Indesit IDU 0175 [21/40] Кызмат көрсөтүү жана күтүү

Indesit IDU 0175 [21/40] Кызмат көрсөтүү жана күтүү
Бузуктуктар жана аларды оңдоонун усулдары KGZ
21
Тоңдургуч канааттандырарлуу эмес иштеген же
бузулуш жүз берген учурларда, сервис кызматынын
техниктерин чакыруудан мурда, ушул бөлүмдү окуп
чыгыңыз. Көп учурларда байкалган көйгөйлөрдү өзүңүз
деле чечип алсаңыз болот.
Тоңдургуч иштебей жатат
Төмөнкүлөрдү текшериңиз:
Үйдө электр энергиясы өчпөгөнбү;
Вилка розеткага ишеничтүү сугулганбы;
Розетканын бузугу жокпу. Текшерүү үчүн бузук
эместигине өзүңүз ишенген приболордун бирин
розеткага кошуп көрүңүз.
Тоңдургучтун бөлүмдөрүндөгү температура өтө
жогору
Төмөнкүлөрдү текшериңиз:
Эшик тыгыз жабылган, эшиктеги тыгыздагычтар
бузулбаган;
Терморегулятордун кулагы керектүү абалга
орнотулган;
Бөлүмдөр продуктуга жык эмес;
Тоңдургучтун эшиги бат-бат ачылбаган.
Компрессор тынымсыз иштейт
Төмөнкүлөрдү текшериңиз:
Эшик тыгыз жабылган, эшиктеги тыгыздагычтар
бузулбаган; эшик бат-бат ачылбайт.
Бөлмөнүн температурасы өтө эле жогору эмес;
Терморегулятордун кулагы керектүү абалга
орнотулган.
Тоңдургуч иштегенде аябай шоокум салат
Төмөнкүлөрдү текшериңиз:
Тоңдургуч түздөлгөн;
Тоңдургуч башка буюмдарга тийбей турат
(мисалы, айланадагы мебелдерге).
Муздаткыч системанын ичинде айланып жүрүүчү
хладагент, компрессор иштебей жаткан болсо да,
акырын чулкулдашы мүмкүн. Тынчсызданбаңыз, бул
нормалдуу абал.
Терморегулятордун жана компрессордин ишке
түшүшүнө мүнөздүү үндөр прибордун электр
жабдуулары иштегенде пайда болуучу үндөр саналат.
Кызмат көрсөтүү жана күтүү
Кызмат көрсөтүү жана жууш боюнча ар кандай
ишти аткаруудан мурда тоңдургучту электр
тармагынан үзүп коюңуз.
Эритүү
Көңүл буруңуз! Эрүү жараянын тездештирүү үчүн
бууландыруучунун герметикалуулугун бузушу же
тоңдургучтун беттерин тырмап-чийип салышы мүмкүн
болгон буюмдардан падаланбаңыз.
Убакыттын өтүшү менен тоңдургуч камеранын ички
беттерине жана бууландыргычка кыроо отурат.
Кыроонун калыңдыгы 5 мм ден өткөндө тоңдургучту
эритүү зарыл.
Терморегулятордун кулагын «Выкл.» абалына
орнотуп, тоңдургучту электр тармагынан үзүп коюңуз.
Эрүү мезгилинде тоңдурулган продуктуларды бир нече
кабат кылынган газетага ороңуз жана мүмкүнчүлүгүнүн
барынча муздак жерге жайлаштырыңыз.
Кыроо тез эриши үчүн эшикти ачык калтырыңыз.
Эрүү жараянын тездештирүү үчүн камерага жылуу суу
куюлган кастрюлду коюңуз.
Чогулуп калган нымды губка же ным тартуучу
чүпүрөк менен сүртүп алыңыз. Кайра ишке түшүрүүдөн
мурда камераларды жууңуз жана тыкандык менен
кургатыңыз.
Муздаткыч прибордун эриши, ага кызмат көрсөтүү
жана аны тазалоо учурунда тоңдурулган азык-түлүк
прордуктулары температурасынын жогорулашы
алардын сакталуу мөөнөтүн кыскартат.
Кызмат көрсөтүү жана күтүү
Тоңдургучтун ички жана тышкы беттерин ичилүүчү
соданын жылуу суудагы эритмесине (сода мыкты
дезинфектор болуп да саналат) нымдалган губка же
жумшак кездеме менен жууңуз. Ичилүүчү сода жок
болсо, нейтралдуу жууш каражатынан пайдаланыңыз.
Эч качан оңой өрт алуучу органикалык
эритүүчүлөрдөн, абразивдүү, өзүндө хлор жана аммиак
сактаган заттардан пайдаланбаңыз.
Ажыроочу бардык тетиктерди самындын эритмеси
же суудагы жууш каражаттары менен тазалоо керек.
Аларды кир жууш машинасында жууса да болот.
Эсиңизде болсун, кайра тоңдургучка орнотуудан мурда
бардык ажыроочу тетиктерди тыкандык менен кургатуу
зарыл.
Тоңдургучтун конденсаторуна чаң чогулушу жана
ал анын нормалдуу иштешине тоскоолдук кылышы
мүмкүн. Чаң жуткучтун ылайыктуу тетиктеринен
пайдаланган түрдө тоңдургучтун арткы жагын чаңдан
арылтыңыз.
Эгерде Сиз көпкө дейре тоңдургучтан пайдаланбай
турган болсоңуз, анда аны эритиңиз, ичин мыктылап
жууңуз, кургатыңыз жана жагымсыз жыт отуруп
калбастыгы жана көк дат баспастыгы үчүн эшигин бир
азга ачык калтырыңыз.

Содержание

Скачать