Hotpoint-Ariston RSPD 622 [44/48] Кир жуу циклын аткаруу тартиби

Hotpoint-Ariston RSPD 622 [44/48] Кир жуу циклын аткаруу тартиби
44
KGZ
Кир жуу циклын аткаруу тартиби
1. МАШИНАНЫ КҮЙГҮЗҮҮ ТАРТИБИ , баскычын
басыңыз; ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору сейрек
жашыл түс менен бүлбүлдөйт.
2. КИРДИ ЖҮКТӨӨ. Машинанын люгун ачыңыз. Кийинки
беттеги программалардын таблицасында көрсөтүлгөн,
максималдуу уруксат берилген салмактан ашырбай,
барабанга кир кийимди жүктөңүз.
3. ЖУУГУЧ ЗАТТАРДЫ ДОЗАЛОО. Дозаторду чыгарыңыз
жана “Жуугуч заттар жана кирдин түрлөрү”
бөлүмүндө сүрөттөлгөндөй, жуугуч каражатты атайын
чөнөкчөлөргө салыңыз.
4. ЛЮКТУ ЖАБЫҢЫЗ.
5. ПРОГРАММАНЫ ТАНДОО. Керектүү программаны
тандоо үчүн ПРОГРАММАЛАРДЫ ТАНДОО
баскычтарынын бирин басыңыз. Программанын
аталышы дисплейде пайда болот. Программа менен
бирге өзгөртүлүшү мүмкүн болгон, температура
жана сыгуу ылдамдыгы көрсөтүлөт. Дисплейде бул
циклдын узактыгы көрсөтүлөт.
6. КИР ЖУУ ЦИКЛЫН ПЕРСОНАЛДАШТЫРУУ. Тийиштүү
баскычтарды басыңыз:
емператураны жана/же сыгуу ылдамдыгын
өзгөртүү тартиби. Машина автоматтык түрдө
тандалган программа үчүн каралган максималдуу
температураны жана сыгуу ылдамдыгын белгилейт,
бул маанилер көбөйтүлүшү мүмкүн эмес
баскычынын жардамы менен температураны муздак
сууда жууганга чейин акырындык менен азайтууга
болот (Дисплейде “- -” символу күйөт) баскычынын
жардамы менен сыгуу ылдамдыгын аны жокко
чыгарууга чейин акырындык менен азайтууга болот
(Дисплейде “- -” символу күйөт). Бул баскычтарга дагы
бир жолу басууда максималдуу уруксат берилген
маанилер кайтып келет.
! Артыкчылык: 3-программаны тандоодо температура
90° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
! Артыкчылык: 4-программаны тандоодо температура
60° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
Иштетүүнү кармоону программалоо.
Тандалган программаны иштетүүнү кармоону
программалоо үчүн кармоонун керектүү маанисин
алганга чейин тийиштүү баскычты басыңыз. Иштетүүнү
кармоону токтотуу үчүн баскычты дисплейде “- - h
жазуусу пайда болгонго чейин басыңыз.
Кир жуунун керектүү интенсивдүүлүгүн кантип
тапшыруу керек
баскычы кийимдин кирдөө деңгээлине жана кир
жуунун керектүү интенсивдүүлүгүнө жараша кир жууну
оптималдаштырууну шарттайт.
Абдан кир кийим үчүн Intensive wash режимин
тапканга чейин баскычын басыңыз. Бул режим
циклдын баштапкы фазасында көп өлчөмдө сууну жана
интенсивдүү механикалык кыймылды пайдалануу менен
жогорку натыйжалуу кир жууну камсыздайт, ошондой
эле сиңип калган кирди кетирүү үчүн кызмат кылат.
Агарткыч менен, ошондой эле анысз пайдаланылышы
мүмкүн. Агарткычты пайдаланууда кошумча 4озаторду
салыңыз. Борборунда стерженде көрсөтүлгөнмах.
деңгээлинен ашырбаңыз. (46еттеги схеманы кара).
Анча кир эмес кийим үчүн же кылдат жуу үчүн
Delicate wash режимин тандаганга чейин
баскычын басыңыз Цикл кылдат кийимди жуунун
мыкты жыйынтыктарын камсыздоо үчүн механикалык
таасирди кыскартат.
Кантип чайкоо режимин тапшырууга болот
Кошумча функция сезгич тери үчүн чайкоонун
керектүү режимин тандоону шарттайт. Баскычты биринчи
