Coolfort CF-2006 2006-CF-01 [13/16] Кыргыз

Coolfort 2006-CF-01 [13/16] Кыргыз
13
КЫРГЫЗ
Лопасттардын айлануу ылдамдыгы (15) «ON/SPEED» баскычы
аркылуу таңдалат
– «LOW» – аба агымынын төмөн ылдамдыгы;
– «MID» – аба агымынын орточо ылдамдыгы;
– «HIGH» – аба агымынын жогору ылдамдыгы
Желпиме 90° айлануу менен иштөө режимин иштетүү үчүн (16)
«SWING» баскычты басыңыз.
Айлануу режимин токтотуу үчүн (16) «SWING» баскычын кайрадан
басыңыз.
Аба агымынын режимин таңдоо үчүн аралыктан башкаруу
пультунда же башкаруу панелинде (8) «MODE» баскычты (19)
улам басыңыз. Үч иштөө режими бар, иштөө режимдер белгилер
(23, 24, 25) аркылуу көрсөтүлөт:
«NORMAL» жөнөкөй аба желдетүү, (23) индикатору күйөт;
лопасттардын айлануу ылдамдыгы таңдалган режимине
көз каранды болуп, «HIGH-MID-LOW» цифралуу белгилери
аркылуу көрсөтүлөт.
«NATURAL» табигый жел, (24) белгиси күйөт; табигый желди
имитациялоо режими, аба агымынын ылдамдыгы чалды-
күйдүлүк менен өзгөрүп турат: мелүү желден катуу шамалга
чейин.
«SLEEP» түнкү режим, (25) индикатору күйөт; аба агымынын
ылдамдыгы цикл түрө, токтоосуз жогоруланып жана
ылдыйланып турат.
Желпимени автоматтык түрдө токтотуу таймендин иштөө
мөөөтү (17) «TIMER» баскычы аркылуу таңдалат, ошондо төрт
индикаторлордон (22) бири күйүп турат.
Сиз желпименин иштөө мөөнөтүн 0,5 «0,5H» сааттан 7,5
«0,5Н-1Н-2Н-4Н» саатка чейин (коюу кадамы 0,5 саат) койсоңуз
болот.
Таймердин коюлган мөөнөтүн төрт индикаторлордон (22) бири
көрсөтөт.
Таймерди өчүрүү үчүн (17) «TIMER» баскычын (22) төрт
индикаторлордон бири өчкөнүнө чейин кайрадан басып туруңуз.
Желпимени өчүрүү үчүн (18) «OFF» баскычын басыңыз.
Желпименин мотор сапсалгысынын (7) абалын керектүү желдетүү
бурчуна вертикалдуу жалпактыкта жөндөсөңүз болот, желпименин
эңкейүү бурчу кол аркылуу коюлат. Желпименин эңкейүү бурчун
жөндөтүү үчүн мотор сапсалгысын (7) бир аз күч салып өйдө
же ылдый жака басыңыз. Желпиме эңкейгенинде тырс эткени
нормалдуу көрүнүш.
АРАЛЫКТАН БАШКАРУУ ПУЛЬТТУ (20) КОЛДОНУУ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Азыктандыруу элементи агып кетүүсү жаракат алуунун
же түзмөк бузулуунун себеби болуу мүмкүн. Бузулууга жол
бербөө үчүн төмөнкүдө жазылган рекомендацияларды
аткарыңыз:
«ААА» түрүндөгү кубаттандыруучу элементтерин гана
колдонуңуз;
эски менен жаңы азыктандыруучу элементтерин жана
түрү башкача болгон азыктандыруучу элементтерин чогу
колдонбоңуз;
азыктандыруу элементтерин кайрадан кубаттандырууга
тыюу салынат;
азыктандыруучу элементтерди полярдуулугу боюнча туура
коюңуз;
шайман көпкө чейин иштетилбей турган учурларда
азыктандыруучу элементтерин чыгарып алыңыз;
азыктандыруучу элементтерди убактылуу түрдө алмаштырып
туруңуз;
азыктандыруучу элементтерин адистештирилген пункттарга
кайрадан иштетүүгө тапшырыңыз;
азыктандыруунун кыпчуурларынын чукул туташуусуна жол
бербеңиз.
Аралыткан башкаруу пультту (20) колдонуу үчүн батарея бөлүгүнүн
капкагын ачып, «AAA» түрүндөгү азыктандыруу элементтерин
(топтомуна кирбейт) батарея бөлүгүнө полярдуулугун сактап
салыңыз, батарея бөлүктүн капкагын жабыңыз. Шайман көпкө чейин
колдонулбай турса, азыктандыруучу элементин аралыктан бакшаруу
пультунун (20) батарея бөлүгүнөн чыгарыңыз.
Эскертүү: - аралыктан башкаруу пультундагы (20) башкаруу
баскычтар башкаруу панелиндеги (8) баскычтарына ылайык.
КАМ КӨРҮҮ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
Желпимени тазалоонун алдында (18) «OFF» баскычын же
аралыктан башкаруу пультундагы (20) (18) «OFF» баскычын
