Centek черный, объем 4 л, 270 Вт, 5 поддонов, механическое управление CT-1658 [14/24] Электр тогуна урунуудан жана шайманга зыян келтирбөө үчүн

Centek черный, объем 4 л, 270 Вт, 5 поддонов, механическое управление CT-1658 [14/24] Электр тогуна урунуудан жана шайманга зыян келтирбөө үчүн
14
• Электр зымынын курч жана ысык нерселерге тийбегенин тек-
шериңиз.
• Шайманды электр тармагынан өчүрүп жатканда, электр зымынан
эмес, сайгычынан кармап сууруңуз.
• Аспап кургак тегиз беттерде бекем орнотулуш керек. Шайманды
ысык беттердин үстүнө, жана ошондой эле жылуулук булактары-
нын жанында ( мисалы электр меш ), пардалардын жана асма
текчелердин астына койбоңуз.
• Күйүк шайманды эч качан кароосуз калтырбаңыз.
• Балдарга шайман менен ойногонго уруксат бербеңиз. Шайманды
кароосуз калтырбаңыз.
• Ысык беттерге колуңузду тийгизбеңиз.
• Электр тогуна урунуудан жана шайманга зыян келтирбөө үчүн,
жеткирүү топтомдо гана келген буюмдарды колдонуңуз.
• Шайманды 40 сааттан ашык тынымсыз колдонбоңуз. Кургаткычты
40 саат бою колдонуудан кийин, шайманды өчүрүңүз жана музда-
ганына жол бериңиз.
• Шаймандын үстүн жаппаңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Өрт чыгып кетпеш үчүн, шайманды жылытылбаган
гана беттерге орнотуңуз.
• Эгерде шайман 0° С дан төмөн температурада көпкө туруп кал-
са, аны күйгүзүүдөн мурун кеминде 3 саат жылытылган бөлмөдө
жылытыңыз.
• Өндүрүүчү өнүмдүн дизайнына, анын коопсуздугуна, иштешине
жана иштөө укугуна түп - тамырынан таасир этпейт турган, анча
- мынча өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат.
Сезимдерди кабылдоо жөндөмү төмөн же психикалык жактан жа-
быркагандар, ошондой эле жетиштүү билими жок адамдар эч качан
тиричилик шайманды өз алдынча колдонууга болбойт!
Шайманды электр зымынан кармап тартпаңыз жана ташыбаңыз.
Шайманды тейлөөдөн мурун, жана ошондой эле, эгер шайман туура
эмес иштеп жатса, аспапты электр тармагынан ажыратып коюңуз.
Аспапты электр зымынан тартып суурбаңыз жана сайгычты электр
тармагынын розеткасынан суу колдоруңуз менен суурбаңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Электр тогунун уруу коркунучу! Жашылча кур-
гаткычты эч качан сууга батырбаңыз! Жаракат алуу коркунучу!
Шайман иштеп жаткан учурда буудан этият болуңуз! Өрт коркунучу!
Шаймандын тез күйүүчү суюктуктар жана күуүүчү материалдар
менен байланышына эч качан жол бербеңиз!
2. ШАЙМАНДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Башкаруу органдарын дайындоо:
1. Капкак
2. Поддондор
3. Корпус
4. Температура жөндөөчү
5. ВКЛ/ВЫКЛ
Сиз сатып алган шайман төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ:
1. Үй тиричилигинде жашылчаларды, жемиштерди, козу карындарды
жана жашылдыктарды кургатканга арналган
2. Көлөмү: 4 литр
3. Поддондордун саны: 5 д.
4. Поддондун номиналдык жүктөмү: 250 г
Температуралык режимдер:
- Чөптөр 35-40 °С
- Жашылдыктар 40 °С
- Нан 40-50 °С
- Йогурт 45 °С
- Жашылчалар 50-55 °С
- Жемиштер 55-60 °С
- Эт, балык 65-70 °С
3. ТОЛУКТУК
- Капкак - 1 д.
- Жашылча кургаткыч - 1 д.
- Поддондор - 5 д.
- Колдонуучунун жетекчилиги - 1 д.
4. ИШТӨӨ ТАРТИБИ
ИШТӨӨГӨ ДАЯРДАНУУ
• Аспаптын кутусун ачыңыз.
• Биринчи жолу колдонуудан мурун, бардык идиштерди жана
алынып салынуучу бөлүктөрдү самын кошулган жылуу суу менен
жууп кургатыңыз.
• Негиздин ичин нымдуу чүпүрөк менен сүртүп коюңуз.
ИШТӨӨ
• Кургаткычты туруктуу горизонталдуу беттерге орнотуңуз.
• Алдын ала даярдалган азыктарды алынып салынуучу под-
дондорго салыңыз.
• Ар бир поддонго өтө көп азыктарды койбоңуз.
• Поддондорду негизге орнотуңуз.

Содержание

Скачать