жолу басууда Extra +1 (Кошумча чайкоо+1) режими
тапшырылат, ал жуугуч заттын калдыктарын кетирүү
үчүн, чайкоонун стандарттуу циклынан тышкары кошумча
чайкоону тандоону шарттайт. Баскычты басууга жараша
чайкоонун стандарттуу циклынан тышкары чайкоонун
кошумча режимин тандоону шарттаган, Extra +2
(Кошумча чайкоо +2) режими тапшырылат, бул сезгич
тери үчүн сунушталат. Баскычты үчүнчү жолу басууда
стандарттуу циклдын чайкоосуна кошумча 3 чайкоону
тандоону шарттаган, Extra +3 (Кошумча чайкоо+3)
режими тапшырылат. Эгерде бул кошумча функция 40°C
температурасы менен программаларда активдешсе, ал
мышыктын жана иттин жүнү жана чаң сыяктуу негизги
аллергендерди кетирүүнү шарттайт, 40°ан жогору
температурадагы программаларда аллергенден коргоонун
мыкты деңгээлине жетишилет. Normal Rinse (Жөнөкөй
чайкоо) режимине кайтуу үчүн баскычты кайра басыңыз.
Эгерде бул тескөөнү тапшыруу же өзгөртүү мүмкүн эмес
болсо, дисплейде No Selection(Тандалган Эмес) же No
Change (Өзгөрүүсүз) чагылдырылат
Циклдын параметрлерин өзгөртүү.
• Функцияны күйгүзүү үчүн баскычты басыңыз;
Дисплейде тийиштүү жарык индикатору күйөт.
• Функцияны өчүрүү үчүн баскычты кайра басыңыз;
Дисплейде тийиштүү жарык индикатору өчөт.
! Эгерде тандалган функция тапшырылган программа
менен шайкеш келбесе, күңүрт түс менен тийиштүү
жарык индикатору бүлбүлдөйт, мындан тышкары
мындай шайкеш келбестик жөнүндө үн сигналы
(3 сигнал) эскертет, ал эми дисплейде “No Selection
(Тандалган Эмес) жазуусу пайда болот.
! Эгерде тандалган функция башка, мурда
тапшырылган кошумча функция менен шайкеш
келбей турган болуп саналса, дисплейде “No Selection
(Тандалган Эмес) жазуусу пайда болот, функцияны
активдештирүү мүмкүн болбойт.
! Кошумча функциялар машинанын сунушталган
жүктөмүн жана/же циклдын узактыгын өзгөртө алат.
7. ПРОГРАММАНЫ ИШТЕТҮҮ. ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
баскычын басыңыз: Тийиштүү индикатор жашыл түс
менен күйөт жана люк тосмолоодон чыгарылат (ЛЮК
ТОСМОЛОНДУ символу күйөт). Циклды аткаруу
процессинде программаны өзгөртүү үчүн машинаны
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен
тыныгуу режимине которуңуз (ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
баскычы кызгыл сары түс менен сейрек бүлбүлдөйт).
Андан кийин жаңы циклды тандаңыз жана кайрадан
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. Эгерде
циклды иштеткенден кийин люкту ачуу талап
кылынса, ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
ЛЮК ТОСМОЛОНДУ индикатору өчкөндөн кийин
люкту ачууга болот. Программаны ал токтотулган
учурдан тартып улантуу үчүн кайрадан ИШТЕТҮҮ/
ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
8. ПРОГРАММАНЫ АЯКТОО. Дисплейде «END
OF CYCLE» (Циклдын Аягы) билдирүүсү менен
көрсөтүлөт. ЛЮК ТОСМОЛОНДУ символу
өчүрүлгөндөн кийин, люкту ачууга болот. Люкту
ачыңыз, кирди алыңыз жана машинаны өчүрүңүз.
! Иштетилген циклды токтотуу талап кылынса,
баскычын бир нече секунд басып кармап туруңуз.
Цикл токтойт жана машина өчөт.

Содержание

Похожие устройства

Скачать