басып аны өчүрүңүз да кубаттуучу сайгычын электр розеткадан
чыгарыңыз.
Түзмөктү тазалоо үчүн абразивдүү жуучу каражаттарды жана
эриткичтерди колдонууга тыюу салынат.
Мотор сапсалгысын (7) бир аз нымдуу жумушак чүпүрөк менен
сүртүп, андан кийин кургатып сүртүңүз.
Лопасттарды (4) тазалоо зарыл болсо, арткы панжаранын (6)
бекитмелерин ачып, алдынкы панжараны (1) чечип, андан соң
лопасттарды (4) бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүңүз.
Алдынкы панжараны (1) ордуна орнотуп, бекитмелерин бекитип
алыңыз.
Желпименин панжараларын чаң соргучка ылайыктуу
саптамаларды коюуп тазаласаңыз болот.
Мотор сапсалгысын (7) сууга же башка суюктуктарга салууга тыюу
салынат. Желпиме бузулуусуна жол бербегени же ток уруунун
коркунучун жоюу үчүн мотор сапсалгысына (7) эч кайсы суюктук
куюлбаганын байкап туруңуз.
САКТОО
Желпимени электр тармагынан ажыратып, аны тазалап алыңыз.
Зарыл болсо, желпимени ажыратып алыңыз.
Арткы панжарадагы (6) бекитмелерин ачып, алдынкы
панжараны (1) чечип, лопасттардын бекитмесин (3) саат
жебесинин багыты боюнча бурап чечип, лопасттарды (4) чечип,
арткы панжаранын бекитме гайкасын (5) бурап чечип, арткы
панжараны (6) чечиңиз.
Бекитмени (9) бурап чечип, мотор сапсалгысын (7) штангадан (10)
чечиңиз.
Бекитмени (14) бурап чечип, штанганы (12) жерге коюлуучу крест
сыяктуу таянычынан (13) чечиңиз.
Желпимени заводдук таңгагына салып, сактоого балдардын жана
жөндөмдүүлүгү төмөн адамдардын колу жетпеген кургак салкын
жерге алып салыңыз.
ЖЕТКИРҮҮНҮН ТОПТОМУ
Желпименин мотор сапсалгысы – 1 даана.
Алдынкы панжара – 1 даана.
Лопасттардын бекитмеси – 1 даана.
Лопасттар – 1 даана.
Арткы панжара – 1 даана.
Телескоптук штанга бекитмеси менен – 1 даана.
Жерге коюлуучу крест сыяктуу таянычы – 1 даана.
Аралыктан башкаруу пульту – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана
Колдонуу нускамасы – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Электр азыктандыруу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 40 Вт
Диаметр: 40 см (16”)
Аралыктан башкаруу пульту: 3 В «ААА» түрүндөгү 2 азыктандыруу
элементи 1,5 В (жабдыгына кирбейт)
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман менен азыктанды-
руучу элементтердин (эгерде топтомго кирсе) кызмат мөөнөтү
бүткөндөн кийин турмуш-тиричилик калдыктары менен бирге
таштабаңыз, шайман менен азыктандыруучу элементти андан
ары утилизациялоо үчүн адистештирлиген пункттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон калдыктарды
милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң белгиленген жолунда утили-
зациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча маалымыт алуу үчүн
жергиликтүү өкмөткө, турмуш-тирчилик калдыктарды утилизациялоо
кызматына же бул шайманды алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө принциптерине таа-
сир этпеген дизайнин, конструкциясын жана техникалык
мүнөздөмөлөрүн алдын ала эскертпей өзгөртүү укугун сактайт,
ошол себептен шайман менен колдонмонун арзыбаган айырмалар
болуу мүмкүн. Колдонуучу ушундай келишпегендиктерди тапса, ал
жөнүндө info@coolfort.ru электрондук почтасына жазып, шаймандын
жаңырланган версиясын алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү үч жылдан кем эмес.
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маалыматтар буюмду
саткан сатуучудан алууга болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап
кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү керек.

Содержание

Скачать