Vitek VT-8124 B [23/24] Кыргыз

Vitek VT-8124 B [23/24] Кыргыз
23
КЫРГЫЗ
ЧЫПКАЛАРЫН ТАЗАЛОО
Аба алуучу (21) жана чыгаруучу НЕРА-
чыпкалардын (23) жана поролон чыпкасынын (24)
тазалыгын сактаңыз, анткени ал чаң соргучтун
эффективдүүлүгүнө байланыштуу; чыпкаларын
(21, 23, 24) бир жылда үч-төрт жолудан кем эмес
тазалаңыз, өтө булганса – андан да жышыраак.
Аба алуу чыпкасын тазалоо (21)
Чаң соргучун өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
Чаң топтогуч отсектин капкагынын (3)
бекитмесин басып, капкакты ачыңыз.
Чаң топтогучтун кармагычы (18) менен чаң
топтогучту чыгарыңыз.
Аба алгыч чыпканын панжаранын (21)
бекитмесин басып, панжараны чыгарыңыз.
Аба алгыч поролон чыпкасын жылу сууда жууп,
жакшы кургатып, чыпка менен панжараны (21)
ордуларына коюңуз.
Эскертүү: поролон чыпканы орнотуунун
алдында ал таза жана кургак болгонун
текшерип алыңыз.
Чаң топтогучу орнотулган чаң топтогучтун
кармагычын (18) ордуна коюңуз.
Чаң топтогуч отсектин капкагын (3) жабыңыз.
Аба чыгуучу НЕРА-чыпкасы (23) менен
поролон чыпкасын (24) тазалоо
Чаң соргучун өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
Аба чыгуучу чыпканын панжарасынын (22)
бекитмесин басып, панжараны чечип, НЕРА-
чыпкасын (23) чыгарыңыз.
НЕРА-чыпкасын (23) бир аз жылуу суунун
астында жууп алыңыз. Чыпкаларды жууш үчүн
идиш жуучу аспапты колдонбоңуз.
НЕРА-чыпканы (23) кургатып алыңыз. НЕРА-
чыпканы (23) фен менен кургатууга тыюу
салынат.
Поролон чыпкасын (24) жууп, жакшылап
кургатыңыз.
НЕРА-чыпкасын (23) ордуна коюуңуз.
Панжарасына (22) поролон чыпкасын (24)
орнотуңуз.
Аба чыгуучу чыпканын панжарасын (22)
ордуна коюп, бекитмеси бекитилгенине чейин
бир панжараны бир аз басыңыз.
Эскертүү: НЕРА-чыпкасы (23) менен поролон
чыпкасын (24) орнотуунун алдында алар таза
жана кургак болгонун текшерип алыңыз.
Чаң соргучтун корпусу
Чаң соргучтун корпусун бир аз нымдуу жумшак
чүпүрөк менен сүртүп, кургатып сүртүңүз.
Чаң соргучтун корпусун, электр шнурун
жана шнурунун сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салууга тыюу салынат. Чаң
соргучтун ичине суу куюлганына жол бербеңиз.
Чаң соргучтун корпусун тазалоо үчүн
эриткичтерди жана абразивдүү тазалоо
каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
САКТОО
Чаң соргучту узак убакытка сактоого алып
салуудан мурда анын корпусун, чаң топтогучу
(19) менен чыпкаларын (21, 23, 24) тазалап
алыңыз.
Сактоонун ыңгайлуулугу үчүн чаң соргучтун
түбүндөгү щетканы (9) горизонталдуу (8) же
тике (25) «коюу» жайын колдонуңуз.
Чаң соргучту балдардын колу жетпеген кургак
салкын жерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
1.
Кездеме чаң топтогучу менен чыпкалары
орнотулган чаң соргуч – 1 даана.
2.
Ийкем түтүгү – 1 даана.
3.
Узарткыч телескоптук түтүгү – 1 даана.
4.
Жер таман/килем үчүн щеткасы – 1 даана.
5.
Жылчык насадкасы – 1 даана.
6.
Эмерек капталын тазалоо насадкасы –
1 даана.
7.
Кагаз чаң топтогуч – 3 даана.
8.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Максималдуу иштетүү чыңалуусу: 2200 Вт
Соруу кубаттуулугу: 450 Вт
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап
кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү
көрсөтүү керек.
IM VT-8124.indd 23 11.05.2017 14:30:06
Скачать