Hotpoint-Ariston RSPD 622 [42/48] Кир жуугуч машинаны сүрөттөө

Hotpoint-Ariston RSPD 622 [42/48] Кир жуугуч машинаны сүрөттөө
42
KGZ
Жуугуч заттар үчүн чөнөкчөлөр: жуугуч заттарды
жана кошулмаларды жүктөө үчүн (“Жуугуч заттар
жана кир кийимдин түрлөрү” кара.).
Нускамалар: жуугуч каражаттардын дозаторунун
ичинде бардык программалар үчүн нускамалар,
ошондой эле дозатордун айрым чөнөкчөлөрүн
пайдалануу боюнча графикалык нускамалар бар.
ON/OFF баскычы : машинаны күйгүзүү же өчүрүү үчүн
бул баскычты тез басыңыз. Сейрек жашыл түс менен
бүлбүлдөгөн, ИШТЕТҮҮЫНЫГУУ индикатору машина
күйгүзүлгөнүн түшүндүрөт. Кир жуу процессинде
кир жуугуч машинаны өчүрүү үчүн баскычты болжол
менен 3 секунд басып кармап туруу керек. Кыска же
капысынан басып алуу машинаны өчүрүүгө алып
келбейт. Машинаны кир жуу процессинде өчүрүү
учурунда учурдагы цикл токтотулат.
ПРОГРАММАЛАРДЫ ТАНДОО баскычы:
керектүү программаны тандоо үчүн кызмат кылат
(“Программалардын таблицасын” кара).
КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАР баскычы: кошумча
функцияларды тандоо үчүн кызмат кылат. Дисплейде
тийиштүү индикатор күйөт.
АВТО-ТАЗАЛОО баскычы: машинанын ички
бөлүктөрүн тазалоону ишке ашыруу үчүн басыңыз
(“Кир жуугуч машинага кам көрүүнү” кара).
КИР ЖУУНУН ИНТЕНСИВДҮҮЛҮГҮ баскычы : кир
жуунун каалаган интенсивдүүлүгүн тандоо үчүн басыңыз.
МУЛЬТИ-ЧАЙКОО баскычы : чайкоонун керектүү
режимин тандоо үчүн басуу керек.
СЫГУУ баскычы : сыгуунун ылдамдыгын кыскартуу
же толук жокко чыгаруу үчүн бул баскычты басыңыз –
мааниси дисплейде көрсөтүлөт.
ТЕМПЕРАТУРА баскычы : температуранын
маанисин азайтуу үчүн бул баскычты басыңыз:
мааниси дисплейге чыгарылат.
БАСКЫЧТАРДЫ ТОСМОЛОО : башкаруу
консолун тосмолоону күйгүзүү үчүн баскычты
болжол менен 2 секунд аралыгында басып кармап
туруңуз. Дисплейде “БАСКЫЧТАРДЫ ТОСМОЛОО
КҮЙГҮЗҮЛДҮ” жазуусунун чагылдырылышы
башкаруу панели тосмолонгонун түшүндүрөт (ON/
OFF баскычынан тышкары). Мындай жол менен
программа капыстан, өзгөчө үйдө балдар болгондо
өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Башкаруу консолун
тосмолоону өчүрүү үчүн баскычты болжол менен 2
секунд аралыгында басып кармап туруңуз.
ИШТЕТҮҮНҮН КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРУУ баскычы
: тандалган программаны иштетүүнү кармоо
убактысын программалоо үчүн бул баскычты
басыңыз. Кармоо убактысы дисплейде көрсөтүлөт.
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатор менен баскыч:
жашыл индикатор сейрек бүлбүлдөгөндө, кир жуу
циклын иштетүү үчүн баскычты басыңыз. Циклды
иштеткенден кийин индикатор бүлбүлдөбөй калат.
Кир жууну токтотуу үчүн кайрадан бул баскычты
басыңыз; индикатор кызгыл сары түс менен күйөт.
Эгерде символу күйбөсө, машинанын люгун ачууга
болот. Кир жууну ал токтотулган учурдан тартып
улантуу үчүн, кайрадан бул баскычты басыңыз.
Күтүү режими
Бул кир жуугуч машина электр энергиясын үнөмдөө
боюнча жаңы нормативдердин талаптарына жооп
берет, машина 30 мүнөт тургандан кийин күйө турган,
автоматтык түрдө өчүү тутуму (энергияны сактоо
режими) менен себилденген. КҮЙ/ӨЧҮР баскычын
бир жолу басыңыз жана машина кайра күйгөнчө күтө
туруңуз.
Микробго каршы тыгыздоо
Люктун тыгыздагычы бактериялардын көбөйүүсүн
99,99%га кыскартуу менен, антимикробдук коргоону
камсыздаган атайын аралашмадан даярдалган.
Люктун тыгыздагычы тактардын, жагымсыз жыттардын
пайда болушуна жана буюмдун бузулушуна алып
келе турган, бактерия жана көк дат сыяктуу зыяндуу
микробдордун (*) көбөйүүсүн кыскартуучу Zinc
pyritione, пестициддик затты камтыйт.
(*) Перуджи Университетинде өткөрүлгөн тесттерге
ылайык: Staphylococcus aureus, Escherichia coll,
Pseudomonas aeruginosa, Candida albicans, Aspergillus
niger, Penicillium digitatum.
Сейрек учурларда тыгыздагыч менен узак байланышуу
тери аллергиясын пайда кылышы мүмкүн.
Кир жуугуч машинаны сүрөттөө
Башкаруу панели
ТЕМПЕРАТУРА
баскычы
ПРОГРАММАЛАРДЫ
ТАНДОО баскычы
Жуугуч заттар үчүн чөнөкчө
КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАР
баскычтары
ON/OFF
баскычы
СЫГУУ
баскычы
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
индикатор менен баскыч
БАСКЫЧТАРДЫ
ТОСМОЛОО
ИШТЕТҮҮНҮН КИЙИНКИГЕ
ЖЫЛДЫРУУ баскычы
Дисплей
АВТО-ТАЗАЛОО
баскычы
Нускамалар
КИР ЖУУНУН
ИНТЕНСИВДҮҮЛҮГҮ
БАСКЫЧЫ
МУЛЬТИ-ЧАЙКОО
баскычы

Содержание

Похожие устройства

Скачать