Vitek 8142-VT-01 [21/24] Кыргыз

Vitek 8142-VT-01 [21/24] Кыргыз
21
КЫРГЫЗ
эгерде алардын коопсуздугуна жооптуу адам
аларды көзөмөлдөп же нускамалоо болбосо
колдонуу үчүн ылайыкташтырылган эмес.
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени
үчүн аларга көз салуу зарыл.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуздар! Полиэтилен баштыктар
же таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз. Тумчуктуруунун коркунучу
бар!
Шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
Электр шнурун жана кубаттуучу розеткасынын
абалын бузулуулар болбоо үчүн мезгилдүү
түрдө текшерип туруңуз.
Электр шнурунун, кубаттуучу сайгычынын
бузулуулары бар болсо, шайман иштеп-
иштебей турса же кулап түшкөндөн кийин анын
иштетүүсүнө тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген жеринде сактаңыз
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТТАРДА
КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН.
ШАЙМАНДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА
ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ
ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ
САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада түзмөктү
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
Шайманды таңгактан чыгарып, болгон таңгак
материалдары менен чаң соргучтун нормалдуу
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кыл
чаптамаларды алып салыңыз.
Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо шайманды колдонбоңуз.
Шайманды иштетүүнүн алдында иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ КУРАШТЫРУУ
Ийилчээк түтүкчөнү орнотуу жана чечүү
Ийилчээк түтүкчөнүн учун (8) аба алуучу
тешигине (9) салып, аны саат жебесинин
багыты боюнча бекитилгенине чейин бураңыз.
Учту бир аз күч салып орнотуңуз.
Ийилчээк түтүкчөнү чечүү үчүн ийилчээк
түтүкчөнүн учун (8) саат жебесинин багытына
каршы бурап, түтүкчөнү ажыратыңыз.
Узарткыч түтүкчөсү менен саптамаларын
орнотуу
Узарткыч түтүкчөнүн (3) эки бөлүгүн бир бирине
туташтырып, ийилчээк түтүкчөнүн туткасына (5)
туташтырыңыз.
Керектүү саптаманы - жер таман/килем үчүн
универсалдык щетканы (1), эмерек капталын
тазалоо үчүн саптаманы (21) же бириктирилген
саптаманы (20) таңдап, аны узарткыч түтүгүнө
(3) туташтырыңыз.
Керек болгондо саптамаларын (20, 21) ичилчээк
түтүкчөнүн туткасына (5) тике туташтырса
болот.
Түзмөктү иштеткенде ийилчээк түтүкчөнүн
туткасынан (5) кармаңыз.
ЩЕТКА-САПТАМАЛЫН ПАЙДАЛАНУУ
«АСТАНА/КИЛЕМ» которгучу бар
универсальдык щетка (1)
Щеткадагы (1) которгучун (2) керектүү абалына
коюңуз (жыйналып турган бетине карата).
Бириктирилген саптамасы (20)
Жылчык саптамасы радиаторлорду, жарыктарды,
бурчтарды же дивандын жаздыктарынын арасын
тазалоо үчүн гана эмес, эмеректин үстүндөгү
чаңды жыйноо үчүн дагы арналып, щеткадагы (20)
түгү эмеректин жылмалак бетинин бузулуусуна жол
бербейт. Колдонуу мезгилинде щетканы керектүү
абалына келтириңиз.
Саптама (21)
Саптаманы (21) жумшак эмеректин кездеме
беттерин тазалоо үчүн колдонуңуз.
Чаң топтогуч контейнери (7)
Чаң топтогуч контейнери циклондуу чыпкасы
менен жабдылган, ал кирген абадан чаң жана
шыпырындыны токтотуп, ал эми аба чыгуучу
поролон чыпкасы менен НЕРА-чыпкасы (18) болсо
чаңдын майда бөлүктөрүн токтотот. Тор чыпкасы
(19) НЕРА-чыпканы шыпырынды менен чаңдын чоң
бөлүктөрүнөн сактайт.
Эскертүү:
аба чыгуучу поролон чыпкасы менен НЕРА-
чыпкасын (18) ар дайым тазалыкта
сактаңыз, себеби чаң соргучтун ишинин
эффективдүүлүгү ага байланыштуу болот.
ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ
Коопсуздук чаралары
Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл
салгычтардын тикеден-тик жакынчылыгында
жана тез жалындап кетүүчү суюктуктар
сакталган жеринде чаң соргучу иштетпеңиз.
Шайманды колдонуудан мурун анын бузулусуна
жол бербөө үчүн жерден учтуу заттарды алып
салыңыз.
IM VT-8142.indd 21 8/25/20 2:41 PM

Содержание

Скачать
Случайные обсуждения