Coolfort CF-0234 [12/16] Кыргыз

Coolfort CF-0234 [12/16] Кыргыз
12
КЫРГЫЗ
ТЕРМОЭЛЕКТРИК МУЗДАТКЫЧ БАШТЫГЫ CF-0234
Coolfort өнүрүмдү сатып алганыңызга ырахмат. Пайдалануу боюнча ушул нускаманы кунт коюуп окуп чыгыңыз жана шайманды ошого
ылайык пайдаланыңыз. Нускаманы маалыматтык материал катары сактап коюңуз.
ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Пельтье элементтерди колдонуучу термоэлектрик технологиясынын негизинде иштеп турган муздаткыч айдоочу менен спортчулардын
эң мыкты таңдоосу. Сиз пикниктерде, шаардын сыртына чыгып сейил курганда, башка жактарга барганда же жолдгу унаа тыгынднын
мезгилинде муздатылган суусундуктарга рахаттансаңыз болот. Универсалдык азыктандыруусу (DC 12 В) муздаткыч автомобильде
иштегенин камсыз кылат.
МҮНӨЗДӨМӨСҮ
1. Муздаткычты тоңдурулган азык-түлүктөр же муздатылган суусундуктар менен толтурган учурда, муздатуунун натыйжасы эң мыкты
болот, ошондо алар көпкө чейин муздак болуп сакталып турат. Үй температурасындагы азык-түлүктөр менен суусундуктарды
муздатууга 2-3 саат керек. Андан да жылуу азык-түлүктөр менен суусундуктарды муздатууга албетте көбүрөөк убакыт кетет.
2. Шайман иштөө процессинде добуштун деңгээлин минимумга чейин азайтууга мүмкүндүк берген технологияны колдонуу менен
иштелип чыккан.
СЫПАТТАМА
1. Корпусу
2. Муздаткычтын капкагы
3. Муздатуу панжаралар
4. Көтөрүп ташуу үчүн тутка
5. Башкаруу панели
6. Муздатуу шарттамында иштөө ишдикатору
7. COLD/OFF иштөө режимдердин которгучу
8. Автомобильде тармакка кошуу үчүн азыктандыруучу шнуру
9. 12В туруктуу токтун азыктандыруу уясы
10. Желпименин панжарасы
11. Муздак аба чыгуучу тешиктер
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнүп, маалымат катары сактап алыңыз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана, ушул колдонмодо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз. Буюмду туура эмес пайдалансаңыз, ал тез
бузулуп, сизге же мүлкүңүзгө залакасы тийип калышы мүмкүн.
Муздаткыч иштеп турган мезгилинде ага жакшы желдетүү жана аба айлануусу зарыл.
Түзмөктү катуу урулуудан сактаңыз - бул түзмөктүн бузулуусуна, бөлүктөрүнүн сынуусуна, ички тармактык элементтери айрылуусуна
алып келүү мүмкүн.
Шаймандын вентиляциялоо тешиктерине суу киргенине жол бербеңиз.
Түзмөктү жогору температура же нымдуулук шарттарында колдонгондо түзмөктүн ичинде суу тамчылары пайда болот. Бул түзмөктүн
бузулуусун көрсөтпөйт, тамчыларды жөн эле кургак чүпүрөк менен сүртүп алыңыз.
Түзмөктү кемпингте колдонсоңуз болот. Тике күн нурлары шаманга таасир эткенине жол бербеңиз.
Балдардын коопсуздугу үчүн, шамдар оролгон полиэтилен баштыктарын көзөмөлсүз калтырбаңыз.
Көңүл буруңуз! Балдарга полиэтилен баштыктары же таңгактоочу пленка менен ойноого уруксат бербеңиз. Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени үчүн аларга көз салуу зарыл.
Өз алдынча шайманды оңдоого тыюу салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай, ар кыл бузулуулар пайда болгон же шайман кулап
түшкөн учурларда аны розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же www.coolfort.ru сайтындагы тизмесине кирген автордоштурулган
(ыйгарым укуктуу) тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Бузулуулар пайда болбоо үчүн шайманды заводдук таңгагында гана транспорттоо зарыл.
Түзмөктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чектелген адамдар колу жетпеген жерлерде сактаңыз.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси жагынан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же нускамалоо
болбосо колдонуу үчүн ылайыкташтырылган эмес.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТТАРДА КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН. ШАЙМАНДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА
ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ЖОЛУ КОЛДОНООРДУН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада түзмөктү транспорттоодон же сактоодон кийин аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
Шайманды кутудан чыгарып, иштегенине тоскоолдук кылган ар кандай таңгак материалдарын алып салыңыз.
Түзмөктүн бүтүндүгүн текшерип, эгер кандайдыр жери бузук же сынык болсо, колдонбоңуз.
Көңүл буруңуз! Муздаткычты көтөрүп ташуу үчүн туткасы толугунан астынкы абалында болгондо гана ачса болот.
ТҮЗМӨКТҮ КОЛДОНУУ
1. Муздаткычты автомобильде тармакка (12 В) кошуу үчүн шнурду (8) колдонуңуз.
2. Шнурдун (8) сайгычынын бир жагын чылым тутандыргычтын уясына, ал эми башка жагын азыктандыруу уясына (9) сайыңыз.
3. Которгучту (7) муздатуу «COLD» абалына коюңуз.
4. Муздаткыч иштеп баштайт.
5. Шайманды өчүрүү үчүн которгучту (7) «OFF» абалына орнотуп жана боону азык булагынан өчүрүп салыңыз.
6. Ыңгайлуу көтөрүп ташуу үчүн түзмөк тутка (4) менен жабдылган, вертикалдуу абалында тутка (4) муздаткычтын капкагын (2) ачуусуна
жол бербейт.
Эскертүү
Муздатуу шарттамында жашыл индикатор (6) күйөт.
Топтомуна муздаткычтын ички жагын бөлүү жана азык-түлүктөрдү бөлүп сактоого арналган бөлүүчү панжарасы кирет.
Панжараны орнотуу үчүн аны тикесинен кармап, атайын оюктарга киргизип, аны токтогонуна чейин ылдыйлатуу зарыл.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Шаймандын нормалдуу иштөөсү үчүн жакшы желдетүү зарыл.
Панжараларынын (3) тосулушуна жол бербеңиз.

Похожие устройства

Скачать