Vitek VT-2635 ST [18/20] Кыргыз
![Vitek VT-2635 ST [18/20] Кыргыз](/views2/1313425/page18/bg12.png)
18
КЫРГЫЗ
•
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси
жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун ичинде
балдар да) адамдар же колдонуу боюнча
тажрыйбасы же билими жок болгон адамдар,
эгерде алардын коопсуздугуна жооптуу адам
аларды көзөмөлдөп же инструкциялаган
болбосо колдонуу үчүн ылайыкташтырылбаган.
•
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
•
Шайман иштеп турган учурунда же иштөө
циклдердин арасында аны балдар жетпеген
жеринде сактаңыз.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуздар! Полиэтилен баштыктар
же таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз! Тумчуктуруунун коркунучу
бар!
•
Электр шнурунун, кубаттуучу сайгычынын
бузулуулары бар болсо, шайман иштеп-
иштебей турса же кулап түшкөндөн кийин
шайманды колдонбоңуз.
•
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
•
Шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
•
Айлана чөйрөөну сактоо максатында
шаймандын кызмат мөөнөтү бүткөндөн
кийин аны турмуштук калдыктары менен
чогу ыргытпай, утилизациялоо үчүн
адистештирилген пунктуна тапшырыңыз.
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген жеринде сактаңыз.
АСПАП ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА
ГАНА АРНАЛГАН
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Муздак (кыш) шарттарында шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
Биринчи иштетүүнүн алдында шаймандын
корпусунда жазылган чыңалуусу электр
тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
–
Грильди таңгактан чыгарып, таңгак
материалдардын баарын алып салып, грильдин
корпусун бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп,
андан кийин кургатып сүртүп алыңыз.
–
Иштөө беттерин (2, 4) бир аз нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, андан кийин кургатып сүртүп
алыңыз.
–
Грильди колдонуунун алдында иштөө
беттеринин (2, 4) күйгүзбөс катмарына бир
аз өсүмдүк майын куюп, катмардын бардыгын
майлап, ашкан майды кагаз сүлгү менен алып
салыңыз.
–
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз, ошондо жарык индикатору (5) күйөт.
–
Иштөө беттери (2, 4) коюлган температурасына
чейин ысыганда жарык индикатору (5) өчөт,
кубаттуучу сайгычын розеткасынан чыгарыңыз.
–
Иштөө беттери (2, 4) толугу менен муздаганына
чейин күтүп, грильди ачып алыңыз да иштөө
беттеринен (2, 4) калган өсүмдүк майын кагаз
сүлгүсү менен алып салыңыз.
Эскертүү: Биринчи иштеткенде ысытуучу
элементтердин үстүнкү катмары күйүп, бир
аз түтүн же башкача жыт чыгуу мүмкүн.
Бул нормалдуу көрүнүш, бузулуу эмес.
АЗЫКТАРДЫ ГРИЛЬДИН ИЧИНДЕ БЫШЫРУУ
–
Грильди тегиз, туруктуу, ысыка чыдамдуу
беттин үстүнө, нымдуулук, жылуулук жана
ачык от булактарынан алыс жеринде электр
розеткасы ар дайым жеткиликтүү болгондой
орнотуңуз.
–
Грильди оңой жалыңдап кетүүчү материалдар
же суюктуктардын жана ысыктан
деформациялануучу заттардын жанында
орнотпоңуз да колдонбоңуз.
–
Шайманды вентиляциясы жакшы болгон
жеринде колдонуңуз.
–
Иштөө беттерин (2, 4) өсүмдүк майы менен бир
аз майлап, грильди жабып салыңыз.
–
Май топтоочу идиши (1) ордуна коюлганын
текшерип алыңыз.
–
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз, ошондо жарык индикатору (5) күйөт.
–
Иштөө беттери (2, 4) коюлган температурасына
чейин ысыганда жарык индикатору (5) өчөт,
азыктарды бышырып баштасаңыз болот.
–
Тутканы (3) кармап грильди ачыңыз.
–
Азыктарды астынкы иштөө бетине (2)
акырындык менен салыңыз, мүмкүн болгон
азыктардын майы же суусу чачыраганынан
пайда болгон күйүктөрдөн сак болуңуз.
–
Шайманды тийишкен гриль катары колдонсоңуз
болот. Ал үчүн туткасынан (3) кармап, үстүнкү
иштөө бетин (4) азыктардын үстүнө жабып
салыңыз.
Көңүл буруңуздар! Шайман иштеп турган
учурда иштөө беттери менен корпусу
абдан катуу ысыйт, күйүктөр болбоо үчүн
шаймандын ысык беттерине тийбеңиз.
IM VT-2635.indd 18 16.03.2017 11:23:32
Содержание
Похожие устройства
- Vitek VT-4281 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-4279 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-4278 BK Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-4203 SR Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8606 R Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8609 R Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8113 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8110 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8109 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8107 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8102 BD Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8105 VT Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8130 BK Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8100 CM Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8112 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8108 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8116 Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8106 VT Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-1899 GY Инструкция по эксплуатации
- Vitek VT-8309 BK Инструкция по эксплуатации