Era SPB-4-15-4K [5/12] Фаза l

Era SPB-4-15-4K [5/12] Фаза l
3. ШАМЧЫРАКТЫ ДАЯРДОО, ТУТАШТЫРУУ ЖАНА ОРНОТУУ
3.1. Коопсуздук талаптары.
Көңүл бургула! Жарыкдиоддуу шамчыракты орнотуу же кайра орнотууда чыңалып турган токту өчүрүү керек. Чырактын
проводуну сырткы коргоочу катмары же ток берүүчү бөлүкчөлөрү бузук болсо колдонууга тыюу салынат. Өз алдынча чечүү же
оңдоого тыюу салынат.
3.2. Шамчыракты ишке киргизүүгө даярдоо.
Чыракты оромолдон чыгарып, корпусунун, жарык чачыраткычтын, проводунун бузук же сынык эместигин текшериңиз.
3.3. Туташтыруу.
Көңүл бургула! Жарыкдиоддуу шамчыракты туташтырууда бардык проводдорду токтон сууруп таштоо керек. Проводдогу
ажырым зымдар 0,75мм2 кем болбоосу зарыл.
3.3.1. Туташтыруу үчүн орноштура турган жерине эки ажырым зымды адып келүү керек.
3.3.2. 1-сүрөттө көрсөтүлгө схемага ылайык бул провод азыктандыруу проводуна сырткы клеммниктин жардамы менен туташтырылат;
3.3.3.
Токко туура туташканын текшерген соң токту жандырса болот.
4. КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
4.1. Кырсыкты алдын алуу үчүн шамчыракты отко жакындатпаңыз жана сууга тийгизбеңиз.
4.2. Шамчыракты бөлмөнүн ичинде гана колдогонго болот.
4.3. Кырсыкты алдын алуу үчүн электротехникалык буюмду өз алдынча оңдоого болбойт.
4.4. Шамчырактын же анын бөлүкчөлөрү бузук же сынык болсо колдонууга тыюу салынат.
4.5. 220В өзгөрмө ток өмүргө кооптуу!
Рис.1. 220В шамчыракты токко туташтыруу схемасы
5. ТАШУУ ЖАНА САКТОО
Шамчыракты оромолунда ташуу жана сактоодо механикалык сынуу, бузуулардан жана нымдан сактоону эске алуу зарыл.
6. КЕРЕКТЕН ЧЫГАРУУ
Шамчыракты ал сатылып жаткан өлкөнүн мыйзамына ылйык керектен чыгаруу зарыл.
7. МҮМКҮН БОЛГОН БУЗУЛУУЛАР ЖАНА АЛАРДЫ ОҢДОО
Көңүл бургула! Шамчырактын ар кандай бузулууларын оңдоо иштеринде токту өчүрүү керек!
3-таблицада мүмкүн болгон бузулуулар жана аларды оңдоо иштери берилген.
3-таблицада
Эгер бул чаралар сизге жардам бербесе атайын адистерге кайрылыңыз.
Шамчырак иштебесе
- 220В токтун бар экенин текшериңиз
- бардык проводдордун оң жана ачык эместигин текшериңиз
- бардык туташтыргычтардын бузук эместигин текшериңиз
220 В
Фаза (L)
Клеммник
Светильник
Нейтраль (N)

Содержание

Похожие устройства

Скачать