын жанында эч качан жайгашпай,
иштеп турган учурунда үстүн жаппай
туруңуз.
Этият болуңуз: шайман иштеп турган
учурда корпусу абдан катуу ысыйт,
күйүктөр болбос үчүн шаймандын ысык
беттерине тийбеңиз.
• Иштөө беттердин арасынан буу чыгуудан
сак болуңуз. Этият болуңуз, колуңузду
иштөө беттерине жакын келтирбеңиз
же денеңиздин ачык жактарын алардын
жанында жайгашпаңыз.
• Шайманды тоңдурулган азыктарды
бышыруу үчүн колдонууга тыюу салынат,
азыктарды алдын ала эритип алыңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Азыктарды бышыр-
гандан кийин токтоосуз шаймандын
ичинен чыгарыңыз, азыктар иштеп
турган аспаптын ичинде өтө көп турганы
алардын өрттөнүүсүнө алып келүү
мүмкүн.
• Бышырылган азыктарды иштөө беттердин
күйгүзбөс катмарын бузула турган учтуу
металл заттары менен чыгарууга тыюу
салынат. Күйгүзбөс катмары бар идиштер
үчүн ылайыкташтырылган аксессуарларды
гана колдонуңуз.
• Ысык шайманды ташыбаңыз, ал толугу
менен муздап калганын күтүңүз.
• Шайманды тазалоонун алдында же
иштетпеген учурда аны электр тармагынан
ажыратыңыз.
• Электр шнуру столдун кырынан салаңдап
кетүүсүнө, анын ысык беттерге же ашкана
эмеректин учтуу кырларына тийүүсүнө жол
бербеңиз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
сурганда шнурду кармап эч качан
тартпаңыз, сайгычынан кармап акырын
чыгарыңыз.
Похожие устройства
- Vitek VT-2624 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8456 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8452 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8450 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-2631 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-7147 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-7149 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-3001 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8543 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8521 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-3000 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-3003 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-3005 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-1491 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-1482 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-1499 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-1481 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-1672 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-3669 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-7131 Инструкция по эксплуатации